|
Сөзү : Сыймык Бейшекеевдики
Обону : Сыймык Бейшекеевдики
Оромол чачтуу периштем,
Убайың тартам кечиксең.
Ашыктык гүлүн берейин мен,
Ак-Буура бойлоп кезиксең.
Талыкпай тиктейм нур жүзүң,
Татынам, таңкы жылдызым.
Оорутуп жүрөк жактырды,
Ордолуу Оштун бир кызын.
Жоругу жазгы жайдасың,
Жоогазын болуп жайнасың.
Коргошун болуп кетемби мен,
Кургурум, памил чайдайсың.
Сурмалуу сулуу периштем,
Сумсаям бир аз кечиксең.
Сунмакмын сага гүлүмдү мен,
Сулайман тоодон кезиксең,
Махабат гүлүн термекмин,
Ак-Буура бойлоп кезиксең.
Кой көздөрүң жалжылдап,
Карагаттай күкүк ай.
Аясаңчы жүрөгүм,
Жаралантпай, күкүк ай.
Аруу түндө нур чачкан
Ай болоюн, күкүк ай.
Көңүл кушун көтөргөн,
Жай болоюн күкүк ай.
Кайырма:
Күкүк ай, күкүк ай,
Жүдөп бүттүм күтүп ай.
Бакан менен ийиндеп,
Суу аласың күкүк ай.
Жандап бассам жер тиктеп,
Уяласың күкүк ай.
Деги сенин купулуңа,
Толомунбу, күкүк ай?
Суу жетпеген какыр сайдай,
Соломунбу, күкүк ай?
Кайырма:
Уялбастан жаныма,
Жакын келчи күкүк ай.
Өзүң менен бир болоюн,
Макул дечи күкүк ай.
Терезеңдин түбүндө
Күтүп турам, күкүк ай.
Махабаттын ызгаарына,
Үшүп турам, күкүк ай.
Таарынба, садагам, таарынба,
Жалооруп сен мага кайгырба.
Жанаша сен басып ал менен,
Көңүлдү сен антип калтырба.
Башында сен жүрдүң каткырып,
Сүйөм деп сен мени жактырып.
Эгерде чын сүйсөң сен мени,
Эмне үчүн кетесиң калтырып?
Себебин билдим мен акыры,
Ата-энең бербептир тагдырды.
Болтуруп сени башка менен,
Кайгыга мени калтырды.
Сен тиктеп менин көзүмө,
Кечир деп ыйладың өкүнө.
Ошондо сенин сөзүңдү угуп,
Калтырап кеттим мен буулугуп.
Сөзү : Тууганбай Абдиевдики
Обону : С.Бейшекеевдики
Көлөмүң болуп кичине,
Көзүмдүн батсаң ичине.
Көргөзбөй алып жүрмөкмүн,
Көңүлү бузук кишиге.
Карааның болуп кичине,
Каректин батсаң ичине,
Каратпайт элем өзүңдү,
Карашы бузук кишиге.
Карасаң башка кишиге,
Кан толо түшөт ичиме.
Эриксе жүрөк булкунуп,
Ээ боло албайм күчүнө.
Жанаша калсам кичине,
Жалдырап карайм жүзүңө,
Балакет кылбасаң экен,
Башканын кирип түшүнө.
Бийлетип ой-санаамды,
Биликтей күйүп-жанамбы?
Элестеп жүрүп өзүңдү,
Эс жинди болуп каламбы?
Кыйсыпыр кылдың санаамды,
Кыргыздан сендей табамбы?
Сыртыңдан жүрүп кызганып,
Сыркоолуу болуп каламбы?
Көлөмүң болуп кичине,
Көзүмдүн батсаң ичине.
Көргөзбөй алып жүрмөкмүн.
Көңүлү бузук кишиге.
Айтканда күйүп айла жок,
Ашыктык оту кайда жок.
Мени сүй, эгер ишенсең,
Мен сүйгөн менен пайда жок.
Чачыбыздан өпкүлөгөн,
Ак жамгырлар, жамгырлар.
Май түнүндө бизди тапкан,
Махабаттын таңы бар.
Жамгыр жууп кусалыкты,
Көңүлдөрдү тазартып.
Көптөн күткөн жолугушуу,
Самап күткөн жолугушуу,
Сагынычтан арылар.
Кайырма:
Ак жамгырлар тыбыр, тыбыр,
Тыбыраган, тыбырап.
Арзуу айтып шыбыр, шыбыр.
Шыбыраган шыбырап
Жаратылыш жаздын жыты,
Жыттангандай жагымдуу,
Жан жыргатып жүрөктөрдөн,
Жүрөктөргө ыр улап.
Ажырашуу мүнөттөрү,
Коштошуунун мүнөттөрү
Булуттардай буюгат,
Мөлтүр тунук тамчы, тамчы
Мойнубузга куюлат.
Ал тамчылар токтоно албай,
Мөлт, мөлт этип токтоно албай
Кирпиктерден кулаган
Коштошууга кыйбай турган,
Көз жашымдай туюлат
Кайырма:
Ак жамгырга жарашкандай,
Ак кайындар, кайындар
Араладык жыргаткандай,
Алыс калып айылдар.
Экөөбүздөн башка жоктой
Бактылуулар ааламда,
Кош деп айткым келбейт такыр
Ага кандай шайың бар.
Кайырма:
Балабыз да, анда балабыз,
Көч-көч ойноп көлгө барабыз.
Бир муштумдап бизди башкарган,
Сен атаман, сенсиң кара кыз.
Кайырма:
Кара кыз, ай, айтчы, кара кыз,
Ал күндөрдү кайдан табабыз?
Балалыкты абдан сагындым,
Жүрчү кайра көлгө барабыз.
Ойноокпуз да, анда ойноокпуз,
Келин алмай оюн ойноппуз.
Сен төрөйсүң, ата болсом да,
Баёолук, ай, бир өөп койбопмун.
Кайырма:
Кара кызым, сени сагынам,
Агардыңбы азыр багыңдан?
Эстейм сени күзгүнү карап,
Бетимдеги салган тагыңан.
Кайырма:
Сөзү : Р. Карагулованыкы
Обону : Т. Казаковдуку
Себеленип ойлордун жумшак жамгыры,
Салкын тартып карааның менен узады.
Кетпе алыска кетпе менин жаштыгым,
Тумчуктурба агызып шарын ызанын.
Кайырма:
Жылт эткен жылдыздын үзүгүндөй,
Сен кайда кеткенсиң асылкечим.
Жүрөктө толукшуп сүйүү жазы,
Сен качан келесиң аслылкечим.
Тереңдерден балбылдап сезим бермети,
Ыйык ойлор шыбырын сенден жашырат.
Күнгө умтулган биздин жашыл өмүргө,
Аппак жаандай тилектер жаап басылат
Кайырма:
Жылт эткен жылдыздын үзүгүндөй,
Сен кайда кеткенсиң асылкечим.
Жүрөктө толукшуп сүйүү жазы,
Сен качан келесиң аслылкечим.
|