|
|
Сөзү : Жыпар Исабаеваныкы
Обону : Асеманыкы
Сен өзүң ыр окшойсуң түгөнбөгөн,
Эриниң, каректериң, каштарың да.
Асем кыз айтып, жазып бүтө албаган,
Ыргагы окшойт ырдын басканың да.
Кайырма:
Ах, кандай кереметсиң, жакшынасың,
Саат санап сагынтасың, жакшырасың.
Акылдан адаштырып, айтчы неге?
Ар башка азабыңды тарттырасың?
Мен сени жазып бүтпөйт көрүнөмүн,
Элесиң ээрчийт, ойго чөмүлөмүн.
Көлкүлдөп ырга айланып өзүм дагы,
Ак кардай кагазыма төгүлөмүн.
Сөзү : Кайрат Примбердиевдики
Обону : Максат Сабырбек уулунуку
Сырымды сага айталбадым,
Өзүмчө ичимден сыздаймын,
Калбады баш ийбеске башка аргам.
Кусалыгымды сен сезбейсиң,
Сен да башка жанды эңсейсиң,
Негедир абалы эки жүрөктүн окшошуп калган.
Кайырма:
Азыр мен сени сүйбөймүн,
Сен дагы мени сүйбөйсүң.
Кандай болот турмушубуз,
Мен бушайман?
Мен дагы каалабасам да,
Калбады сенде да айла.
Тагдырыбыз экөөбүздүн тушалган.
А балким махабат бизде да жаралат.
Сезимге биздин эч карабай,
Ата-энебиз бизди кыйнады, ай.
Айласыз баш кошобуз,
Бул дүйнө жалган.
Ажалга өзүмдү кыйсамбы?
Же укпастан кетип калсамбы?
Түшүнбөй койду эч ким жардам берчи,
Оо, Жараткан!
Кайырма:
Сөзү : Г.Садыбакасованыкы
Обону : Г.Садыбакасованыкы
Кой дебедим жөнү жок шашсаң да,
шылтоолоп качсаң да.
Кой дебедим кайрылбай кетсең да,
азапты чексем да.
Ой тилегим чачылды сыздадым,
арманда ыйладым.
Кой дебедим калтырып көңүлүңдү,
кайгыга салсаң да.
Кайырма:
Сүйүүгө ишенем,
Мен үчүн барсың ар дайым.
Жүрөктү ээлеп сен,
Түбөлүккө эсте калдың.
Махабат кайдасың, ак сүйүүм,
Кайдасың, кайдасың сен, кайдасың сен.
Сүйүүгө ишенем,
Мен үчүн барсың ар дайым.
Жүрөктү ээлеп сен,
Түбөлүккө эсте калдың.
Махабат кайдасың, ак сүйүүм,
Кайдасың, кайдасың сен, кайдасың сен.
Кел дебедим сагындым өзүңдү,
самадым көзүңдү.
Кел дебедим, зар кылдың көңүлдү,
саргайтып сезимди.
Кел дебедим көрүнбөй жолумдан,
кетпедиң оюмдан.
Кел дебедим, ууланды жүрөгүм,
уурдалды тилегим
Көңүлүмө бөлүнүп,
Мээримиңе чөмүлүп,
Бир өзүңө суктанам,
Жамгыр болуп төгүлүп.
Мен да ыраазымын сага,
Ушул келген бактыма,
Жалгыз жүрөгүм эңсейт сени гана!
Кайырма:
Жүрөгүмдөн чыккан сырларым,
Кубандырып турабы?
Махабаттын сүйүү ырларын,
Сага гана арнайын.
Жаркыраган жылдызым,
Жалгыз сенсиң ырысым.
Жан жүрөктү эргиткен,
Жалгыз сүйүүм сен белең?
Мен да ыраазымын сага,
Ушул келген бактыма,
Жалгыз жүрөгүм эңсейт сени гана!
Кайырма
Көңүлүмө бөлүнүп,
Мээримиңе чөмүлүп,
Бир өзүңө суктанам,
Жамгыр болуп төгүлүп.
Мен да ыраазымын сага,
Ушул келген бактыма,
Жалгыз жүрөгүм эңсейт сени гана!
Кайырма:
Жүрөгүмдөн чыккан сырларым,
Кубандырып турабы?
Махабаттын сүйүү ырларын,
Сага гана арнайын.
Жаркыраган жылдызым,
Жалгыз сенсиң ырысым.
Жан жүрөктү эргиткен,
Жалгыз сүйүүм сен белең?
Мен да ыраазымын сага,
Ушул келген бактыма,
Жалгыз жүрөгүм эңсейт сени гана!
Кайырма:
Таарынбачы себеби жок,
Таарынчааксың сен эби жок.
Сулуулуктун сымбатына,
Таарынгандын кереги жок.
Кайырма:
Көздөрүңдүн карасы,
Жүрөгүңдүн жарасы.
Кыйноо салбай жаныма,
Абалыма карачы.
Ойлоп көрсөм теңсинбейсиң,
Ыйласам да мемирейсиң.
Ашыктыктын ак жолунда,
Адашууга жол издейсиң.
Кайырма:
Каалайсыңбы мен шүүдүрүм болоюн,
Көз жашыңдай мөлт деп чөпкө кулаган.
Үшкүрүктү шамал кылып коёюн,
Үлбүрөтүп саамайың сылаган.
Кайырма:
Не кааласаң ошолоруң болоюн,
Асман, жериң, күнүң, айың, шамалың.
Суранарым кыйыны да оңоюн,
Сүйөм деген жалгыз сөзгө жарагын.
Каалайсыңбы сен уктасаң ийилип,
Көлөкөлөп талың болуп өсөйүн.
Ошончолук канча болсо тирүүлүк,
Өзүң менен бир жашап өтүйүн.
Кайырма:
Не кааласаң ошолоруң болоюн,
Асман, жериң, күнүң, айың, шамалың.
Суранарым кыйыны да оңоюн,
Сүйөм деген жалгыз сөзгө жарагын.
Жаш жүрөктү ээлеген,
Таңкы салкын жел менен.
Арзуум, менин берекем,
Сенсиң менин эркем.
Үмүт үзбөй мен күтөмүн,
Сен үчүн жашап жүрөмүн.
Өзүңдү жакшы көрөмүн,
Өзгөчө сүйүп жүрөгүм.
Кайырма:
Кайдасың, менин ардагым?
Ыр жаздым, сен деп ырдадым.
Жазыксыз жүрөк ооруду,
Билгизбей ичтен сыздадым.
Жашоомдун сенсиң кызыгы,
Жүрөктүн сенсиң ырысы.
Сен менин жашоо таалайым,
Сен болдуң менин маанайым.
Кайдасың махабат арманым,
Кусадан калбады дарманым.
Каректен кетпейт элесиң,
Кайрылып качан келесиң?
Кайырма:
Дискотека түнкү Бишкекте,
Достор менен жүрөм кечинде.
Мага жандап күлгөн жигиттин,
Көз карашы дале эсимде.
Кайырма:
Айта албайм сенин атыңды,
Айланттың го менин башымды
Бир канча бийге барсам да,
Тартынып бийге тартпадың
Сүйлөшүп жүрдүк бир далай,
Ал учур мага жыргал, ай.
Бир канча ойду айтсам да,
Түгөнбөй койду сырлар, ай.
Кайырма:
Билем, жаным, сен кайрадан келесиң,
Бирок, жаным, анда баары кеч болот.
Гүлдөр соолуйт, биздин жолду көрктөгөн,
Биз таптаган чыйыр жол да жок болот.
Кайырма:
Ооба, билем, кеч түшүнүп баарына,
Келгениңде мен жолуңда жок болом.
Желбиреттиң, жете албадың баркыма,
Жакшы ыр элем, жалгыз элем мен сага.
Өтөт, кетет, өчөт жарык, сен гана,
Өзгөлөрдөн өзгөчө элем не санаа.
Өрттөп турат өзөгүңдү бир кезде,
Жарык элем, жамгыр элем мен сага.
Кайырма:
Сен келесиң, сен кайрадан келесиң,
Кеткеним чын, эми сага кайрылбайм.
Түңүлөсүң түпкүрүндө санаанын,
Түштөрүңө жаап өтөм жамгырдай.
Кайырма:
Сөзү : Сейит Жээнбаевдики
Обону : Фархат Юлдашевдики
Алтыным, биз жоготкон жомокторго кайрылдым,
Аргасыз ал күндөргө мен кайгырдым.
Канат элең жалгыз сен бактымдын,
Көлөкөм, көздөрүмдөн учуп турат карааның.
Алыстап кеттиңби, менин аралым,
Салмагын тартып келем мен санаанын.
Кайырма:
Эми арманда калдым го,
Жүрөктөгү махабатты чандың го.
Тамчылаган көз жашым,
Тагдыр бизди азабына салды го.
Тумарым, өзүңдү эстеп мен жалгыздап турамын,
Угамын, алыстан үнүң угамын.
Баары бир жүрөгүм сага сунамын,
Кыялым кызгалдак гүлдөй соолуп мен кыйналдым.
Кылчактап карааныңды эч кыйбадым,
Жалгыздыктан ааламга мен сыйбадым.
Кайырма:
Эми арманда калдым го,
Жүрөктөгү махабатты чандың го.
Тамчылаган көз жашым,
Тагдыр бизди азабына салды го.
Ошондо курдашымдын кечесинде жолуктук.
Кара көз сулуу жигит, күлүп калдың өзүмө.
Сен кеттиң такси менен
Менден узап алыска,
Мен калдым жалгызсырап
Жол четинде жалдырап.
Кайырма:
Такси, такси, токто, такси,
Менин сүйүүмдү алып кетпечи...
Кыялымда үмүт менен кууп жетем өзүңө,
Сен узасаң алыстап, жетпей калдым өзүңө.
Капасында камалып көрбөсөм да жамалың
Махабатка багынып сени жүрөм сагынып.
Кайырма:
Сөзү : Элдики
Обону : Элдики
Оо адамдар силер кезип талааны,
Көрдүңөбү ал талаада мазарды.
Ал мазарда жатат менин Айгүлүм,
Түбөлүккө жумган кара көздөрүн.
Айгүлүм.
Түбөлүккө жумган кара көздөрүн.
Турмуш деген зымыраган машина,
Балдар барат кыздарына шашыла.
А мен болсо гитарамды муңкантып,
Отурамын сүйгөнүмдүн жанында.
Айгүлүм.
Отурамын сүйгөнүмдүн жанымда.
Оо карындаш неге мынча карайсың?
Мен бул жакка келгеним жок кыз тандап.
Дал өзүңдөй сүйгөнүм бар Айгүлүм,
Бирок жатат муздак жерди кучактап.
Айгүлүм.
Бирок жатат муздак жерди кучактап.
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Сагынамын сени, кыйнабачы мени,
Күтө берем, ардагым.
Сагынамын сени, сагынтпачы мени,
Сүйөм сени ар дайым.
Негедир сагынамын, жаным, сени тез эле,
Көргүм келип мен өзүңдү.
Күндөрүм ай-жылдардай болуп мага сезилет,
Уксам дейм сенин сөзүңдү.
Кусалык жүрөгүмө толуп мени кыйнады,
Элесиңе мен зар болуп.
Көңүлгө сенден башка эч бир адам сыйбады,
Өзүңсүз дүйнө тар болуп.
Сагынамын сени, кыйнабачы мени,
Күтө берем, ардагым.
Сагынамын сени, сагынтпачы мени,
Сүйөм сени, ардагым.
Күтүүгө чыдамым жок көрүнөмүн, секелегим,
Таба алсамчы бир айла.
Кезигип, келет сага кечке чейин эркелегим, Эркелетип сени кайра.
Кусалык жүрөгүмө толуп мени кыйнады,
Өрт болуп сенсиз бул аалам.
Көңүлгө сенден башка эч бир адам сыйбады,
Өксүтпөй келчи, суранам!
Сагынамын сени, кыйнабачы мени,
Күтө берем, ардагым.
Сагынамын сени, сагынтпачы мени,
Сүйөм сени, ардагым.
Баёо сезим артта калып,
Балалыктан өттүкпү.
Жан дүйнөмдүн аруу, таза,
Табышмагын төктүкпү.
Ар бир кадам алга карай,
Суроо менен ташталат.
Мындан ары бизде дагы,
Ойлончу кез башталат.
Кайырма:
Күч берчи, кубат бер,
Кубандырып турайын.
Кубалашып кумар менен,
Куттуу үйүн курайын.
Ак берчи, акыл бер,
Адал такка коноюн,
Ата-энемдин ак эмгегин,
Актагандай болоюн.
Өкүнбөймүн, өтүнбөймүн
Кайра тартып бергениң.
Себеп ошол сен да, мен да
Эрезеге келгенмин.
Теңир тиреп, тилек берсе,
Тик аскага асылбай
Акырында бакыт багын,
Багбан жандай асырай
Кайырма:
Турмуш жолу туйласаң да,
Тумарыңдан тарттырбай.
Туткун болбой туу курса да
Сураганың алдырбай.
Актык менен, адал менен,
Алга карай умтулсам,
Алла Таала арнагандан,
Кур кол дайым калтырбай
Кайырма:
|