|
|
Жайлоодо өткүн өтүп, ыбыр-дыбыр,
Жүрөгүм эмнегедир ымыр-чымыр.
Карачы, нота билип калганда не ай,
Угулат музыкалуу бир сонун ыр.
Кайырма:
Аттиң, аттиң, аттиң, аттиң,
Музыкалык сабатым жок,
Кушка окшош уча турган канатым жок.
Жайлоодо булак үнүн угам жыргап,
Теребелде сүйкүм добуш, сүйкүм ыргак.
Кагазга нота билсем түшүрсөм не, ай,
Бул ырды жүрбөйт беле ар ким ырдап.
Кайырма:
Аттиң, аттиң, аттиң, аттиң,
Музыкалык сабатым жок,
Кушка окшош уча турган канатым жок.
Таңшыган кыл кыякта назик кылдай
Боз чымчык сайрап жатат жаны тынбай.
Кагазга нота билип түшүрсөм не, ай,
Ордумда тыңшап туруп кадам жылбай.
Кайырма:
Аттиң, аттиң, аттиң, аттиң,
Музыкалык сабатым жок,
Кушка окшош уча турган канатым жок.
I love it how we’re family with everyone we meet
And in the summer almost no one out there on the street
These April showers are what makes you step out of your car
And winter’s hours feel much shorter when you’re at the bar
I fell in love with it the very minute I was born
And, yes, the path we had to go through was laid out in thorns
The mountain highs
And valley lows
This land was destined to be great at anything that goes
Crossing city roads in a traffic jam
Bags in our hands like we don’t give a damn
We used to run the streets, now we’re at the mall
Sipping on Максым by the stall
See me drinking Тан on the boulevard
Laughing at the passing boys acting hard
Coming right up to a club near you
Short skirts, tight jeans, without a clue
“Yo, Nurbek, these girls look so pretty”
Because they come from Bishkek City!
Кайырма:
Bishkek, love you
(Nurbek)
You got my back, I got you
Bishkek, my world
Be with you until I’m old
Bishkek, my town
Perfect places all around
Bishkek, I’m yours
Ain’t no city can come close
(Omar)
One, two, go!
The beauty of a virgin land
You’re my lady, I’m your man
Take a stroll down the avenues
Gorgeous panoramic views
Everything I know I learned from you
When I was a kid you pulled me through
When the sun goes down you come alive
Step out the car – go for a drive
Come on and shine your light, Bishkek
I’m yours forever, I’m yours for life
Кайырма:
Bishkek, love you
You got my back, I got you
Bishkek, my world
Be with you until I’m old
Bishkek, my town
Perfect places all around
Bishkek, I’m yours
Ain’t no city can come close
(Omar)
I’ve been around the world
From Moscow to New York
Dubai and Florida, no city compares to ya
My one and only home
Your streets I call my own
“Every corner has a history”
People fighting for us to be free
Three one two, girls
Everybody make some noise
Three one two, guys
Put your hands up to the skies
Three one two, Bishkek
Let me see you clap your hands
Three one two, DJ
Crank it up and let it play
Дзержинка, Белинка, Аламедин, Карпинка,
Джал, Көк-Жар & Орто-Сай базар.
Туңгуч, Асанбай, three to twelve, Биринчи май,
Ай, ай, кандай жерлер ай, кандай жерлер ай.
Кайырма:
Bishkek, love you
You got my back, I got you
Bishkek, my world
Be with you until I’m old
Bishkek, my town
Perfect places all around
Bishkek, I’m yours
Ain’t no city can come close
Bishkek, шаары
Bishkek, my town
Bishkek, мой город
Bishkek, I love you
Мен сүйүүнү самап,
Көчөнү карап,
Күтпөгөм өзүңдү.
Жагынгым келбейт,
Намыс жол бербейт,
Түшүнүксүз сезимдер ойнойт.
Кайырма:
Сүйүүнү берип кой,
Көңүлдө түркүн ой,
Түш болуп калса, ээ?..
Жатсам деймин,
Эч бир ойлонбой.
Сезимди берип кой,
Ээледи түркүн ой.
Жанымда болсоң дейм,
Өзүң гана.
Аа, көзүңдөн айланам,
Гүл тартып саймага.
Күлбөчү каймана.
Аа, жашаймын жай гана.
Себепкер сезимге,
Асманда ай гана.
Жок, жообун берчи,
Жашырбачы, ачыгын айтсаңчы.
Сүйгөнүм, айтпайм,
Сөзүмдөн кайтпайм.
Сени эми жакшылап байкайм.
Кайырма:
Санаага батып,
Сагынып баркың билемин.
Саналган күндөр,
Саргайып күтүп келемин.
Тундөрүм муздап,
Жүрөгүм сыздап,
Ооруйт көңүлүм.
Түйшүгүн тартып махабаттын,
Сеземин, сеземин...
Кайырма:
Сагындым сени, кантейин эми?
Алыс жактамын, азыр башкамын.
Сагындым сени, кантейин эми?
Алыс жактамын, сагынычтамын.
Өкүнүп бүттүм,
Өзүңсүз жүрдүм, түшүндүм.
Маанайым муздап,
Махабатымдан үшүдүм.
Сезбеген сенин сезимдериңди,
Менде го күнөө.
Адашкан тагдыр,
Кечиккенимди түшүндүм.
Кайырма:
Кош, кайталайм кош,
Башка сөз оюма келбейт го,
Негедир, дос.
Бош, ойлорум бош,
Айтайын мен бир сөз,
Негедир, айта албайм, дос.
Жоош, мүнөзүң жоош,
Узап баратам сенден,
Унчукпайсың го сен, дос.
Тост, көтөрдүм тост,
Буйруса кайрадан жолугарбыз,
Кош бол, дос!
Кайырма:
Узак жол, жеткис кол,
Эми досум аман бол.
Аман бол! Жеткис кол,
Бөлүп турат узак жол.
Узак жол, жеткис кол,
Эми досум аман бол.
Аман бол! Жеткис кол,
Бөлүп турат узак жол.
Жол, бул шыдыр жол,
Эч качан досторду бөлбөсүн,
Бул узак жол.
Кол, сунулган кол,
Бек кыстың колумду кайталай:
Дос, аман бол!
Жол, бул узак жол,
Жамандык, кайгы, капа,
Жолумдан кач, жогол!
Ошол, калоом ошол,
Буйруса кайрадан жолугарбыз,
Досум, аман бол!
Кайырма:
Ал үмүтүмдү, бул сүйгөнүмдү,
Ак сезимимди, издегенимди.
Ашыктыгым сага, араң, сүйүүм, жеттимби?
Гүл кучактап сен кыялымдагы,
Түн кучактап мен сыгынганымды,
Сени, жаным, талбай издеп таптымбы?
Кайырма:
Табышмагымбы?
Адашпай ак сүйүүмдү таптымбы?
Арбалып махабатка баттымбы?
Тагдырым жазган бактымды.
Алмаштыра албай,
Жалганбы же чындыгын биле албай.
Жомоктой жан дүйнөмө келе албай,
Махабат сырын чече албай.
Тамчыларыңда, жазда жамгырда,
Элесиң жатат бул көз алдымда,
Кубанычым сезип турам, чексиз бактыма.
Ал мен үчүн ай - асманда жарыгы,
Ал мен үчүн түн - күнүмдүн жарымы,
Суранычым, эч үзбө менден бактымды.
Кайырма:
Сагындырып, жалындырып,
Жолугууга камындырып.
Жомок болуп кезиктиң да,
Кеттиң жолдон жаңылдырып.
Кызуулатып, ызылдатып,
Тынч күнүмдү ызылдатып.
Жараатымды не ырбаттың, ай?
Туз сепкендей тызылдатып.
Кайырма:
Мас кылдырып, соолуктуруп,
Махабатка оолуктуруп.
Ажырадым акылымдан,
Акыл-эстүү болуп туруп.
Келем аны жыйнай албай,
Кеттиң жалгыз, калдым сагалай.
Убал жоктур ушу мага,
Уйпаладың өчүң бардай.
Кызуулатып, ызылдатып,
Тынч күнүмдү ызылдатып.
Жараатымды не ырбаттың, ай?
Туз сепкендей тызылдатып.
Кайырма:
Кызыгып шаң менен өткөн күндө,
Кызганып жылдыздуу, айлуу түндө.
Өзүңө өзгөчө суктанамын,
Экөөбүз ээрчишип жүрсөк бирге.
Кыялдын ыргагында,
Гитара кылдарында.
Кайырма:
Сезимдер жаңырып, обон салдыбы?
Сүйүүлөр же сары күзгө калдыбы?
Секирип, кыз-жигит, чогуу бийлейли,
Алыста калтырып санаа-кайгыны.
Негедир кайрадан карап, карап,
Көз карашың от болуп күйүп барат.
Махабат мөөнөтү чөксө дагы,
Мааниси жүрөктө чоктой жанат.
Кайырма:
Турналар учат кеч күздө,
Канаты тосуп күн бетин.
Кош эми, кеттим алыска мен,
Эстей жүр менин берметим.
Кайырма:
Сагынба мени, сагынба,
Баш ийүү милдет тагдырга.
Сүйүүбүз кетти таарынып,
Кош эми, жаным, кайгырба!
Сен үчүн дайым жаз беле,
Жанымда жүрсөң жанашып.
Сүйүүбүз бизге ким болду экен,
Жүрүпмүн көрсө адашып.
Кайырма:
Кеч күздө учкан турналар,
Учушат жазбай катарын.
Жылуу жак издейт үмүттүү,
Ишенет бакыт табаарын.
Кайырма:
Сөзү : Дайыр Исмадияровдуку
Обону : Эдиль Маматовдуку
Элестетип күлкүңдү,
Сездим бүгүн, алгачкы сүйүүмдү.
Көздөрүңө тигиле,
Байландым мен аруу сезимге.
Кайырма:
Секелегим, секетим деп,
Эркелетсең ээрийт жүрөгүм.
Эркетайым, берметим,
Эстен кетпейт сезим мүрөгү.
Эркем, эркем, ээрийт жүрөгүм,
Эркем, сезим мүрөгү.
Чолпон жанган көздөрүң,
Жарык чачып нурун төккөнүм.
Ойлорумду сен бөлдүң,
Отун жактың муздак көңүлдүн.
Кайырма:
Таарынба, садагам, таарынба,
Жалооруп сен мага кайгырба.
Жанаша сен басып ал менен,
Көңүлдү сен антип калтырба.
Тигилип карадың көзүмө,
Кечир деп ыйладың өкүнө.
Ошондо сенин сөзүңдү угуп,
Калтырап кеттим мен буулугуп.
Себебин уктум мен акыры,
Ата-энең бербептир тагдырды.
Болтуруп сени башка менен,
Кайгыга мени ай калтырды.
Таарынба, садагам, таарынба,
Жалооруп сен мага кайгырба.
Жанаша сен басып ал менен,
Көңүлдү сен антип калтырба.
Сөзү : Дайыр Исмадияровдуку
Обону : Эдиль Маматовдуку
Түгөнгүс чексиз дүйнө, жарык таңда,
Айланам жаркырап, нур чачканда.
Ак сүйүү керемети мас кылганда,
Сезимимди ойготтуң го кайра-кайра.
Кайырма:
Асылым, сен, сен менин берекем,
Алтыным, сен, сен менин периштем.
Жан дүйнөм сага, сага берилген,
Кайдасың сен менин, менин жан эркем?
Магдырап аруу, тунук махабатка,
Тагдырым байландыбы жалгыз сага?
Сенин үнүң кулагыма жаңырганда,
Мен айтамын сүйөмүн деп кайра-кайра.
Кайырма:
Көрбөй калсам каркырамды,
Көңүлүмдөн тартылам.
Туу тутунган сөздөрүмдү,
Туйдура албай тартынам.
Эх, каркырам, каркырам,
Алып учуп талпынам.
Ак тилеги ашыктык,
Айдап алды артымдан.
Ойдун сөзүн теремин,
Түшүмдө да көрөмүн.
Бетке кырдап сага деп,
Байчечекей теремин.
Жашыл үмүт мендеги,
Жабыркады өңдөндү.
Жанып турган алысым,
Жанып-күйүп сен деди.
Же аны сен сезсеңчи,
Кадырына жетсеңчи.
Сүйүү деген чынжырды сен,
Сүйүү менен чечсеңчи.
Жашыл үмүт мендеги,
Жабыркады өңдөндү.
Жанып турган алысым,
Жанып-күйүп сен деди.
Күн мүчөсү келишкен,
Эх, периштем, периштем.
Күбө болчу түбөлүк,
Ырыскымды бөлүшкөн.
Сөзү : К.Качкынбаева, С.Садыралиевдики
Обону : Ч.Турдубековдуку
Алмашпай такыр, өзгөрбөй,
Ал мезгил кечээ өткөндөй.
Шооласын чачса күн нуру,
Апакем мээрим төккөндөй.
Кайырма:
Апакем, менин апакем
Ааламда жалгыз берекем.
Асылым, менин жакыным,
Айланар алтын казыгым.
Алыста жүрсө сагынам,
Көргөндө черим жазылган.
Алладан кийин мээримдүү,
Ыйык зат барбы ападан?
Кайырма:
Сөзү : Жаңылай Исакованыкы
Обону : Айпери Сыдыкованыкы
Жүрөктөгү сүйүү отун муздаттың,
Жүзүң буруп жаркыныңдан узадың.
Өзгө менен сени көрүп чыдабай,
Өмүрүмдү кара булут каптады.
Кайырма:
Сен ойлосом ачык болот асманым,
Кыялданып бактылуудай караным.
Кыянаттык кылганыңды эстесем,
Кыштын кыраан чилдесинде каламын.
Сыйлашалы сезимимди чанбачы,
Сырдашалы укмаксанга салбачы.
Ирээнжитип шылдыңдайсың, кыйнайсың,
Издеримди кетсем кайдан табасың.
Кайырма:
Кел ардагым бар сүйүүнү барктайлы,
Аз өмүрдө тирүүлүктү баалайлы.
Көз жумайын жүргөнүңө адашып,
Кел таалайым махабатка баралы.
|