|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Ак куудай түнөгүңдө,
Ак тилек жүрөгүмдө.
Билели баркыбызды,
Бир келген бул өмүрдө.
Кайырма:
Кел, достор, той кылалы,
Көл болуп толкуналы.
Өмүрдүн өксүк жерин,
Ыр менен толтуралы.
Күнгө окшоп келгин кушка,
Күлгүн кез, эң бир кыска.
Туралы тартуулашып,
Тузу кем бул турмушта.
Таарынычың койчу нары,
Таалайга кол суналы.
Тагдырдын тайкы жерин,
Ыр менен толтуралы.
Кеткенге, кейибейли,
Кечикпей кел бийлели.
Бири кем жалган дүйнө,
Биз эми кемибейли.
Боордоштор отуралы,
Болбосту болтуралы
Көңүлдүн өксүк жерин,
Ыр менен толтуралы.
Сөзү : Н.Дубаналы
Обону : А.Бедияровдуку
Ашыгып күйүп от болсом,
Ал тургай кызыл чок болсом.
Азаппы, мага эмне?
Айылыңа келсем жок болсоң.
Жүрөгүм күйүп от болсо,
Оттогу кызыл чок болсо.
Жүрөгүм менин күйбөйбү,
Журтуңа келсем жок болсоң.
Сыр айтып сырың чечемби,
Сыздасам сага жетемби?
Сымбатым менин, келсем да,
Сырдаша албай кетемби?
Тагдырлар качан билинет?
Келбедиң күтсөм миң ирет.
Татына жигит өзүңө,
Таарындым сага бул ирет.
Сөзү : Кожогелди Култегиндики
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Сөзү : Айгүл Узакованыкы
Обону : Түмөнбай Колдошовдуку
Көл түстүү көйнөк кийип бүгүн түнү,
Түшүңө ушул түнү кирсем экен.
Качанкы кайрылбаган жаштыгыңдын,
Бир үзүм жалынына күйсөм экен.
Ар түндө издей берип тааныш үндү,
Шарпылдак толкундарды сапырарсың.
Көздөрүң толуп кетип кусалыкка,
Обонун улуу жаздын чакырарсың.
Аны сен изде ташып, кайра толуп,
Шатырап кызыл кечте жамгыр болуп.
Издегин жүрөктөгү арзуу болуп,
Жазында таңды тосчу жаңы ыр болуп.
Көл түстүү көйнөк кийип бүгүн түнү,
Түшүңө ушул түнү кирсем экен.
Эсиңе түшө калган жаштыгыңдын,
Бир үзүм жалынына күйсөм экен,
Чын эле мен түшүңө кирсем экен...
Алма сунсам колуңа,
Колума, колума.
Албай аны койдуң да,
Койдум, да койдум, да.
Жолук салсам мойнуңа ,
Мойнума, мойнума
"Жок"деп салбай койдуң да,
Койдум, да, койдум, да.
Куттуктасам майрамың,
Майрамым, майрамым.
Рахматың айпадың,
Айпадым, айтпадым.
Күндө сурайм жообуңду,
Жообумду, жообумду.
Айткаыңдан кайтпадың,
Кайтпадым, кайтпадым.
Жаш жүрөктү кыйнадың,
Кыйнадым, кыйнадым.
Жашым төгүп ыйладым,
Ыйладың, ыйладың.
Кош эмесе алтыным,
Алтыным, алтыным.
Болушунча сыйладым,
Сыйладың, сыйладың.
Мунун баары тамаша,
Ыя, ыя, кандайча?
Бир басалы жанаша,
Жанаша, жанаша.
Турмуш күүсүн чертели,
Чертели, чертели,
Гүл заманга жараша,
Жараша, жараша.
Сөзү : Каныбек Исаковдуку
Обону : Түмөнбай Колдошовдуку
Күүгүмү жок, аппак сулуу таңдардай,
Күлкүгө бай, сүйүүгө бай, шаңга бай.
Көңүл кушун көкөлөткөн обого,
Кандай сонун студенттик күндөр ай.
Кайырма:
Билимге ширелген,
Бактылуу көз ирмем.
Студенттик күндөрдү,
Жар салам ыр менен.
Сүйүү ширелген,
Армансыз көз ирмем.
Студенттик кезимди,
Даңктаймын ыр менен.
Жатакана ар бир бөлмө тагдырлар,
Кыз-жигиттин дил табышкан жайындай.
Аруу тилек максаттарга чулганган,
Өтүп барат студенттик күндөр ай.
Кайырма:
Жаңы достор, жаңы теңтуш курбулар,
Биргелешип келечекке жол улар.
Оттуу курак күлгүн кезди эңсетип,
Жүрөктөрдө жаңырса дейм бул ырлар.
Кайырма:
Шарактаган шаттуу күндөр,
Таңды тоскон таттуу түндөр.
Студенттик алтын кезим,
Жаңы ачылган жашыл гүлдөй.
Сөзү : Надырбек Алымбековдуку
Обону : А.Бедияровдуку
Сөзү : А.Осмоновдуку
Обону : Түмөнбай Колдошовдуку
Сүйгүм келет жаш жандырып, жаш болуп,
Жашым алдап, жаш кайыңдай мас болуп.
Жанар тоодой жанып чыккан отуңан,
Чыккым келет жарып чыккан таш болуп.
Кайырма:
Сүйгүм келет, миң мертебе жаңылып,
Сүйгүм келет, сүйгөнүмө жалынып.
Өз күчүңдү, өз күчүмө багынтып,
Сүйгүм келет, кээде өзүңө багынып.
Көпкөк асман жерге түшсө жарылып,
Кыян жүрсө жердин үстү тарылып.
Ал кыяндан өтөөр элем кыйналбай,
Бир көз караш кубатыңды жамынып.
Кайырма:
Сүйгүм келет, миң мертебе жаңылып,
Сүйгүм келет, сүйгөнүмө жалынып.
Өз күчүңдү, өз күчүмө багынтып,
Сүйгүм келет, бүт ааламга жар салып.
Обону : А.Бедияровдуку
Бул турмуш деңиз тура кенебеген,
Жакшылык, жамандыгын ченебеген.
Экөөбүз бирге баскан жашыл жолдор,
Бөлүнбөй кете берет деген элем.
Бул турмуш дарак тура, мөмөлөгөн,
Мөмөсүн эсиргендер тебелеген.
Тымызын, кош айтышып жатканымда,
Мен сени унутам го деген элем.
Тагдырдын тайгак жолун жаза бастым,
Сүйүүсүз, бирок бир күн жашабасмын.
Кайрылбай кайкып өткөн, кайып куштай,
Куш менен кыска өмүрлүү, махабатым.
|