|
Сөзү : Э.Ибраевдики
Обону : А.Бедияровдуку
Таң шооласы нур чачканда,
Тал-теректер бүр ачканда.
Кыр-кырлардан кол булгалап,
Кызгалдактар гүл ачканда.
Кайырма:
Алга сүрөп үмүт гана,
Алоолонуп күйүп жана.
Бар жогуна кайыл болуп,
Барам сага, барам сага.
Жылдыз көктө тагылганда,
Жылгадан суу агылганда.
Алтын сөйкө сыяктанып,
Ай кайрадан жаңырганда.
Кайырма:
Дайра толуп чамынганда,
Дарак жоолук салынганда.
Санаам сары саман болуп,
Сага карай агылганда.
Кайырма:
Жолугуштук биз капыстан,
Жайдын кечинде.
Мага арнаган кызыл гүлүң,
Дале эсимде.
Ушул күнүм эстен кетпейт,
Эстен кетпейт, сенин гүлүң.
Кайырма:
Жалгыз сени күтө берем,
Тунук булагым.
Бирге айтып чечишели,
Сүйүү сырларын.
Ойлойм сени.
Ойлойм сени, күтөм сени,
Күндө кечинде.
Келм деген убадаңа,
Ишенип сага жүрөмүн мен.
Сагындым мен өмүр гүлүм,
Өмүр гүлүм сенин гүлүң.
Кайырма:
Адырдагы аппак гүлдү көрөм,
Аппагына кызыгып аны терем.
Аппак көйнөк кийинген, эй, сулуу кыз,
Колумдагы аппак гүл сизге берем.
Эй, сулуу кыз, токтой туруңуз!
Колумдагы аппак гүл сизге берем.
Кыр- кырлардан кызыл гүлдү көрөм,
Кызылына кызыгып аны терем.
Кызыл көйнөк кийинген эй, сулуу кыз,
Колумдагы кызыл гүл сизге берем.
Эй, сулуу кыз, токтой туруңуз!
Колумдагы кызыл гүл сизге берем.
Суу боюнан сулуу гүлдү көрөм,
Сулуусуна кызыгыл аны терем.
Сырлуу көйнөк кийинген эй, сулуу кыз,
Колумдагы сурлуу гүл сизге берем.
Эй, сулуу кыз, токтой туруңуз!
Колумдагы аппак гүл сизге берем.
Эй, сулуу кыз, токтой туруңуз!
Колумдагы кызыл гүл сизге берем.
Эй, сулуу кыз, токтой туруңуз!
Колумдагы сырлуу гүл сизге берем.
Береке чачып, берметин төккөн,
Борборум Бишкек жап-жашыл көктөм.
Жигит –кыз жандай, кумарлар канбай,
Гүл бакчаң таза кулбуруп көчөң.
Бишкегим сүйкүм,
Бишкегим көркөм, көктөм.
Заңгырап үйлөр салынат күндө,
Фонарлар жарык, жаркырап түндө.
Күн санап өсүп, күмүшүн төгүп,
Күлкү, шаң гана көрүнөт көзгө.
Бишкегим гүлдө,
Бишкегим өргө.
Достукта жашап ар улут келет,
Ала –Тоом коштоп күч, кубат берет.
Ай, күнгө жетип, ааламга кетип,
Атыңды сенин жокко дейм билбес?
Өркүндөп,өскүн шаарым Бишкек,
Гүлдөй бер күндө борборум Бишкек.
Аксаткындын селкинчек,
Андай теппей мындай теп.
Бурулчанын селкинчек,
Бурбай теппей мындай теп.
Ойноп,ойноп алгыла,
Ойрон калаар бул дүйнө.
Күлүп,күлүп алгыла,
Күмүрөң калаар бул дүйнө.
Жашыл жоолук дүрдөй жан,
Жаңы ачылган гүлдөй жан.
Кызыл жоолук гүрдөй жан,
Кыз-келиндер гүлдөй жан.
Кайырма:
Бурулчанын селкинчек,
Бурбай теппей мындай теп.
Сүйүмкандын селкинчек,
Сүйлөп тепчи келинчек.
Биз болбосок өмүрдө,
Кызыгы жок кыздар ай.
Тамылжыган жүзүңдүн,
Кызылы жок кыздар ай.
Кайырма:
Көрүндүң көзгө илине,
Көп карап а жал-жал тигиле.
Кете алгыс кылып байладың,
Керемет сүйүү жибине.
Сезимиң мага билдире,
Себепкер сенсиң ириде.
Чыга алгыс кылып чырмадың,
Сыйкырлуу сүйүү жибине.
Карашың мага ок болуп,
Калтырайт денем чок болуп.
Камдаган жылуу сөздөрүм,
Кабылсаң кетет жок болуп.
Көрүнбөй кайда жүрөсүң?
Көрүнсөң кетем жок болуп.
Эсимде, бала чакта сүйгөн энем,
Эси жок кызың үчүн сарсанаа элең.
Атайлап акыл сөзүң айтсаң дагы,
Кай бирде тилиң албай коёр элем.
Шок элем, өткөрчүмүн түркүн жорук,
Кез-кезде кыжырыңа тийип коюп.
Камчылап чыбык атты качканымда,
Тап берип калчусуң капа болуп.
Бирок да пейли кенен, бейпил элең,
Ачууңду тез унутуп калар элең.
Чакырып чаңды күбүп, жуундуруп,
Бапестеп тойгузчусуң тамак берип.
Арадан андан бери көп жыл өттү,
Заманам ырыскысын элге төктү.
Аттиң, ай, кандай бакыт болор эле,
Азыр мен өз колуңдан токмок жесем.
Зар болдум бир жарк этип карашыңа,
Чөмүлдүм санаалардын санаасына.
Сезимди ушул таңда улап коюп,
Сен кеттиң жылдыздардын арасына.
Жыялбайм ошол күндөн мен эсимди,
Жалдырап, тиктей берем элесиңди.
Алтыным, ак таңдардан тосоюнчу,
А, балким, ак куу болуп келесиңби?
Кымбатым, сүйгөн жарым, асыл жарым,
Жүрөктө бир жылт этет жашыл жаным.
Ак таңда, ал күндөрдү кармай албай,
Жүрөктү колдон учуп качырганым.
Сөзү : Кубик Калыковдуку
Обону : Кубик Калыковдуку
Кайырма:
Той, той, мына бүгүн той, той.
Той, той, мына бүгүн той, той.
Казан-казан эт кайнаар, казак досум май чайнаар,
"Казак кызга үйленмесең, капа болом" деп чыгар.
Түзүк, түзүк деп күлсөм, түркмөн досум деп жүрсөм,
Түркмөн кызга мен үйлөнүп, түгөй болом деп жүрсөм.
Кайырма:
Ороо, ороо дан толсо, орус кызыман болсо,
Орок оргон жубайым орус кызынан болсо.
Уйгур достун лагманы - лагмандардын балбаны,
Уйгур кызга үйлөнөйүн, үзүр-үзүр калганы.
Кайырма:
Дуңган досто сөз болбойт, жумуш десең жөн койбойт.
Дуңган кызга үйлөнгөндөр өмүр бою кор болбойт.
Кыр-кырына көз жетпейт, кырман толо сөз жетпейт,
Кызыктырган дайыма кыргыз кызына жетпейт.
Кайырма
Чыйрыгып күзгү суукта,
Чыдабай жүрөк куса.
Өткөндү унутамбы,
Көз жашым жүзүм жууса?
Кайырма:
Эскирген эски бакта,
Экөөбүз эки жакта.
Ээрчишип бир басчу элек,
Жалгызмын ушул тапта.
Эскирген эски бакта.
Баягы биз жолукчу,
Бактагы ак кайыңга.
Жөлөнүп жалгыз турам,
Өткөн күн бүт оюмда.
Кайырма:
Тургузган махабаттын,
Аскасы урадыбы?
Жүрөктө куса толо,
Ал гүлдөр куурадыбы?
Кайырма:
Бир мен үчүн арналса да жүрөгүң,
Бирок бар го үйдө күткөн түгөйүм.
Бакыт кушуң адаштыбы, чүрөгүм?
Боло албаймын сенин эңсеп күткөнүң.
Кайырма:
Жалгыздыктын гүлүн жеңе албасам,
Сагынганда издеп келе албасаң.
Эмне кылам сени көрө албасам?
Жубайымды сен деп кече албасам.
Кандай кылам, күтсөң баралбасам?
Таңкы жылдыз күтүп туралбаса.
Сезилбестен күндөр өттү арадан,
Биз жолуктук байкоосуздан, кайрадан.
Махабаттан сүйүү сезим арнагам,
Гүлүң берип ыйлап кайттың сахнадан.
Кайырма:
Жалгыздыктын гүлүн жеңе албасам,
Сагынганда издеп келе албасаң.
Эмне кылам сени көрө албасам?
Жубайымды сен деп кече албасам.
Кандай кылам, күтсөң баралбасам?
Таңкы жылдыз күтүп туралбаса.
Сөзү : Бактияр Токторовдуку
Обону : Бактияр Токторовдуку
Адыр-адыр тоолордо жүргөндүгүм, аа,
Акылымдан адашып сүйгөндүгүм, аа.
Сезимдердин сезилер назик кылдары,
Ошол адыр тоолордун ак гүлүндөй, аа.
Кайырма:
Аппагым, ай, аппагым, аппагым менин,
Айлап, жылдап, кылымдап тапканым менин.
Алтынга да, айга да, күнгө да эми,
Алмаштыра албаймын, аппагым сени.
Бийик-бийик тоолордо жүргөндүгүм, аа,
Бийиктигин талашып сүйгөндүгүм, аа.
Ойлогонум, ойлорум, күлүк ойлорум,
Ошол бийик тоолордун ак карындай, аа.
Кайырма:
Махабаттын ак жолун баштаганым, аа,
Кадамдарым алыска таштаганым, аа.
Калем-калем кашыңды, чийме кашыңды,
Чыбыгына чырмалып калгандыгым, аа.
Кайырма:
Мокок болуп далайга жүргөндүгүм, аа,
Мончок, кара көзүңдү сүйгөндүгүм, аа.
Мажүрүм тал көлөкөлөп кылымдар аккан, эй,
Ак тилегим Ак-Бууранын тилегиндей аа.
Кайырма:
Көргүм келип күндө сени,
Көңүл эңсеп, самаймын.
Үмүтүмдү үзө албай,
Келчү жолуң караймын.
Колумдагы кызыл гүлүм,
Ал да сени күткөнсүйт.
Өмүр бою сени сүйүп,
Күтүүгө мен жараймын
Кайырма:
Өмүрлүү бол, өксүбөгүн,
Бакыт гүлүн тере бер.
Көбөйсө экен жүрөктөгү,
Сүйүү баскан желелер.
Мөлтүрөгөн көздөрүңдөн,
Мен садага болоюн.
Бир да сулуу кыз көрбөдүм,
Бир өзүңө теңелер.
Сөздөрүңдү уккум келип,
Күлгөнүңдү сагынам.
Жарашасың, төп келесиң,
Мага бардык жагынан.
Сен да мени сагынасың,
Күндө бир маал жол карап.
Жакшы көрөм, жакшы көрөм,
Сени, жаным, баарынан.
Кайырма:
Ачык айтчы, жашырбачы,
Болбоймунбу убара?
Арманыма арман улап,
Ары көздөй улаба.
Ак сүйүүмдү ыраа көрбөйм,
Бир өзүңдөн башкага.
Өмүр бою бир болом деп,
Берем сага убада.
Кайырма:
Ушул ырым сага арнадым,
Оо, сүйгөнүм, менин ардагым.
Сүйүп жүрүп сага жетпедим,
Кимге айтам эми арманым?
Кайырма:
Алыстаса менден карааның,
Аянычтуу карап каламын.
А сен болсо кете бересиң,
Кучагында бөлөк баланын.
Алыс кетсе менден карааның,
Кызганычтуу карап турамын.
А сен болсо кете бересиң,
Кучагында бөлөк баланын.
Бар экен деп уккам сүйгөнүң,
Менден башка бөлөк жүргөнүң.
Тагдыр деген ушул турбайбы,
Сүйгөнү менен бирге кылбайбы?
Кайырма:
Кетсең эми кете бергиниң,
Эми сени көрөр бекенмин?
Түбөлүккө эстеп жүрөрмүн,
Сени менен жүргөн күндөрдү.
Кайырма:
Сөзү : К.Бобуловдуку
Обону : Б.Сыдыковдуку
Сизди сүйөм, кыз өппөгөн жигиттей,
Сиз сүйдүңүз көңүлүмдү кирдетпей.
Сүйгөнүм чын өмүрүмдө биринчи,
Сүйүү деген азап экен илдеттей.
Сизди сүйөм жашыңыздан жазганбай,
Түбөлүккө тагдырыма жазгандай.
Узун түндү көз ирмебей өткөрөм,
Эмне кылам, мени баскандай.
Көкүрөктү ээлеп алды атыңыз,
Түк түшүнбөйм, кантип мага жактыңыз?
Эч бир жанды тоготпогон кыз элем,
Жүрөгүмө кандай ачкыч таптыңыз.
Бүгүн сен көрдүң бекен, байкадыңбы,
Асмандагы берметтелген жааган карды?
Мен болсо жаш балача карды кечип,
Каткырдым жаңыртып айланамды.
Кайырма:
Кар жаады, аппак жаады,
Кар жаады, бакыт жаады.
Кар жаады, аппак жаады,
Кар жаады, бакыт жаады.
Кар жаады, тыным албай жумшак жаады,
Сен анын сездиң бекен назиктигин?
Айланып алаканга конгон карлар,
Отуна эрип жатты жүрөгүмдүн.
Кайырма:
Кар жаады, аппак жаады,
Кар жаады, бакыт жаады.
Кар жаады, аппак жаады,
Кар жаады, бакыт жаады.
|