|
Сөзү : А. Бегимкулованыкы
Обону : Э.Талиповдуку
Кайыл болуп көп короткон убагыма,
Качан болсо кабыл алып турарыма.
Келем жалгыз мен өткөрүп өмүрүмдү,
Ишене бер күтөрүмө, чыдарыма.
Күн карайып, карбаластан калганында,
Ак шам болуп жангым келет маңдайында.
Тагдырыңа кээде өнсүп капалансаң,
Балкаймактай көлкүгүм бар таңдайыңда.
Уктай албай өткөрдүм көп убагымды,
Эшик жакка тосуп коюп кулагымды.
Дарегимди издеп, таппай жүрбөсүн деп,
Өчүрбөстөн жатам түндө чырагымды.
Жашоо, жашоо, жашоо керемет,
Бул жашоодо, өмүр бир келет.
Ошондуктан достор келгин ырдайлы
Күлкү менен шаттык бизди термелтет.
Кайырма:
Боло электе бир арман,
Ырдагыла жаштар, ай
Биздин заман нур заман
Шаттангыла жаштар, ай.
Өмүр деген чында учкан көпөлөк,
Убагында учат бийик көкөлөп.
А кез, кезде жашоом болуп бир кызык,
Жүрбөй калат такыр эле жөрмөлөп.
Кайырма:
Өмүр деген тунук, бир аккан дайра,
Агып кетсең дайра, кайрылбас кайра.
Күч-кубатың барда ойноп, күл, иште,
Кете электе өмүр кайрылбас жайга.
Кайырма:
Өтсө дагы жылдар, жылдар арадан,
Өчпөсө экен шаттык, шаттык заманам.
Бактылуу бол достор, аман бол элим,
Тилегеним ошол, жалгыз кудайдан.
Кайырма:
Сөзү : Исирадин Аманбаевдики
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Мөлтүрөгөн тунук булак шылдырап,
Назик желге жазгы жамгыр тыбырап.
Махабаттын өлбөс күүсүн терметип,
Тээ алыстан торгой үнү угулат, угулат.
Кайырма:
Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар,
Келбейлиби бак аралап бир басып,
Көңүлдөгү айтылбаган сырларды,
Чечпейлиби бирге олтуруп, сырдашып.
Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар,
Жүрбөйлүбү айлуу түндө бир басып.
Жымыңдашкан жылдыздардын алдында,
Кол кармашып сүйүү ырын,
Кол кармашып жаштык ырын,
Шаттык ырын ырдашып.
Кеч да кирди, көктө жылдыз жымыңдап,
Ай баратат сүйүү ырына ыр улап.
Ээнсиреп бак-дарактар арасы,
Кыз-жигиттер келсе экен деп шыбырайт.
Кайырма:
Бирге учуп, бирге отуруп жанашып,
Биз тааныштык сын көз менен карашып.
Сапарлашым, сага арнап ыр окуйм,
Самолётто сапар тартып баратып.
Кайырма:
Ар убактта шыдыр болсун жолуңуз,
Аткарылсын ар бир максат оюбуз.
Суранамын чын жүрөктөн бул ырды,
Эстеликке кабыл алып коюңуз.
Адам деген бир жаралат өмүрдө,
Ойноп-күлгүн кайгы-муңга чөмүлбө.
Саламат бол, кайда жүрсөң унутпа,
Самолётто сапарлашың жөнүндө.
Кайырма:
Ыр ырдадым баратканда асманда,
Тең берерсиң термелүүңдү жазганга.
Мен бактылуу болор элем эгерде,
Сен жөнүндө оюм ишке ашканда.
Кайырма:
Жүзүңдү айдың жел аймалап,
Жүрөктү кусалык саймалап.
Аттиң ай, кайрылып келсечи,
Ай менен сырдашкан махабат.
Жаралуу жүрөктү мас кылып,
Жанымда жүрсөң сен каткырып.
Кечеги кыялдар бүгүн жок,
Кеткенби бурганак сапырып?
Сезимди кусалык аралап,
Сен кеттиң жүрөктү жаралап.
Жүрөктөр биригип сыр чечкен,
Кайдасың жылдыздуу махабат?..
Сөзү : Ж.Сатыбалдиевдики
Обону : Ж.Сатыбалдиевдики
Өмүрүмдө өчпөс болуп,
Өкүнүчүм ичте калды.
Убадаңды аткара албай,
Ууландырып кеттиң жанды.
Түшүнбөпмүн түгөйүмдүн экендигин ичи жарды.
Кайырма:
Ак сүйүүмдү сезбегендей,
Зарлап күтсөм келбегендей.
Санаа тартып сагынамын,
Кадырыма жетчүлөрдү.
Мени сыйлап өтчүлөрдү.
Жолуксам да жаңылыпмын,
Жаштык кылып жалыныма.
Жалгыздыктын тагдырына,
Жашоодо мен жаңылыпмын.
Эрте-кечтир жолугарбыз,
Бирок сүйүүм муздап калган.
Ишенбеймин эми сага,
Үмүтүмдү үзүп салгам.
Ишеничтин жиби үзүлдү,
Жолукпаймын эми сага.
Кайырма:
Кыя албаймын дале сени,
Бир кездерде жалындадың.
Беш жыл бою бирге жашап,
Өмүрлүк жар боло албадың.
Бакыт кушу колдон учуп,
Тагдыр бизге кылды кастык.
Сөзү : Т. Актановдуку
Обону : Т. Актановдуку
Сөзү : Акбар Рыскуловдуку
Обону : Түгөлбай Казаковдуку
Бул насыйкат, бул насыйкат,
Бул насыйкат мага калган,
Бул насыйкат сага калган.
Калган керээз бабалардан өттү насыйкат,
Тоолордон, талаалардан, эй.
Айкашканы азынатып,
Ат жалына казан асып.
Келген элдин тилеги бул,
Улуу тарыхтын,
Чоктон ысык илеби бул, эй.
О, мезгилдин өктөмдүгү, ылдамдыгы,
Кандай кезде жаралды экен "Сынган бугу"?
Комуз кылын дирилдетип,
Бириндетип, бизге насаат ыр калдыбы, эй?
Аппак марал ыры, жаңырдыңбы сен?
Аппак марал, кайра табылдыңбы сен?
Аппак марал туяк кагат,
Журт которгон сыяктанат,
Каран күнгө, марал, кабылдыңбы сен?
Каран түнгө, марал, кабылдыңбы сен?
Конушуңдан үркүп, жаңылдыңбы сен?
Мөлтүлдөп аккан булак кайда?
Моюндаш өскөн улак кайда?
Кадырлуу журтту сагындыңбы сен, эй?
Аппак марал, эй!
Аппак марал,
Артыңдан сая түшүп жебе келет,
Көзүңдөн жер айланат, тегеренет.
Жебе келет, жөнө, демек!
Турбачы, ак марал, түңүлүп сен!
Турбачы, ак марал, түңүлүп турба,
Жебе жетпейт,
Чурка түйүлүп сен.
Аппак, ак марал, аппак марал, жеңилбечи,
Батат, батабы, батып барат өмүр кечи?
Жебе келет, жөнө, демек,
Турбачы, ак марал,
Жебе жетпейт,
Чурка, түйүлүп сен, эй!
Жанып өтөбү, жебе жетеби?
Тагдыр чыркырайт, тамыр зыркырайт.
Марал кубулуп, эй,
Кайып болуп кет эми!
Аппак марал, марал туяк кагат,
Жебе жетпейт, жетет сыяктанат,
Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат, эй.
Бул насыйкат мага калган,
Бул насыйкат сага калган,
Калган керээз бабалардан.
Канат байлап өмүргө,
Каршы турган өлүмгө,
Карылардан санжыра,
Аппак марал жөнүндө.
Талыбайт элдик үмүт,
Карыбайт элдик ырлар.
Аппак марал, неге күлүңдөдүң?
Жакшылыктан асты түңүлбөдүң, эй!
Сөзү : Элдики
Обону : Элдики
|