|
Карап эле тургум келет талыкпай,
Сенин колуң аппак, жумшак мамыктай.
Жүрөгүң да жумшак болуп колуңдай,
Жүрсөң боло сүйгөндүгүң аныктай.
Кыйгач карап кыйнадың го карыптай,
Суусаттың го суудан чыккан балыктай.
Аздык кылат бир жылмайып койгонуң,
Акактаттың суусун берип жарытпай.
Ашык болгон абалыма карагын,
Суусатпачы, кургап барат тамагым.
Ак сүйүүңдөн бере турчу бир тамчы,
Жок дегенде эрдим нымдап алайын.
Сөзү : О.Султановдуку
Обону : К.Досмамбетованыкы
Аралап шаар ичин басып жүргөн,
Андагы ак буурул түн эсиңдеби?
Ойгонуп уйкусунан жымыңдашкан,
Оттору Фрунзенин кечиндеги.
Убакыт суудай акты, унутпадым,
Ачылган аппак гүлдөй күлгөнүңдү.
Ал түндү айта бердим жетине албай,
Калтырбай бул дүйнөдөн билгенимди.
Эстеймин элесиңди көзүм талбай,
Азыр мен амалым жок алыс жакта...
Түшүмдө түндө сени жолуктурам,
Ырахмат миң мертебе тагдырыма,
Ырахмат миң мертебе махабатка...
Сөзү : Р.Нарынбаевдики
Обону : Р.Нарынбаевдики
Топ кыздардын арасынан,
Көзүмө эле көрүнөсүң.
Байкап мен башта сени жүргөм,
Ай болуп төгүлөсүң.
Күлгөнүң мөлтүр тунук булак,
Кулпуруп гүлдөй өңдөнөсүң.
Кайырма:
Жаным, жаныңа эле барсамбы,
Сүйөм деп айтсамбы?
А бирок айтуу кыйын,
Муңайып кайтамбы?..
Эх, сулуу, сырларыңды ачсаңчы,
Ай, жылдыздай жансаңчы.
Жомоктогу чүрөк сымал,
Периштеге айланчы.
Көркөмүң көздү суктандырып,
Койкоё басып керилесиң.
Койдуң го салып мени ойго,
Ак куудай мага сезилесиң.
Тартылып, жаным, бир өзүңө,
Ашыктык отко берилемин.
Кайырма:
Мажбурлап тунгуюкка түртүп,
Азапка салдың мени кыйнап.
Махабат дастанындай болуп,
Калбасын ак сүйүүбүз сыздап.
Басалы кол кармашып бирге,
Өмүрдүн өрүн көздөй урап
Кайырма:
Канчалык ойлонсом да,
Жүрөктөн толгонсом да.
Билбейсиң неге,
Сезбейсиң неге сүйүүмдү, жаным?
Кайырма:
Сөзү : М.Бөкөевдики
Обону : М.Бөкөевдики
“Кош” деп кантип айтам сүйүүмө?
Арманымды билбейм, түшүнбөйм.
Алтын айым, түнкү айым,
Жүрөгүмдөн кетпей дайым,
Ай жүзүңдөн нуруң жанчу эле.
Кайырма:
Оо, арман күн, эмнеге,
Менде өчүң бар беле?
Айрыбачы мени сүйүүмдөн.
Оо, арман күн, бул жалган,
Каламбы жүрөк толо арман,
Кайрычы деп тунук сүйүүмдү.
Сезбегенсип менин сүйүүмдү,
Укпагансып муңдуу үнүмдү.
Жүрөгүмдү ээлеп алдың,
Көз жаш алып муңга салдың.
Арманыңды айтпадың неге?
Кайырма:
Сөзү : Э.Балтагуловдуку
Обону : Э.Балтагуловдуку
Чарчап келсем чалыгып,
Ак жолугун салынып.
Тосуп чыгат алдымдан,
Бир күлүп, бирде таарынып,
Анткени калат сагынып.
Кайырма:
Балдарымдын апасы,
Таарынба садагасы.
Бир өйдө, бирде ылдый,
Турмуштун таразасы.
Балдарымдын апасы,
Жылмайчы садагасы.
Ырдап берет кел эми,
Кыздарың менен атасы.
Ырдап берет...
Чарчап келсем алыстан,
Аталап мага жарышкан.
Балдарым менен апасы,
Үйүмдүн нуру, жарык таң.
Бир күлүп, бирде таарынган.
Кайырма:
Өткөн өмүр кайрылбайт бизге,
Өкүнүчтөр, армандар кимде?
Узун жолдо узап карааның,
Узаганда үнсүз карадым.
Кайырма:
Махабаттан жалгыз сурадым,
Өчүрбө деп үмүт чырагын.
Мезгил балким жүрөк дарылап,
Мен жоготкон сүйүүм табылат.
Кербен тартып, жылдар узады,
Артта калды кайгы, кусалык.
Кереги жок тагдыр сурарым,
Арман менен аккан көз жаштын.
Кайырма:
Адашкан сезим алыстай берди,
Аярлуу карап, «Айла жок!» деди.
Кырчылган сезим кысталат эми,
Кыйырсыз түндөр кыйнаган мени.
Билемин сагынып, зарыгып жүргөнүң,
Аргасыз, айласыз көздөрүң ирмедиң.
Кайырма:
Тилегимсиң танбаган,танбаган,
Тике карайм, жалтанбайм, жалтанбайм.
Арманым ай, асылдың мойнума,
Атың сенин кайталайм, кайталайм.
Өкүнөм эми өпкөнгө сени,
Өтпөгөн баштан өксүгүм келди.
Түшүнбөйм неге, түйшүгүм белден,
Түпөйүл кылган түгөйүм белең?
Билемин, сагынып, зарыгып жүргөнүң,
Аргасыз, айласыз көздөрүң ирмедиң.
Кайырма:
Түбү жок деңиздей,
Чөмүлүп баратам,
Тартып карегиңе.
Кең дүйнө деңиздей,
Жанашсам сени менен,
Күлкүң жан эргитет,
Жагып сезимге.
Кайырма:
Жараткан, өзүң жар болгун,
Жароокер сүйүүм, бар болгун,
Арнашып аны турганга.
Жараткан, өзүң жар болгун,
Жароокер сүйүүм, бар болгун,
Арнашып аны турганга.
Асылым, айдайым,
Жылдыздай жамалың,
Козгойт сезимимди.
Жел сылап саамайың,
Жылмайып карадың,
Төгүп мээримиңди,
Жаным эргиди.
Кайырма:
Жараткан, өзүң жар болгун,
Жароокер сүйүүм, бар болгун,
Арнашып аны турганга.
Жараткан, өзүң жар болгун,
Жароокер сүйүүм, бар болгун,
Арнашып аны турганга.
Убакыт учат зымырап,
Канат кагып жалгызсырап.
Жашырбачы сырыңды катып,
Жашайм түркүн ойго батып.
Кете бердиң го ыйлатып.
Кайырма:
Көргөн түштөй алыс караның,
Кучагында калдым санаанын.
Сен деп жашаган жүрөгүмдү жараладың.
Мейли күлгүн, мейли сүйбөгүн,
Бирок сени дале сүйөмүн,
Үзүлбөгөн үмүтүм менен сени күтөмүн.
Жанып турган шам чырагымсың,
Арзып жазган ырларымсың.
Махабаттын торунда калдым,
Жалгыздыктан мен кыйналдым,
Кайрылып келчи ардагым.
Кайырма:
Жайлоого боз үй тикпесе,
Жадырап кымыз ичпесе.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Ардактап кары күтпөсө.
Кайырма:
Кыр-кырда жылкы кишенеп,
Казанда турбаса бышкан эт.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Балдары минбесе, небере минбесе кысырек.
Кыздары беш көкүл өрбөсө,
Конокко кой союп бербесе.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Калпагын башка кийбесе.
Кайырма:
Көздөрү жадырап жылдыздуу,
Дүйнөсү буруксуйт гүл жыттуу.
Чолпондой ажары жанбаса,
Айтчы ошол тоолук кыргызбы?
Кайырма:
Ак жоолук салынган, суйкайып таранган,
Эркеси агамдын кыялданган
Капкара кашыңдан, өрүлгөн чачыңдан,
Кайниңди сүйдүрүп ойго салган.
Кайырма:
Жеңеке качпачы, сырыңды катпачы,
Маралдай керилген жеңекем ай.
Агамдын бактысы, үй-бүлө тактысы,
Бактылуу болуңуз жеңекем, ай.
Кайни деп жүрөсүң, күйдүрүп күлөсүң,
Бой жеттим мен дагы үйлөнөмүн.
Жеңеке жыл өтүп энеке болуңуз,
Узарсын алтындай ак колуңуз.
Кайырма:
Ырдап турам, жеңе гүлүм сунам,
Ак тилегим арнап турам.
Кайырма:
Сөзү : Ш.Дүйшеевдики
Обону : М.Осмоновдуку
Куш болбос, өз тууруна талпынбаган,
Кыз болбос, өз уясын калтырбаган.
Атаке, куштар учкан жолду тиктебей,
Арманым жүрөт ичте айтылбаган.
Кыярбас чынар терек дарагымсың,
Кыйналсам кыяматта таярымсың.
Кызыңа бассаң-турсаң бак тилеген,
Кымбатым атакебай, аярымсың.
Алдыңа башым жөлөп уктаганым,
Ал кезди эстеп-эстеп суктанамын.
Аттиң ай, өз үйүнө конок болгон,
Айылы бөлөк тура кыз баланын.
Аттиң ай, бере албадым жардамымды,
Азайттым мурдагыдан барганымды.
Азыр мен бассам-турсам ойлой берем,
Бактылуу болсо экен деп балдарымдын.
Сөзү : А. Алымовдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
|