|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Жүзүңдү айдың жел аймалап,
Жүрөктү кусалык саймалап.
Аттиң ай, кайрылып келсечи,
Ай менен сырдашкан махабат.
Жаралуу жүрөктү мас кылып,
Жанымда жүрсөң сен каткырып.
Кечеги кыялдар бүгүн жок,
Кеткенби бурганак сапырып?
Сезимди кусалык аралап,
Сен кеттиң жүрөктү жаралап.
Жүрөктөр биригип сыр чечкен,
Кайдасың жылдыздуу махабат?..
Сөзү : Ж.Сатыбалдиевдики
Обону : Ж.Сатыбалдиевдики
Өмүрүмдө өчпөс болуп,
Өкүнүчүм ичте калды.
Убадаңды аткара албай,
Ууландырып кеттиң жанды.
Түшүнбөпмүн түгөйүмдүн экендигин ичи жарды.
Кайырма:
Ак сүйүүмдү сезбегендей,
Зарлап күтсөм келбегендей.
Санаа тартып сагынамын,
Кадырыма жетчүлөрдү.
Мени сыйлап өтчүлөрдү.
Жолуксам да жаңылыпмын,
Жаштык кылып жалыныма.
Жалгыздыктын тагдырына,
Жашоодо мен жаңылыпмын.
Эрте-кечтир жолугарбыз,
Бирок сүйүүм муздап калган.
Ишенбеймин эми сага,
Үмүтүмдү үзүп салгам.
Ишеничтин жиби үзүлдү,
Жолукпаймын эми сага.
Кайырма:
Кыя албаймын дале сени,
Бир кездерде жалындадың.
Беш жыл бою бирге жашап,
Өмүрлүк жар боло албадың.
Бакыт кушу колдон учуп,
Тагдыр бизге кылды кастык.
Сөзү : Т. Актановдуку
Обону : Т. Актановдуку
Сөзү : Акбар Рыскуловдуку
Обону : Түгөлбай Казаковдуку
Бул насыйкат, бул насыйкат,
Бул насыйкат мага калган,
Бул насыйкат сага калган.
Калган керээз бабалардан өттү насыйкат,
Тоолордон, талаалардан, эй.
Айкашканы азынатып,
Ат жалына казан асып.
Келген элдин тилеги бул,
Улуу тарыхтын,
Чоктон ысык илеби бул, эй.
О, мезгилдин өктөмдүгү, ылдамдыгы,
Кандай кезде жаралды экен "Сынган бугу"?
Комуз кылын дирилдетип,
Бириндетип, бизге насаат ыр калдыбы, эй?
Аппак марал ыры, жаңырдыңбы сен?
Аппак марал, кайра табылдыңбы сен?
Аппак марал туяк кагат,
Журт которгон сыяктанат,
Каран күнгө, марал, кабылдыңбы сен?
Каран түнгө, марал, кабылдыңбы сен?
Конушуңдан үркүп, жаңылдыңбы сен?
Мөлтүлдөп аккан булак кайда?
Моюндаш өскөн улак кайда?
Кадырлуу журтту сагындыңбы сен, эй?
Аппак марал, эй!
Аппак марал,
Артыңдан сая түшүп жебе келет,
Көзүңдөн жер айланат, тегеренет.
Жебе келет, жөнө, демек!
Турбачы, ак марал, түңүлүп сен!
Турбачы, ак марал, түңүлүп турба,
Жебе жетпейт,
Чурка түйүлүп сен.
Аппак, ак марал, аппак марал, жеңилбечи,
Батат, батабы, батып барат өмүр кечи?
Жебе келет, жөнө, демек,
Турбачы, ак марал,
Жебе жетпейт,
Чурка, түйүлүп сен, эй!
Жанып өтөбү, жебе жетеби?
Тагдыр чыркырайт, тамыр зыркырайт.
Марал кубулуп, эй,
Кайып болуп кет эми!
Аппак марал, марал туяк кагат,
Жебе жетпейт, жетет сыяктанат,
Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат, эй.
Бул насыйкат мага калган,
Бул насыйкат сага калган,
Калган керээз бабалардан.
Канат байлап өмүргө,
Каршы турган өлүмгө,
Карылардан санжыра,
Аппак марал жөнүндө.
Талыбайт элдик үмүт,
Карыбайт элдик ырлар.
Аппак марал, неге күлүңдөдүң?
Жакшылыктан асты түңүлбөдүң, эй!
Сөзү : Элдики
Обону : Элдики
Сөзү : Атай Огонбаевдики
Обону : Атай Огомбаевдики
Сөзү : Сайра Батыркулованыкы
Обону : Казак элиники
Эселегим элиңде,
Эркеледиң өмүргө.
Кадам таштап барасың,
Балалыктан келинге.
Кызым, кызым канатым,
Учук улаар санатым,
Бата тилеп узаттым,
Бактың менен жанашкын.
Аруу, асыл таң элең,
Алдейлеген көлөкөм.
Ата-энеңдин тилеги,
Бактылуу бол берекем.
Кызгалдактай жан элең,
Кыйбай калды апакең.
Кылым баскан нарк менен,
Кыз узатуу салт экен.
Кызым, кызым чырагым,
Бой тиреген чынарым.
Айылыңдан аттанып,
Кайын журтка узадың.
Асыл ойдун эми бол,
Акыл ойдун кени бол.
Ак жоолугуң булгабай,
Алганыңдын теңи бол.
Тууруңдан учуп, түндүгүн бизден бөлүнүп,
Барасың эми, кайын журт күткөн куттуу үйгө.
Жүрөгүң менен жакшылык тилеп кабыл ал,
Өз үйүң ал да, өз үйүң ал садага...
Барган жерден так тапкан,
Бала таап, бак тапкан.
Келин болгун ыймандуу,
Айылыңа бүт жаккан.
Кайрылыштан суу алгын,
Кайненеңден дуба алгын.
Кабагыңды бүркөбө,
Кайын журттуң кубансын.
Барган үйгө кут болгун.
Босогоңдо бут болсун.
Көшөгөңдү көгөртүп,
Алган жарга жуп болгун.
Ар тилектин эми бол,
Акыл-ойдун кени бол.
Ак жоолугуң булгабай,
Алганыңдын теңи бол.
Кызым, кызым чырагым,
Бой тиреген чынарым.
Айылыңдан аттанып,
Кайын журтка узадың.
Сөзү : Майрамбек Осмоновдуку
Обону : Майрамбек Осмоновдуку
Сөзү : Надырбек Алымбековдуку
Обону : Апаз Жайнаковдуку
Сөзү : С. Момбеков
Обону : А. Чойбекова
Алтыным көргөндө караныңды,
Азгырып бурчусуң жамалыңды.
Ал кезде чогу жүрүп ойлобопмун,
Арманда минтип ырдап каларымды.
Сүйгөнүм көргөндө караныңды,
Сүйдүрүп турчусуң жамалыңды.
Чогу жүрүп ал кезде ойлобопмун,
Чолпондой жалгыз сырап каларымды,
Чолпондой жалгыз таңга каларымды.
Кайырма:
Кош, сүйүүм
кош айтам сага жаным.
Кош, сүйүүм
Кош болгун, кошкун эми.
Кош, сүйүүм
Алгачкы менин туң сүйүүм.
Азыр мен көрө албай караныңды,
Арманда сенсиз сыздап каламынбы.
Алдырдым өзүңдү башка адамга,
Аттиң, ай кимге айтам арманымды.
Каалаймын бакыт кушун табарыңды,
Бактылуу өмүр сүрүп жашарыңды.
Сен эми өмүр бою бактылуу бол,
Унутпа сени сүйгөн адамыңды,
Унутпа сени сүйгөн бир адамды.
Кайырма:
|