|
Сөзү : Н.Садыровдуку
Обону : Аман, Аскар Бержибаевдердики
Сени таптым менин сүйүктүүм,
Көп издеп, азапка салдың кайра эле.
Менин бактым эми ким үчүн жалындайт?
Жана албай, жалганда жалгыздай,
Күтөмүн жолуң карай, о-о-о.
Кайырма:
Айсулуу аярлуум элең,
Жүрөктү эзген.
Айсулуу калды так сенден,
Калды так сенден...
Мейли кеттиң мени унуттуң мөлтүрөп,
Аябаган каректер.
Сенин барың менин үмүтүм, сагынам,
Санаам тынбай, сабалаган куштай
Күтөмүн жолуң карай, о-о-о.
Кайырма
Жүрөмүн чыдап кыйналган күн өттү,
Сыздатпа жүрөктү сен.
Кайырма
Сөзү : Нурмат Садыровдуку
Обону : Айбек Замировдуку
Жаралаба, татынам сага,
Тартылам неге, байланам?
Жылдыздай жайна түбөлүк мага,
Жалгызым ааламда.
Элесиң карегимде,
Эми сен сезимимде.
Кайырма:
Сага байландым, санаага арбалдым,
Садагам, жаралаба...
Мага карааның махабат баяны,
Айдайым, арнадың сен.
Берилемин сага, эркелеген мага,
Эми сен кетсең башкага.
Таба албай айла, тагдырыма кайра,
Табышмак ал мага.
Элесиң карегимде,
Эми сен сезимимде.
Кайырма:
Кереметтүү жамалың,
Керилесиң маралым.
Келбетиңе арбалып,
Күйүп, оттой жанамын.
Келбетиң ай сезилип,
Дегдеп, жүрөк эзилип.
Ак сүйүүмдү айтамын.
Кези келсе, кезигип.
Кайырма:
Адеми, Адеми,
Эми азапка салба мени.
Адеми, Адеми,
Сүйөм жалгыз сени.
Тагдыр берген белегим,
Жүрөгүмдү ээледиң.
Жүзүң сулуу, Адеми,
Айга сени теңедим.
Кайырма:
Адеми, жүзүң сулуу, Адеми,
Адеми, арман болуп, Адеми.
Кайырма:
Сүйүү ырын сага ырдай,
Жүрөмүн сени кыйбай.
Жүрөгүм сыздап жашын тыйбай,
Жалгыздык мени кыйнайт.
Бакытым деп сени мен тандап,
Жүрөгүм сага ардак.
Жүрө албадым колуң кармап,
Башканы кеттиң жандап.
Кайырма:
Кош болгун түбөлүк,
Кайрылбай кайда сен кеттиң?
Күтөмүн дайыма,
Өзүңдү самап жүрөмүн.
Келчи эми деп жалынбаймын,
Кеттиң сен кайрылбадың.
Сезим кыйнап жалындаймын,
Сезбедиң кайгырганым.
Издебегин эми мени,
Сүйүүнүн бүттү чеги.
Унутамын мен да сени,
Убайым тартпа эми.
Кайырма:
Толкунга чимирилген көлдүн жээги,
Томсортуп, тоноду го тагдыр мени.
Жалгызмын уч-кыйыры жок бул дүйнөдө,
Жалынып чакырсам да таппайм сени.
Кайырма:
Бул жашоого бир келсем да,бир кетсем,
Анан мынтип ашыгыма жетпесем.
Анда сенин барың кайсы Жараткан,
Бул дүйнөнү бир кем кылып жаратсаң?
Алмашкыс түгөйүнөн ажыраган,
Армандуу күйүтүнөн көктү айланган.
Ак куудай боюм көлгө ургум келет,
Азабын бул сүйүүнүн көтөрө албай.
Кайырма:
Биз турдук жол боюнда, жаныбыз толуп муңга,
Тагдырдын билбептирбиз жазбасын жолугууга.
Жолуңду тосуп күндө, турчумун сени карап,
Алыстап кете бердиң, кайрылбай менден узап.
Кайырма:
Бактылуу бол, кейибе кайгы-муңга,
Бактылуу бол махабат майданында.
Бактылуу бол көлдөгү ак куулардай,
Көз алдымдан элесиң эстен кетпейт.
Адашкан таңдарыбыз соолуган түссүз гүлдөй,
Жолуккан таңдарыбыз, кайдасың ошол түндөр?
Тирелген тилектерим обондуу ырга айланды,
Калоосу жүрөгүмдүн армандуу ырда калды.
Кайырма:
Сөзү : К. Урманбетовдуку
Обону : Э. Мээркановдуку
Кыз-жигиттер кызыл чок,
Бириң шайыр, бириң шок.
Жалкоо болсоң жолуң жок,
Жок, жок, жок, жок...
Жүрөгү таза жаштардын тилегин берет,
Жакшы күн келет, ишеним керек.
Алдыга сүйрөп алдыга бириңди-бириң,
Алгыла терең билим, арман кылбай кийин.
Айтам жаштарга,
Тишиң барда таш чайна.
Жөнү жок сүйлөп жөн эле мактанба.
Кайырма:
Силер элдин келечеги, үмүт жагылат,
Демиңерге дем кошкону ырым жаңырат,
Четтен эмес, өз жериңден бакыт табылат.
Жылдызга улап жол,
Кыргызга кубат бол.
Чырпыктан чынар болгула, чындыктан тайбай,
Тилиңди чанбай, уятка калбай.
Чыры көп ушул заманда эң башкы максат,
Ыйманды калгын сактап, ырдайлы биз мактап.
Бийик бол, жаштар,
Ыдырап эл бөлүнбөй,
Ынтымак болсун, ырыскы төгүлбөй.
Кайырма:
Силер элдин келечеги, үмүт жагылат,
Демиңерге дем кошкону ырым жаңырат,
Четтен эмес, өз жериңден бакыт табылат.
Жылдызга улап жол,
Кыргызга кубат бол.
Кыз-жигиттер кызыл чок,
Бириң шайыр, бириң шок.
Жалкоо болсоң жолуң жок,
Жок, жок, жок, жок...
Сөзү : Ислам Сатаровдуку
Обону : Ислам Сатаровдуку
Сүрөтүңө талып караймын,
Бир өзүңө бакыт каалаймын.
Жүрөгүмдө арманым калды,
Мендей дүйнөдө бактысыз барбы?
Кайырма:
Сүйүү баяны, бүтпөс аягы,
Сураймын Жараткандан.
Бактым табамбы?
Убакыт өтсө унутам өзүңдү,
Көрбөймүн кайрадан кара көзүңдү.
Болсун түбөлүк сүйүү ааламда,
Калбасын эч инсан арманда.
Азаптарда жансам да мейли,
Айтарым сага бактылуу бол деймин.
Кайырма:
Сөзү : Ж.Сыдыковдуку
Обону : Ж.Сыдыковдуку
Айткым бар көңүлүмө каткандарды,
Өзүңдөй жолдош кылып элесиңди.
Канчалык акылга баш ийсем дагы,
Сүйүүдө жыя албадым мен эсимди.
Кайырма:
Мен бүгүн күлгөндө да жашык күлөм,
Кубарып, суук урган жаз-көктөмдөй.
Жүрөмүн, бирок билбейм, кайда жүрөм,
Талыгып Жер шарын бүт көтөргөндөй.
Кар кетет, ак байлыктай жаз да келет,
Бактар да, үмүттөр да бүчүр байлап.
Окшошкон кош жалындай күйдүк эле,
Турса да бороон жүрүп, шамал айдап.
Кайырма:
Сагынычым турат дайым күч алып,
Түгөнбөгөн узун жолдой узарып.
Бирге жүрөт дайым менин жанымда,
Бир туугандай бир жакындык, кусалык.
Кайырма:
Сөзү : Жаныбек Аттокуровдуку
Обону : Жаныбек Аттокуровдуку
Бала кезин кимдер гана сүйүп эңсебейт,
Алгач сүйүү, таза сүйүү мектепте келет.
Жыргал күндү ойноп алгын бала кезиңде,
Бул өмүрдүн эң таттуусун балалык берет.
Кайырма:
Балалык, балалык артта калды балалык,
Жалынсаң да кайрылбайт го балалык.
Балалык, балалык эстен кеткис балалык,
Кайгырсаң да кайра келбейт балалык.
Ойлоп көрсөң сен жашыңда ой жок бала элең,
Жүрөгүңдө эч кири жок, сүттөй ак элең.
Ошол мезгил баарыбызга бир келет, кетет,
Кана достор бизди коштоп тургун бий бийлеп.
Кайырма:
Сөзү : Илгиз Абдалиевдики
Обону : Данияр Эрматовдуку
Нур шооласын төгүп,
Ай жүзүңдөн өбүп,
Кыялымда сени гана.
Таалайыма жазса бир өзүңдү мага,
Болор белең мендик гана?
Кайырма:
Эзилип жүрөк,
Эңсеп сени жүрөт,
Эби жок согуп жүрөк.
Түгөнбөгөн күйүт үзүлбөгөн үмүт,
Жолуңду карап күтөт.
Тамшанып жүзүңө,
Табышмак көзүңө,
Тартылам дайым өзүңө.
От болуп махабат,
Сезимге чок салат,
Жан дүйнөм сага байланат.
Кайырма:
|