|
|
Сүйүүдө сөздүн не кереги?
Жылмайып күлүп кой сен эми.
Сыр катат жүрөктүн тереңи,
Сен мага берген сезим белеги.
Сен айдын нуру менен кошо төгүлүп,
Ажарың арбап, махабатка бөлөнүп.
Көздөрүңдөн сүйүү көрүнүп,
Ажарың артып арбалам сага.
Жылдыздуусуң көзүң жайнаган,
Жылуу жүзүңө мен арбалам.
Элесиңди тартып жүрөккө,
Эркетайым, мен сага мен байланам.
Акыр тагдыр экөөбүздү кошкон жок,
Ак сүйүүнүн убалынан корккон жок.
Бирге басып сыр чечишчү күндөрдө,
Эки жүрөк бир мезгилде соккон жок.
Кайырма:
Мен ыйладым сен жар болуп жатканда.
Мен сыздадым сен жыргалга батканда.
Ары карап көрмөксөнгө салдың сен,
Көздөн жашым мөлт-мөлт этип акканда.
Айла канча, тагдырыма таарындым,
Жардам сурап Кудайыма жалындым.
Эч ким мени аябады, укпады,
Арман жашоо айланып сага кабылдым.
Кайырма:
Мен сенден, мен сенден сүйүү күтөм,
Жан дүйнөм аруулаган, аруулаган.
Жалындап, жалындап нурга бөлөп,
Балбылдап күйүп-жанган, күйүп-жанган.
Кайырма:
Мен сенден сүйүү күтөм,
Таңдагы шүүдүрүмдөй.
Көңүлдү көкөлөткөн,
Жылдыздын үзүгүндөй.
Мен сенден сүйүү күтөм,
Акындын жакшы ырындай.
Сүйүү деп зар какшаткан,
Жүрөктүн бар сырындай.
Мен сенден, мен сенден сүйүү күтөм,
Күн сымал жаркыраган, жаркыраган.
Мээримдүү көз карашың, мээримдүү,
Заматта тартып алган, тартып алган.
Кайырма:
Мен сенден сүйүү күтөм,
Таңдагы шүүдүрүмдөй.
Көңүлдү көкөлөткөн,
Жылдыздын үзүгүндөй.
Мен сенден сүйүү күтөм,
Акындын жакшы ырындай.
Сүйүү деп зар какшаткан,
Жүрөктүн бар сырындай.
Мен сенден сүйүү күтөм,
Жан дүйнөм аруулаган.
Жалындап нурга бөлөп,
Балбылдап күйүп-жанган.
Мен сенден, мен сенден сүйүү күтөм,
Жан дүйнөм аруулаган.
Шүүдүрүмдүн көзү жакшы, жалооруп,
Карегиңе ачуу, тунук жаш толуп.
Өзүңө мени кечиргин деп айта албай,
Имерчиктеп кете албадым коштошуп.
Ишенемин, теңиңди тез табасың,
Аз күндө мени унутуп каласың.
Кетпес элең ак жолумдан утургуп,
Сен да мендей тартсаң сүйүү азабын.
Кайырма:
Кош бол эми, жаным,
Ичте калсын алгачкы махабат.
Сурабагын жүрөгүмдөн,
Кечирип кой, сүйүүмдү башкага.
Сен айтпайсың күндөргө күн толгонун,
Мен да айтпаймын жүрөккө муз тоңгонун.
Ичте калсын бизден башка жан билбей,
Не айтылып, ортодо не болгону.
Кечирип кой ак сүйүүмдү башкага,
Арнаганмын, кайрый албайм аркага.
Каалаганың алгын менден, а бирок
Муктаж болбо, менден сүйүү сураба.
Кайырма:
Я помню наши прекрасные дни,
Как мы шептались с тобою в ночи.
И мне казалось как будто во сне,
Ты улыбалась нежно мне.
Как сладко мы целовались с тобой,
Я так хочу чтоб ты знала - я твой!
И в этот миг ты сказала любя,
Навеки, ты любовь моя!
Припев:
Где ты, нежный мой ангел земной?
Помни, что всюду с тобой,
Сердце моё и любовь.
Я прошу, останься со мной.
Бывают ссоры с тобой ну и пусть,
Ведь ты же знаешь, у нас один путь.
Ты смысл жизни моей мой малыш,
Я посвящаю тебе, ты услышь!
Привет:
Жалжалым, карааныңды эстей албай,
Кусадан сагынычым тарабай.
Жашоонун жакшылыгы эмнеде,
Сезимим бактыман кетсең?
Билмексен болуп неге сен жүрөсүң?
Билсең да, жүрөгүмдү кыйнайсың.
Сырыңды неге менден жашырып,
Көркүңдү жазчы, жылмайып.
Кайырма:
Жүзүң сезилет кайра-кайра,
Сагынам, ойлоп күн-түн.
Жүрөгүмө кайгы толду,
Келчи, жаным, мага кайра.
Негедир таарынып сен жүрөсүң,
Кечиргин, негизи, мен күнөөлүүмүн.
Эстечи эстен кетпес күндөрдү,
Мээримдүү айлуу түндөрдү.
Кайырма:
Айкөл белең ак атчан?
Алып учат канатчан.
Күтүп келем күүгүмдө,
Күлкүң менен таңды аткам.
Бактым белең жаралган,
Балбылдагым, маралдай?
Багынамын мен ай, ай...
Жомогуңда жолугам,
Жоодар көздүү, боз улан.
Жолдорубуз жоогазын,
Жоготуудан чочулайм.
Түшүмдөгү боз улан,
Түйшүгүмсүз тосулган.
Түгөнөмүн мен...
Кайырма:
Так алдында бийлеп берем сага,
Тамшандыра сүйлөп берем жага.
Таңыбызды тамчылардай тунук,
Каалап келген тилектерим таза.
Сагынамын, айта албайм,
Сансыз ирет кайталайм.
Сага деген ак кептер,
Саргаят го, жете албай.
Кымбатымсың, берекем,
Кыя албаган көлөкөм.
Көңүлүмдө сен ай, ай...
Кубанычым кубалап,
Куса менен кур калам.
Кум ойногон тараза,
Куру белең убара.
Махабатым арзыган,
Маңдайыма жазылган.
Магдыраймын мен...
Кайырма:
Элесиң көз алдымда,
Карагансыйт таарына,
Салып сүйүү зарына мени.
Сүйөрүңдү башканы,
Чындык сенден качканы,
Өкүндүрүп, сыздатты мени.
Алсыраган жүрөгүм сыздап, ыйлады,
Сезимге кайгы толуп,
Неге тагдыр мени кыйнады?
Кайырма:
Бакытым белең мага бир келген,
Жалындап жүрөк эңсеген?
Көктөн тилеген күндөрүм менин,
Кеттиби, жаным, сени менен?
Үмүттөр өчпөй, сезимди өрттөй,
Жалгызым, сени кыйбадым,
Тагдырым, неге мени кыйнадың?
Таразасыз тагдырдын таламына батырдың,
Таштак жолго калтырып мени.
Мейли мезгил, жыл өтсүн,
Мейли сенсиз күн өтсүн,
Сүйө берем түбөлүк сени.
Алсыраган жүрөгүм сыздап, ыйлады,
Сезимге кайгы толуп,
Неге тагдыр мени кыйнады?
Кайырма:
Жалжалым, карааныңды эстей албай,
Кусадан сагынычым тарабай.
Жашоонун жакшылыгы эмнеде,
Сезимим бактыман кетсең?
Билмексен болуп неге сен жүрөсүң,
Билсең да, жүрөгүмдү кыйнайсың.
Сырыңды неге менден жашырып,
Көркүңдү жазчы, жылмайып.
Кайырма:
Жүзүң сезилет кайра-кайра,
Сагынам, ойлоп күн-түн.
Жүрөгүмө кайгы толду,
Келчи, жаным, мага кайра.
Негедир таарынып сен жүрөсүң,
Кечиргин, негизи, мен күнөөлүүмүн.
Эстечи эстен кетпес күндөрдү,
Мээримдүү айлуу түндөрдү.
Кайырма:
FM менен, FM менен,
Үналгыдан тыңдап келем.
Булбул үндүү, асыл ойлуу,
Алып барат ди-джей эжем.
Кубулжутуп ыр коюшат,
Куттуу кыргыз элине.
Кубанычты тартуулайбыз,
Кут төгүлгөн жериме.
Кайырма:
Радио, радио,
Таңшып турган радио.
Жан эргиткен жаңы ырларды,
Бере турган радио.
Тунук аба толкунунда,
Таңшып ырдайт уул-кызы.
Элин-жерин даңазалап,
Касиеттүү кыргыздын.
Ар бир үйгө, угарманга,
Куттук айтып келишет.
Шаттык менен кубандырып,
Ырдестени беришет.
Кайырма:
Жаным сүйүп, жандай көргөн жар элең,
Маңдайымда күйүп турган шам элең.
Сен бир булбул бутагында сайраган,
Сен бир мага көлөкөлүү жар элең.
Кайырма:
Өткөн күндү сен эстедиңби,
Жүрөгүмдү эзбедиңби сен.
Көрбөй калсам сени,
Сагынчу элем, мен күтүп сени.
Сүйүү оту жанбай калды бизде эми,
Балким, анда жок күнөөбүз, билбейм деги.
Махабаттай арман барбы бул дүйнөдө?
Эске салып өкүнөбүз биз да эми.
Кайырма:
Жалындап өзүң,
Ортодо жайнап турду көзүң.
От болду сезим,
Сырымды билбей сен кеттиң.
Жалындап өзүң,
Ортодо жайнап турду көзүң.
От болду сезим,
Сырымды билбей сен кеттиң,
Жылдар өтсүн арадан...
Жаным сүйүп, жандай көргөн жар элең,
Маңдайымда күйүп турган шам элең.
Сен бир булбул бутагында сайраган,
Сен бир мага көлөкөлүү жар элең.
Кайырма:
Кубанып айтып берем сизге өзүм сырымды,
Оболоп ырдап берем ырларымды.
Жан дүйнөм ашык болуп,
Жылдыздай жарык болуп,
Жүрөктөн ыр сунам сизге.
Кайырма:
Кубанычым сен, байлыгым да сен,
Сырым дагы, сыймыгым да, ырым өзү сен.
Кубанычым сен, байлыгым да сен,
Сырым дагы, сыймыгым да, ырым өзү сен.
Ыры бар, байлыгы жок инсан экен дебегин,
Жан дүйнөм ырга толо бай деп билемин.
Бийикке канат бергин, элиме кубат бергин,
Арналган ырларымда...
Кайырма:
Жан дүйнөм жарык,
Алыс учкан жылдыздай.
Кайырма:
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Мен күткөн ханзадам,
Сени көрсөм кубанам.
Жашоомо көрк берген,
Бакытым - сен.
Кайырма:
Сен менин - ачык асманым,
Сен менен атсын ак таңым.
Соолубас бейиш көлүндөй,
Сүйүүбүз биздин жашасын.
Сагынам зарыга,
Алыстасаң жанымдан.
Өмүрүм сен менен,
Жүрөгүм - сен.
Кайырма:
Баал тилдүү, шириним,
Сөзүң мени жибитет.
Жүрөккө сөзү өткөн,
Жалгызым – сен.
Кайырма:
|