|
Сүйдүм эле сени, сени башынан,
Узун кара, кара, кара чачыңдан.
Сүйүп жүрүп мени таштап сен кеттиң,
Ыйлап, ыйлап, анан качан басылам?
Күндө келем сенин, сенин үйүңө,
Отурамын терезеңдин түбүндө.
Анан чыгып айтты сенин кошунаң:
"Сени сүйгөн селки кеткен күйөөгө".
Таалай экен, таарынбаймын тагдырга,
Келечегим менин али алдыда.
Жүрөгүмөн сүйүп, жаным, өзүңдү,
Жашап келем, сулуу селким садага.
Ассалому алейкум, кадырман элим,
Кулдук уруп силерге бүгүн да келдим.
Көңүл ачып, чер жазып, обон жаңыртып,
Кызууланып жүрөктөр жыргаса деймин.
Кайырма:
Шайырланам, шоктоном,
Шок болбосом жок болом.
Шаңга бөлөп өмүрдү мен,
Шамал сымал октолом.
Күлүктөнөм, күүлөнөм,
Күйүп-жанам, от болом,
Өмүр берсе Жараткан,
Өзүм бир күнү токтолом.
Эл кыдырам, жол басам, күндөрүм жыргал,
Тамашалап турбасам, өмүр жок сымал.
Күлкү менен, ыр менен чыгам сахнага,
Шок балаңар дапдаяр, элим, тосуп ал,
Мени тосуп ал!
Кайырма:
Ассалому алейкум, кадырман элим,
Кулдук уруп силерге бүгүн да келдим.
Көңүл ачып, чер жазып, обон жаңыртып,
Кызууланып жүрөктөр жыргаса деймин.
Айтчы деги кимде айып, өзүң деле билесиң,
Уйку бербей тынчыраак, неге түшкө киресиң?
Наристедей ээрчишип, терип биз тоо гүлдөрүн,
Түнт токойду аралап, тыңшап куштун үндөрүн.
Ийип башын булбулдар махабатты чалышты,
Кол булгалап бардыгы узатышып калышты.
Паана кылып түшүмдү бет алдыма караймын,
Мүмкүн, мени сүйөр деп өзүмдү-өзүм алдаймын.
Антсем дагы канчалык, сен башканы сүйөсүң,
Уйку бербей, бирок да түшкө кирип жүрөсүң.
Айтчы деги кимде айып, өзүң деле билесиң,
Уйку бербей тынчыраак, неге түшкө киресиң?
Ала-Тоомо таянамын,
Ак калпактуу кыргыз калкым.
Бабам Манас урпактарым,
Кыргызым, жылдызым.
Кыргызым деп мактанамын,
Эл-журтум деп жар саламын,
Ала-Тоолор тирелишсе,
Ак калпактын элеси.
Дасторконго нанын жая,
Кымыз толо кесеси.
Кайырма:
Ала-Тоомо таянамын,
Ак калпактуу кыргыз калкым.
Бабам Манас урпактарым,
Кыргызым, жылдызым.
Кыргызым деп мактанамын,
Эл-журтум деп жар саламын,
Жайкалышса кыз-келиндер,
Ысык-Көлдүн ак куусу.
Жарашыктуу кыз-келиндер,
Каныкейдин элеси.
Жарашыктуу кыз- келиндер,
Айчүрөктүн элеси.
Кайырма:
Кенен пейил, тунук сезим,
Жүрөгүмдө уюган.
Ата салтын ыйык тутуу,
Жаным менен туулган.
Кайырма:
Кубанычым, кубанычым,
Сүйүү гүлүн мага берген.
Бакыт гүлүн мага берген,
Кубанычым, кубанычым.
Сүйүү гүлүн мага берген,
Кубанычым, кубанычым.
Бакыт гүлүн мага берген,
Кубанычым, кубанычым.
Сүйлөй албай сүрдөп кетем,
Сүйүү жанган көздөрүңдөн.
Бакытымды элестетем,
Жан эргиткен мээримиңден.
Көп ичинен карай берем,
Карааныңды калсам көрбөй.
Көзгө сүйкүм жамалыңды,
Өзгөлөргө ыраа көрбөй.
Карай берем, карай берем,
Өзгөлөргө көңүл бөлбөй.
Жарык чачкан таңда шоолам,
Жанып турган үмүт белең?
Жазда келген кубанычым,
Сүйүү гүлүн мага берген.
Элесиңди карап турсам сүрөттөн,
Эске түшөт көлдүн жээги гүл өскөн.
Эсиңдеби, кечиндеги сырдашуу,
Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктөн?
Жүрөгүмдө сүйүү турса чыдатпай ,
Жүзүң жарык, жанып турган чырактай.
Суктандырдың, суусаттырдың кайрадан,
Эзелтеден бирге жүргөн ынактай.
Сансыз жылдыз бизди гана карашып,
Сени менден, мени сенден талашып.
Ойноп-күлүп көпкө жүрдүк, жаркыным,
Кеткичекти аппак болуп таң атып.
Сөзү : Алмаш Чойбекованыкы
Обону : Кадыралы Артыковдуку
Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде.
Cаамайларын cеңселткен ак кайыңдар,
Самашып сагынычымды уккан кезде,
Барам сага.
Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде,
Ак жамгыр нөшөрлөтө төккөн кезде.
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз,
Көп күндөр арабыздан өткөн кезде,
Барам сага.
Ширесин карагаттар чачкан кезде,
Ажарын жоогазындар ачкан кезде.
Кучактап бейкутчулук түн коюнун,
Күн нуру уясына баткан кезде,
Барам сага.
Гүлдөргө аарыларың конгон кезде,
Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде.
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей,
Алтын ай асмандагы толгон кезде,
Барам сага.
Толкунданып жаткан океандай,
Уйгу-туйгу менин жүрөгүм.
Кусалыгым, жаным, тынчый албай,
Унута албай сени жүрөмүн.
Байкабастык кылсам мен эгер,
Бактым болуп мага келе бер.
Кыйнабачы сенден суранарым,
Кыялымда дайым жүрө бер.
Кайырма:
Ардагым сен, сен,
Ажарың көрктүү жаз белең?
Дайыныңды мен ар бир жерден издей берем.
Арманым сен, сен,
Ак жамгыр өңдүү аз белең?
Сыздап келем, өзүңдү мен самай берем.
Булбул үнүн уксам, аны сен деп,
Гүлдү көрсөм сага окшотом.
Кимге барып айтып арманымды,
Кимге барып сени жоктосом?
Түшүнбөстүк кылсам мен эгер,
Түйшөлбөстөн мага келе бер.
Кыйнабачы сенден, суранарым,
Кыялымда дайым жүрө бер.
Кайырма:
Ишенбестик кылсам мен эгер,
Ишен, жаным, мага келе бер.
Кыйнабачы сенден суранарым,
Кыялымда дайым жүрө бер.
Кайырма:
Сөзү : Алмаш Чойбекованыкы
Обону : Токон Эшпаевдики
Балбылдап күйгөн чырагым белең?
Асылым дешкен ынагым белең?
Дүйнөдө таппас жыргалды берген,
Жылаажын үндүү ыргагым белең?
Кайырма:
Жаштык, жаштык, жалынга баттык,
Кайрылчы, тагдыр, кылбачы кастык.
Бир карап койбой жаныман өттүң,
Кыйбадым чындап сүйүүнүн өртүн.
Түгөйүм болуп түбөлүк жүрбөй,
Жазыксыз туруп, жабыркап өчтүм.
Тагдыр, тагдыр, табарың бардыр,
Махабат үчүн өчүрбөй жандыр.
Балбылдап күйгөн чырагым белең?
Асылым дешкен ынагым белең?
Дүйнөдө таппас жыргалды берген,
Жылаажын үндүү ыргагым белең?
Кайырма:
Коюу түн мемиреп,
Керемет сезилет.
Мезгилден сыр сурап,
Жүрөктөр качан кезигет?
Түңүлтпө, жаным, мени,
Көңүлдүн сүйгөн теңи, келчи,
Күчтүүбү жаштык деми, ай, эркем?
Кайырма:
Басамын жети астап,
Бакытым айыл жакта, сен жакта.
Чардактар сермеп канат,
Көркөмү көлгө тамат,
Түбүнөн ай жана.
Жарыгым, жаркып мени,
Жабыркап бүттүм деги, келчи,
Күтөмүн сени.
Эркелеп шамалга,
Бий бийлейт жалбырак.
Толтура сүйүүмдү,
Бөлүшөр бекен жазгы убак?
Саналуу саптар учат,
Кайрылбай алыс узап, түн узак,
Толкунун көлдүн карап, ай, эркем.
Кайырма:
Сөзү : Бактияр Токторовдуку
Обону : Бактияр Токторовдуку
Убакыт безет,
Убакыт безет, эч кимге карабай.
Жүрөбүз издеп,
Жүрөбүз издеп, жол издеп таба албай.
Убакыт безет,
Убакыт безет, кылымды санабай.
Ойногум келет,
Ойногум келет, ойногум келет шок, куунак баладай.
Кайырма:
Сен үчүн мен, мен үчүн сен,
Дале да болсо бала бойдонбуз.
Сен үчүн мен, мен үчүн сен,
Дале да болсо таза ойдобуз.
Эмнелер себеп?
Эмнелер себеп? Таарынчы турмушка.
Балким, күн себеп,
Балким, күн себеп, жашынган булутка.
Себебин издеп,
Себебин издеп, болбойлу убара.
Ырдагым келет,
Ырдагым келет, ышкыбоз баладай.
Кайырма:
Бизге эмне керек,
Бизге эмне керек, бактылуу болушка?
Эркиндик керек,
Эркиндик керек жеткен асманга.
Бизге эмне керек,
Бизге эмне керек, таалайлуу болушка?
Балалык сезим,
Балалык сезим туптунук булактай.
Кайырма:
Жарык дүйнө, жан дүйнөм,
Сен үчүн, мен үчүндүр.
Бирге болсок дайыма, биз экөөбүз үчүндүр.
Сен үчүн, мен үчүн, экөөбүз үчүн.
Неге балдар сага көп карайт?
Сөз айтышып жымың күлүшөт.
Бири шайыр, бири уялат,
Балким, баары сени сүйүшөт.
Кайырма:
Шок балдардан сени кызганам,
От койгондой жүрөк жалындап.
Шек билгизбей мага азыртан
Койгон болбо өзүң көз ымдап?
Кечелерден улам ыр сунам,
Көздөрүңдөн нуруң чачырап.
Башка кыздар такыр жок сымал,
Неге улам бийге чакырат?
Кайырма:
Неге балдар сага көп карайт?
Сөз айтышып жымың күлүшөт.
Бири шайыр, бири уялат,
Балким, баары сени сүйүшөт.
Кайырма:
Көрүшкөнчө көздөр тике карабай,
Эки мүнөз уяң өскөн баладай.
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдүү бакты аралай.
Ошол күнү таанышканбыз жаңыдан,
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан.
“Аппагыңды көрүп алчы” дегенсип,
Ал аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.
Басылганча туралы деп кичине,
Баш катабыз бир күрмөнүн ичинде.
Дал ошентип ошол күндү өткөрдүк,
Неге мынча сүйүү кымбат кишиге?
Жарк дегенде неге мени карадың?
Дал ошондо жайнай түштү жамалың.
Дагы, дагы жарк дей түшсө экен деп,
Ошондо мен чагылганды самадым.
Сөзү : Омор Султановдуку
Обону : Асанкалый Керимбаевдики
Сүйүүм турат жердин кени тургандай,
Мойнумдагы ыйык, аяр тумардай.
Көкүрөккө сыймык толуп караймын,
Көп кыйналып жакшы бир үй кургандай.
Сүйүүм агат мелмилдеген суулардай,
Айбаттанат көлдө сүзгөн куулардай.
Таттуу сайрап, элжиретип сезимди,
Таң алдында үн алышкан улардай.
Бул дүйнөдө ачкан менин үнүмдү,
Жарык кылган көөдөндөгү түнүмдү.
Сенин гана аман жүргөн карааның,
Мен сен үчүн даңктап ырдайм сүйүүмдү.
|