|
|
Сөзү : Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : Эрмек Мамбетов жана Мирлан Ниязалиевдики
Кыялда кымбатым бар аздектеген,
Кышы жай кучагынан жаз кетпеген,
Бар болсоң жер бетинде сен чындап эле,
Бактыма жолугамын албетте мен.
Өмүрдө жарык болуп таралгыдай,
Көңүлдө алтын күндөй жаралдың ай,
Булутка жашынбастан көрүнчү бир,
Бул дүйнө сүйүүсү жок караңгыдай.
Кайырма:
Сүйүүм бол жазды алып келген,
Шыбырап жашыл бариктерден,
Күнүм бол мага жарык берген,
Жалынга толсун жүрөк,
Жанар тоо болсун жүрөк жанып сенден.
Кыздарга кыйын экен уяң болгон,
Кымбатын арбай албай убал болгон,
Кыйналбай айткым келет сүйөмүн деп,
Кыялым калбас үчүн кыял бойдон.
Кайырма:
Күтүп сени жатам
Эми качан
Деги качан кезигем...
Жаңы жыл кирип келди элибизге,
Күлкү менен шаттык ар бир үйгө.
Аткарылып максат, биздин ойлор
Жаңы тилек, жаңы жашоо
Адамзаттын тазартып дүйнөсүн
Жааган кардай тунук, аппак болсун.
Кайырма:
Жаңы жыл келсин, бак-таалай берсин
Ынтымык болсун, ырыскы толсун
Жаңы жыл кесин, жакшылык берсин
Кыргызды дайым Кыдыр колдосун.
Эгемен элибизге ачык асман,
Бактылуу болсун дайым ар бир инсан.
Каалоо тилек, өмүрдү тилеп,
Тынчтык тилеп дайым бирге
Биз ырдайлы жанып элибизге,
Өсө бергин менин Кыргызстаным.
Сөзү : Жумали Сопуевдики
Обону : Жумали Сопуевдики
Бир көрүштө алтыным, арбап мени алдың,
Жүрөгүмө махабат, сүйүү отун салдың.
Ак маралдай келбетиңе менин сугум артып,
Айдай сулуу жүзүңө ашык болуп калдым.
Жаралады жүрөктү ак куу сымал элесиң,
Кыйноо салып сезимге тынчтык бербей келесиң.
Сен жылмайсаң жаным көрккө толуп айлана,
Шоола чачып көзүңдөн жүрөккө дем бересиң.
Кайырма
Жаныңа барсам жанаша,
Тартынам тике караштан.
Эй сулуу, сөзүмдү угуп,
Түшүнсөң боло садага.
Күйдүрүп жаным жүрөктү,
Бурулуп тетири караба.
Ак сүйүүң чын экенби деп,
Ишенсең боло садага.
Саргаямын сени карап сары жалбырактай,
Айтчы жаным, тезирээк мени жалдыратпай.
Сен да мени алтыным, жактырарың айтсаң,
Жүрөйүн мен ак сүйүүмдү жүрөгүмө сактай.
Асмандагы ай жылдыздай жаркырап жаналы,
Кол кармашып түбөлүк жанаша басалы.
Махабаттын туптунук кенен дайрасында,
Ак сүйүүнүн кемесинде биз бирге агалы.
Сагыныч сапарында,
Санаанын катарында.
Адашып таппадым, ак сүйүү татаарымда.
Түндө ай мен да жалгыз,
Түйшөлдүм жүрөм алсыз.
Бактыма ким болду экен,
Бал ширин сулуу ал кыз
Ашыгып, шашылам, кабарын таппай.
Бактыма ачылган, кубанычка батпай.
Кайырма:
Ай чырайыңды сүйүп келем,
Назданасың жаным.
Ай кучагында гүлүм берем,
Ой кыялымды самап жүрөм
Кызганамын жаным
Мен сагынычта жашап жүрөм.
Жомоктой эскирбеген,
Жел окшойт жеткирбеген.
Махабат сезимдери табышмак эч билбеген
Мен ошол билбегеним,
Бактымды издегеним,
Сапарга чыктым алыс,
Жаз менен бир келемин.
Ашыгып, шашылам, кабарың таппай.
Бактыма ачылган, кубанычка батпай.
Кайырма:
Билем кечиктим, эми жүрөм сагынып,
Тагдырымдын тартып жазганын.
Жашайм өзүң деп, үмүттөргө алданып,
Жан дүйнөмдүн жазган жалганын.
Кайырма:
Убарамын мен сени унута албай,
Термелип ойлор бөлүп,
Кете албадым башкага көнүп
Кубанамын сенин көздөрүң эстеп
Жолуңду карап эңсеп
Жүрөмүн издеп.
Келчи кайрылып, бирок унут өткөндү,
Экөөбүздү бөлгөн жалганды.
Бирге кечебиз, ушул турмуштун жолун,
Аттап өтүп күйүт, арманды.
Кайырма:
Кереги жок эмне?
Кээде сүйлөп жалган.
Баскан жолдон адашкан,
Кезек келер эми.
Кээ бир сөздү айткан,
Арман кылбай сырдашкан.
Кайырма:
Ара, ара жолдун кези,
Бара, бара турган жери.
Таарынбачы сөзүмдү алсам бейм,
Табышмакты ортого салсам дейм.
Тамашалап таарынтып алдымбы?
Тагдырлашым өзүңө кайтсам дейм.
Капа болбо эми,
Кайгырбачы деги.
Болду деги бул жалган,
Кайгыланган көздөр.
Каректешкен көздөр,
Ортобузга от салган.
Кайырма:
Сөзү : Ч.Мырзаевдики
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Сабактан шашып, шамдагай басып
Сага көздөй ашыгам.
Ачык айталбай ашыктыгымды,
Көрсөм кайра жашынам.
Кайырма:
Эрке мүнөз кыз элем,
Ойго салдың го жигит.
Байкатпастан басып кирип бардың,
Жүрөгүмдү сен тилип.
Шайыр мүнөзүң, сүйкүм күлөсүң
Көз карашыңды жактырам…
Кайчылаш баспа, айрыба мени
Арзып тапкан бактыма.
Кайырма:
Эрке мүнөз кыз элем,
Ойго салдың го жигит.
Байкатпастан басып кирип бардын,
Жүрөгүмдү сен тилип
Капалыктын жарчысы,
Жан дүйнөмдү булгады.
Жамгыр төккөн талаада,
Жылаңайлак мен чуркадым.
Эрким жетпей сага багынып,
Чоң жолдо адашыпмын.
Чалынып сенин торуңа,
Жашапмын кайгыда.
Коё бергин мени, кайгы,
Мен эми башкамын.
Канат байлап колума,
Учуп чыгам алыска.
Канча кырды аша албай,
Өз оюма жете албай.
Кыял ичтен шыбырап,
Үнүм чыкпай түш курап.
Жүрөгүм соккон дабышы,
Сага багына албады.
Учкан ой үмүт тапканда,
Түшүндүм баарына.
Коё бергин мени, кайгы.
Таң-таң, таңдагы арман
Таң-таң, таңдагы арман
Айдын шооласы жарыгын чачкан
Махабат сүйүү түгөнбөс дастан
Асмандагы жылдыздарга жете албай калган,
Жүрөктө арман.
Таңдагы арман, таңдагы арман
Таңдагы арман
Айдын шооласы жарыгын чачкан
Махабат сүйүү түгөнбөс дастан
Айдын шооласы жарыгын чачкан
Махабат сүйүү түгөнбөс дастан
Асмандагы жылдыздарга жете албай калган,
Жүрөктө арман.
Таң-таң, таңдагы арман
Таң-таң, таңдагы арман
Сагындым өткөн жаштык кезимди,
Сабалап учкан тунук сезимди.
Сагындым өткөн жаштык кезимди,
Сабалап учкан тунук сезимди.
Сагындым өткөн жаштык кезимди,
Сабалап учкан тунук сезимди.
Сагындым өткөн жаштык кезимди,
Сабалап учкан тунук сезимди.
Кыялымда жашап калдың,
Укпайм сөзүңдү, таппайм өзүңдү.
Таң-таң, таңдагы арман,
Таң-таң, таңдагы арман
Кайырма:
Жамгыр жаап көктөн,
Жан дүйнөмдө көктөм.
Жаным сен деп жашымды төккөм,
Жалбырттаган чоктой,
Жалындаган оттой,
Эриндериң эрдимен өпкөн.
Сен дегенде учкум келет булутту айдап,
Сезимдерде сүйүү жалындайт.
Тосуп алчы гүл кучактап жашырган бактым,
Барам сага тагдырым байлап.
Кайырма:
Жаралуу жүрөгүмө тумар тактың,
Жыргалга баттым
Махабаттын алгач балын таттым,
Жан дүйнөмдө жалгыз адам,
Жашайт түбөлүк.
Бакыт издеп сүйүүмдү таптым.
Кайырма:
Сөзү : Каныкей Алымбекованыкы
Обону : Каныкей Алымбекованыкы
Ойлорумдан кетпей койду ал өңдөр,
Ойлондурду мени кайра ал түндөр.
Бийиги чоң бурулбаган аскалар,
Бурулбаса да, адамдар табышаар.
Кайырма:
Кайрылбай жандар кетсе,
Капага малынган кезде, аай,
Турналар учкан кезде,
Туруп кала берсек эмне?
Ойдуңү чоң орундалган агымдар,
Оргуштап аккан күндөрдү да табаар.
Асылы бар аргымактуу адамдар,
Алтын жерден кетип кайра, кайда бараар.
Кайырма:
Тура албай калгандар,
Кайра, кайда бара алаар.
Мейли кетсе, бирок
Тагдырлар жолугаар.
Сөзү : Аида Усубалиеваныкы
Обону : Аида Усубалиеваныкы
Я подарил любовь свою,
Небо, звёзды и луну.
Словно пламенем горю,
Но небо, звёзды и луна.
Будто молния, гроза,
Разделила нас судьба.
Кайырма:
Ты вспомни те,
Те дни, что мы были с тобой.
Радость, смех носили с собой,
Озоряла жизнь нам счастье и смех.
Дождь, как наивно я мечтал,
Безответно я страдал.
И в душе один обман,
Ты всё равно придёшь ко мне.
Рассветут сады везде,
В сердце вновь наступит весна.
Тоолор, бийик тоолорум,
Зоолор, көрктүү зоолорум,
Мен сени алыстан сагынып келемин,
Эңсеп келген сүйкүм элесиң
Кайырма:
Сени унутпаймын көпкө тоолор
Эңсеп берген сенин демиң
Элесиңе кумар канбайт тоолорум менин,
Көркөмүндү эңсеп бийик зоолор
Шашкыратма сууну бойлоп жүргөн кезим,
Түшөт эске балалык кездер.
Жазда, абаң жып-жылуу,
Таңда көркүң суп-сулуу
Куштарың макуамдуу кубулжуп сайраган
Гүлдөрүң жол турат жайнаган.
Кайырма:
Тоолор, бийик тоолорум,
Зоолор, көрктүү зоолорум,
Мен сени алыстан сагынып келемин,
Эңсеп келген сүйкүм элесиң
Кайырма:
|