|
Кошулушуп эки жаш, жуп болуптур, жар-жар,
Кубанышып эл-журту, кут конуптур, эй, жар-жар.
Толкуп келген мейманга той баштайбыз, жар-жар,
Болушунча аянбай, бой таштайбыз, эй, жар-жар.
Алтын ордо, гүл бакча, калаалуу бол, жар-жар,
Аркаңардан ээрчиген балалуу бол, эй, жар-жар.
Ак элечек колго алып, ырдап жүргүн, жар-жар,
Жакшы менен жаманды ылгап жүргүн, эй, жар-жар.
Ырыс алды – ынтымак, билип жүргүн, жар-жар,
Ата-энеңе башыңды ийип жүргүн, эй, жар-жар.
Ак булуттан себилген кар болгула, жар-жар,
Дайым ушул жашоодо бар болгула, эй, жар-жар.
Кайырма:
Сен назик жүрөгүмдү ээлеп,
Сен менин махабатым.
Мен сенин жүрөгүңдү элеп,
Мен сенин махабатың.
Мен сүйгөн адам сен белең,
Жаным, жаным.
Жүрөгүм ысып кайнады,
Каным, каным.
Тагдырдын ушул тапканы,
Сен деп, сен деп.
Бир татсак кантет сүйүнүн,
Балын,балын.
Кайырма:
Мен күткөн адам сен белең,
Жаным, жаным.
Сезимди өрттөп дүрт этти,
Жалын, жалын.
Арманда өткөн сүйүүсүз,
Өмүр жалган.
Гүлдөсүн эми махабат,
Багым, багым.
Кайырма:
Кечте күйгөн шамыңыздан,
Кетким келбейт жаныңыздан.
Кетким келбейт эмнеге эле?
Көзүм күйүп таарынычтан,
Кызганам, ай, жарыңыздан.
Биздин тагдыр ушундай беле?
Кайырма:
Оо, байке,
Байке, байке, санаасыз кезде,
Байке, байке, сагынттың неге?
Байке, байке, ойлоймун кечке,
Байке, байке, жолуктуң неге?
Жалгыз жүрөм убайым жеп,
Жабыгамын жаным сиз деп.
Таш боор жансыз мынча эмнеге?
Торгой болуп торго түштүм.
Тосуп жолдон сизди күттүм,
Же өчүңүз менде бар беле?
Кайырма:
Канча түндөр өтүп кетти?
Канча күндөр батып кетти?
Баштагыдай жалгыз келемин.
Өмүрдө жабык күн өттү,
Өрүктөр да бүрүн төктү,
Өкүнөмүн таппай себебин.
Кайырма:
Мен эми жазды жалгыз бир жаным тоспоюн,
Раймалы болсоң, Бегимайга мен окшоюн.
Жаңы ырың созсоң, жаңырык болуп коштоюн,
Жүрөктө жүргөн, жүрөгүм сүйгөн, ай, бозоюм.
Кайырма:
Жазыл, жазыл,
Биздин сүйүү, бүтпөс ыр болуп жазыл.
Жамгыр, басыл,
Сүйгөнүм келер деп, күн, дагы ачыл.
Ачыл, ачыл,
Биздин сүйүү, махабат дастаны болуп жазыл.
Күттүргөн жазда жаз гүлү болуп келерсиң,
Мага арнап жазган жаңы ырың ырдап берерсиң.
Махабат күүсү кылымдар жүрөк козгосун,
Көңүлдө жүргөн, көңүлүм сүйгөн, ай, бозоюм.
Кайырма:
Мен сага мына минтип жагынайын,
Гүл болуп оң төшүңө тагылайын.
Болбосо бир кичине күнүң болуп,
Бир сенин маңдайыңда жагылайын.
Бак болсоң, мөмөлөрү бышып турган,
Багбаның болоюн мен суусундурган.
Гүл болсоң, кең талаада жайнап турган,
Төгөйүн жамгыр болуп жүзүң жууган.
Көл болсоң, бирде көлкүп, бирде толкуп,
Сүзөйүн толкунуңда ак куу болуп.
Жабыркап жаның кейип турганыңда,
Булбулуң болоюн мен бакка конуп.
Жүрчү, жаным, бул жерден кетеличи,
Махабаттын дайрасын кечеличи.
Өткөн-кеткен капалык унутулуп,
Жетпей жүргөн максаттарга,
Жетпей жүргөн максатка жетеличи.
Качырбачы, көзүңдү качырбачы,
Жашырбачы, жүзүңдү жашырбачы.
Ансыз деле топтолгон кусалыкты,
Арманымды, арманымды,
Арманымды чегинен ашырбачы.
Жүрчү, жаным, бул жерден качалычы,
Кыналышып бир черди жазалычы.
Армандарды жамгырдай төгүп таштап,
Муңга толгон көңүлдөрдү,
Муңга толгон көңүлдү ачалычы.
Ачтым күндөлүк дептерин,
Өткөн күндү мен эстедим.
Ах, чиркин, тунук сезимдер,
Кайдасың жаштык кездерим?
Кайырма:
Барактап ыр дептерин,
Мен жаштыкты эстедим.
Барагы бул өмүрдүн,
Балалыгым эңседим.
Эстей жүр деп сен берген,
Эстелик ыр дептериң.
Эрмеги болду жүрөктүн,
Эстетип сенин элесиң.
Кайырма:
Көңүлүм кыйбайт көңүлүң,
Өтүптүр жаштык өмүрүм.
Көрсөм деп сени кайрадан,
Көксөгөн максат-үмүтүм.
Кайырма:
Кош бол, сүйүү, бир жарк этип жок болгон,
Кош бол, сүйүү, жалын болуп, от болгон.
Кош бол, сүйүү, чагылгандай чарт этип,
Бир дүрт этип, кайра өчүп жок болгон.
Кайырма:
Буулугуп, ыйлап жаттым,
Тагдырга арман айттым.
Сүйүүдөн азап чегип,
Жок окшойт менин бактым.
Кош бол, сүйүү, көп күттүрүп, кеч келген,
Кыска өмүрдө жазым болуп кез келген.
Закым болуп өтүп кеткен махабат,
Эми сени издеп таппайм эч жерден.
Кайырма:
Кош бол, сүйүү, көңүлүмдү жашарткан,
Кош бол, сүйүү, сезимимди тазарткан.
Түбөлүккө кош дебеске аргам жок,
Кутула албай турам эми азаптан.
Кайырма:
Шаңдуу, шайыр менин наристем,
Ширинимсиң, менин периштем.
Сагындым дейсиң наздана карап,
Келгенде дайым мен иштен.
Көрүнсө менин сага карааным,
Жадырай түшөт маанайың.
Жүрөктү эзип эркелеп дайым,
Апа деп аяп калганың.
Кайырма:
Наристем, менин татынакай жыргалым,
Сеңселген тал-тал сенин саамайың.
Теңдешсиз бактыма жаралган таалайым,
Наристем менин, наристем.
Өзүңсүң менин дайым жайдарым,
Бүркөлбөсүн эч кабагың.
Өзгөлөр билбей менин сырымды,
Билесиң өзүң ар дайым.
Сен үчүн келет дайым иштегим,
Турмуштан мен көптү издеймин.
Жоругуң ойлорумду ыр кылмак,
Карасам сырдуу быйтыңдап.
Кайырма:
Көлдүн үстү, толкунду араладым,
Көңүл үчүн канткенде таба аламын?
Кандай кылам, күндөгү жалгыз кайык,
Көрүнбөдүң, жүрөктү жараладың.
Калак шилтеп баратам түгөй издеп,
Табияттын татына жытын искеп.
Кубанычтуу үмүттө жашасаң да,
Кыйын экен же тапмак, үмүт үзмөк.
Көк бетинде бүлбүлдөп күйөт жарык,
Кумарланам көркүнө сүзүп барып.
Мага болгон жолугууга ал да келип,
Мен издеген баягы жалгыз кайык.
Сөзү : Жусуп Турусбековдуку
Обону : Атай Огонбаевдики
Жайдын бир гана толук кезинде,
Адырлуу гана тоонун бетинде.
Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн, ай,
Жайдары гана селки эсимде.
Өзүмдү гана сага берем деп,
Өмүрдүн гана гүлүн терем деп.
Антташкан күндөр эсимде, ай,
Турмуштун гана сырын тереңдеп.
Агарып гана тоодон таң аткан,
Суюлуп гана жылдыз бараткан.
Калды го бекен эсиңде, ай,
Кыйышпай гана күлө карашкан?
Кыйналган жүрөгүмдү,
Эми сен эзбе, жаным.
Уйкусуз түндөрүмдү,
Арнадым сага баарын.
Кайырма:
Жүрөктө калды арман,
Чечилбей түйүндөрү.
Мага чын, сага жалган,
Сезимдин күйүттөрү.
Айтпастан арманымды,
Жүрөктө сыр сактадым.
Жабыркап калганымды,
Жашырып сага айтпадым.
Кайырма:
Жол карап өттү күндөр,
Койнунда сагыныч бар.
Үзүлбөй сенден күдөр,
Үмүмтүм өчпөй, жанар.
Кайырма:
Эңседим өткөн күнкү сезимдерди,
Зарыгам ушул күндө эстеп сени.
Күтөмүн билсем дагы келбешиңди,
Сагындым, бул жашоодо кезиксеңчи.
Кайырма:
Сагынып күтүп сени,
Жүрөгүм эңсейт менин.
Түшүнчү, махабатым,
Сагыныч сезимдерин.
Сен кеттиң алыстап менден эмес,
Тартуулап кайталангыс сезимдерди.
Кыйнады жүрөктөгү кусалыгым,
Убакыт өткөн сайын жылга айланып.
Кайырма:
Таркабас көлдүн кумары,
Таң сүргөн маалын козгогон.
Күн батар күүгүм убагы,
Сезимге салса козгогон.
Арбады айлуу түндөрүм,
Арманды кайра козгогон.
Күн батар күүгүм убагы,
Сезимге салса коштогон.
Жээгинде өскөн гүл гүлгө,
Жаркыган жаштык кез кайда?
Соолутпай сактап жүргүн деп,
Сен сунган кызыл гүл кайда?
Гүл эмес, өзүм соолудум,
Тапканга жүрөк не пайда?
Соолутпай сактап жүргүн деп,
Сен сунган кызыл гүл кайда?
Көгөргөн тоонун этеги,
Көк туман баскан талаалар.
Көңүлдөн такыр кетеби,
Көйгөйдү кескен санаалар.
Сызылып чыкса жүрөктөн,
Зыркырайт ички жаралар.
Көңүлдөн такыр кетеби,
Көйгөйдү кескен санаалар.
Калсам да сизден кечигип,
Карегим жүрөт тешилип.
Эркиме ээлик кыла албай,
Эзилип бүттүм, эзилип.
Учурун иштин өткөрүп,
Умтулсам ичим бөксөрүп.
Өкүнүч бийлеп жүрөктү,
Өрттөнүп жүрөм, өрттөнүп.
Булкулдап жүрөк, кантейин?
Болор деп жүрсөм жан шерик.
Ой жеткен менен өзүңө,
Кол жетпей калды, кантейин?
Өкүнгөн болом айласыз,
Өкүнүү эми пайдасыз.
Өзөктөн кеткис дарт экен,
Өзгөчөм агай, кайдасыз?
От байлап алып кабакка,
Ой-санаам өзүң тарапта.
Бурулуп карап келбедиң,
Булуттар учуп баратса.
Жалгашпай калды жолубуз,
Кармашпай калды колубуз.
Айла жок эми, кантели,
Артыкчам, аман болуңуз,
Ардагым, эсен болуңуз.
Агарып аткан таңдайым,
Арзуумду сизге арнадым.
Арабыз алыс болсо да,
Асылым, сизди тандадым.
Жаркырап аткан таңдайым,
Жалындап жүрөк ар дайым.
Жашыңыз өйдө болсо да,
Жаштыгым сизге арнадым.
Жакуттан шуру тизейин,
Жан билбес жерден күтөйүн.
Жан сырымда калсаң айтылбай,
Жаштыктан үмүт үзөйүн.
Берметтен шуру тизейин,
Белгилүү жерден күтөйүн.
Боогачым болуп келиңиз,
Болоюн сиздин Үкөйүң.
Ашыктык жолу тар беле?
Арзыган мендей бар беле?
Адашып да калсам тапмакмын,
Агатай, сизди кайра эле.
Сүйүүнүн жолу тар беле?
Сүрдөгөн кандай жан эле?
Кайрадан келсем жашоого,
Сүймөкмүн сизди кайра эле.
Сөзү : Баян Акматовдуку
Обону : Баян Акматовдуку
Унчукпайм, сүйүүм катып жүрөгүмө,
Ашыгам ичтен сызып мен өзүңө.
Табыштың акыры сен башка менен,
Табышмаксың азыр деле бир өзүмө.
Сени эстейм, өзүм менен сырдашып,
Мүнөзүмдү арылбаган муң баса.
Сагынычтын күйүтүнө чыдабай,
Айлам жок ак баракка ыр жазам.
Канча сүйүү жылдары өттү кат менен,
Кечирип кой менден кетсе, жаш белем.
Анты бекем өчтү сүйүү мөлтүрөп,
Көздөн тамган жалгыз тамчы жаш менен.
Көрүнгөндө көчөдөн,
Жерди тиктеп өтпөстөн.
Салам берип өтсөңчү,
Жүрөктү күйгүзбөстөн.
Деги, жаным, сүйбөсөң,
Эгер түшүнсөң.
Жок дегенде жылмайып,
Бир күлүп өтсөң.
Кайырма:
Сени деп, карагатым,
Жүрөктү жараладым.
Сен болсо карабадың,
Эх, карагатым.
Суу аласың дайрадан,
Эртең менен эртелеп.
Мен дагы ошондо келемин,
Балык кармап келем деп.
Не кереги балыктын,
Айтсам ачыгын.
Сен турганда алтыным,
Алтын балыгым.
Кайырма:
Көрүнгөндө көчөдөн,
Жерди тиктеп өтпөстөн.
Салам берип өтсөңчү,
Жүрөктү күйгүзбөстөн.
Деги, жаным, сүйбөсөң,
Эгер түшүнсөң.
Жок дегенде жылмайып,
Бир күлүп өтсөң.
Кайырма:
|