|
|
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Эркин Мукашевдики
Сөзү : Руслан Нарынбаев, Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Руслан Нарынбаевдики
Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Садагам менин сагындырган эркем,
Сендей жашабайт, жок ааламда.
Күндө мага жүрөсүң эркелеп
Калтырбаймын бил, сени арманга.
Күндөрүм өтөт сүйүүм күчөйт,
Бакыт берген кереметим.
Жылдар да өтөт жашоом гүлдөйт,
Буйруганым менин.
Кайырма:
Асылзатым, сен махабатым
Алоолонгон сүйүүмдүн ээси жаным.
Аруузатым, тапкан менин бактым,
Жүрөгүмдө өзүң жашайсың ашыгым.
Таңдагы нур өзгөчө керемет,
Өзүң болсоң жандап жанымда.
Кыялдарга жетели эртелеп
Сүйүүбүздү айтып ааламга.
Күндөрүм өтөт, сүйүүм күчөйт,
Бакыт берген кереметим.
Жылдар да өтөт, жашоом гүлдөйт,
Буйруганым менин.
Жүрөгүм самап, кооз дүйнөгө азгырылып барат,
Алоолоп күйүп-жанат, ырахат каалап.
Бакытка талпынып, байлык топтоп,
Жаңырып ал туруп, бирок таппадың бакыт,
Байлык бар туруп.
Кайырма:
Жок, жок, ойлогондой болгон жок,
Каниет кылсаң гана ошондо көңүл ток,
Кайгы-капа жок.
Жок, жок, ойлогондой болгон жок,
Каниет кылсаң гана ошондо көңүл ток,
Кайгы-капа жок.
Атактуу болуп таанылсам элге
Башыма бак конот деген кыялың жалган,
Кайгыга салган...
Эркиндик сен жакта, кызыктын баары сен тарапта,
Алыс болосуң дайым кеп-ушактан.
Кайырма:
Пейилди кенен кой,
Чалкыган көлдөй терең бол.
Напси эч тойбойт дүнүйөгө
Пейилди кенен кой,
Чалкыган көлдөй терең бол.
Напси эч тойбойт дүнүйөгө.
Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаков, Сулейман Биллор
Өзүмчө күтөмүн күн санап,
Башкага жар болом десең да.
Бактылуу бологой, адашпа,
Сендейди барктай алса...
Кайырма:
Жарыктык көрүнбөй көзүмө,
Суранам үмүтүмдү үзбө
Өчүрбө, жалынды өчүрбө
Сүйүүмдө эмне күнөө?
Эсимде, ээрчигем артыңдан,
Жүзүңдү көрөм деп жылмайган.
Тиктешсе башкалар суктанып,
Ал көздөрдөн кызгангам.
Кайырма:
Жарыктык көрүнбөй көзүмө,
Суранам үмүтүмдү үзбө
Өчүрбө, жалынды өчүрбө
Сүйүүмдө эмне күнөө?
Сыртыңдан сүйдүм мен канча жыл,
Айтуудан коркконмун катып сыр
Билгенмин башкага кетериң,
Катылган арзуум менин.
Сөзү : Б.Токторовдуку
Обону : Б.Токторовдуку
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Индия элиники
Кой, сен бийлегенден тартынба,
Турайын мен сени коштоп жаныңда.
Күлмүңсүрөп көздөрүң бийлейм дейт,
Көңүлүң каалаганын жашырба.
Таанышалы, жарышалы бий аянттан тартынба,
Кой, сен бийлегенден тартынба,
Турайын мен сени коштоп жаныңда.
Тартынбай бийле, бийле, бийле,
Биз менен бирге, бирге, бирге.
Сагынычты таратып биз,
Саамга учуп баратып
Бирге, бирге, бийле, бийле
Кайра бийди уланталы
Тартынбастан бийле, бийле.
Ой, уялчаактар турду го,
Көпчүлүктүн көңүлүн тез бурду го,
Тең калышпай жарышып бийлешти.
Тартынчаактын көңүлү тынды го,
Кел бийлели, бир бийлейли,
Бий аянттан тартынба.
Ой, уялчаактар турду го,
Көпчүлүктүн көңүлүн тез бурду го.
Майрамдар боло берет күнүнө, эй,
Жетпейсиң дүнүйөнүн түбүнө, эй.
Тартынып отурбастан элден калып,
Кыймылда бакыттын үнүнө, эй.
Сөзү : Айсалкын Алыбаеваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Жараткан эгем, суранам сенден,
Жашасын менин досторум эсен.
Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк,
Досторум мага, түбөлүк керек.
Кайырма:
Тагдырга кейип, кайгырба досум,
Кудайга шүгүр, келтиргин досум.
Ата-энеңдин, батасын алып,
Бактылуу болуп, жашагын досум
Кайырма:
Кудайым сени, колдосо экен,
Жолуңду дайым, оңдосо экен.
Кааларым сага, айтарым сага,
Жашооңдо кайгы, болбосо экен.
Кайырма:
Кыйналган кезде, жардамын бергин,
Достордун дайым, кадырын билгин.
Жакшылык кундо, жадырап жайнап,
Сыйлашып дайым жургуло деймин.
Сөзү : Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону : Мүзүр Мамбетовдуку
Сөзү : Жазгул Жамангулованыкы
Обону : Эркин Мукашевдики
|