|
Сөзү : Э.Мамытовдуку
Обону : И.Аманбаевдики
Кечип таштап даңктан, атактан,
Келечегин издеп бараткан.
Кайгылуу шер дүйнө кыдырат,
Кайдасың сен, Нестан-Дарежан?
Кайырма:
Ак сүйүүнүн дайрасын кечип,
Азап-кайгы жүрөктү эзип.
Алоолонуп күйүп баратам,
Ансайын мен сүйүп баратам.
Аялзаттан башкача сезип...
Тоскоол болуп тура албаган,
Тоңгон музду ызгаар Бадахшан:
Тоону тешип өтөм сен үчүн,
Тосуп чыкчы, Нестан-Дарежан.
Кайырма:
Күнү-түнү чыкпай санаамдан,
Күйгөн шамсың мен деп жаралган.
Күйүт мени мыжып жатса да,
Күдөр үзбөйм, Нестан-Дарежан.
Мен эми элимди сагынган,
Туулган жер тузуна багынгам.
Келемин узак жол алдымда,
Махабат күтөмүн айылдан.
Ардагым сен, Жамиля,
Жалжалым сен, Жамиля.
Ашыгым сен, асылым сен,
Эркетайым.
Жүрөктө көп сыр бар кайнаган,
Үмүтсүз жашаган кайрадан,
Күн сайын жүз ирет көрсөм да,
Канбаймын жүзүңө жайнаган.
Кайдасың сен, Жамиля?
Арманым сен, Жамиля,
Ардагым сен, асылым сен,
Жан жыргалым...
Сен десем жүрөгүм эзилер,
Бир сага жан барбы тең келер.
Сени ойлоп сагынган, саргайган,
Акыры бакытка кез келет.
Кайдасың сен, Жамиля?
Арманым сен, Жамиля,
Ардагым сен, асылым сен,
Жан жыргалым, Жамиля...
Сөзү : М.Осмоновдуку
Обону : М.Осмоновдуку
Айылыңа капыстан барып калдым,
Көрөр замат көңүлгө жагып калдың.
Ырдап жатсам гүл сунуп чыгып келдиң,
Ошол бойдон каректе калып калдың.
Кайырма:
Кылыктанып кылчайып күлүп койдуң,
Сүйөрүңдү көзүңдөн билип койдум.
"Сезбей кетти сүйүүмдү" дебесин деп,
Мен да сени жалт карап күлүп койдум.
Ошол түнү уктабай ойгоо жаттым,
Ооналактап тынымсыз ойго баттым.
Көптөн бери жүрөгүм эңсеп жүргөн,
Ак сүйүүмдү акыры Оштон таптым.
Кайырма:
Кыялымда дайыма жанымдасың,
Өмүр бою издесем табылбасым.
Ортобузда чын эле сүйүү болсо,
Кадырыңа жетейин, карындашым.
Кайырма:
Алыстан келсем сага кусаланып,
Айылымдан кетиптирсиң узап алыс.
Арнаган гүлдүн сага бариктери,
Алдымда турду түшүп ушаланып.
Кайырма:
Жомоктогу сүйүүнү пайдаланып,
Жоругуңду жазчу элем айдан алып.
Жол боюнда ыйлаарың билбептирмин,
Жоолугуңду кыйшайтып байлап алып.
Артыңдан барсам издеп кабар алып,
Алдымдан чыктың капыс балаңды алып.
Аттиң, ай, ушак ээрчип калбасын деп,
Амандык сурашканга жарабадык.
Кайырма:
Жол жок эми өзүмдү куткарууга,
Жакшы болбойт турмушуң бузганымда.
Жооткотуп өзүмдү койдум алдап,
Жолдошуңду жакшы деп укканымда.
Кайырма:
Сымбатың сулуу келишкен,
Сезимге бөлөйт, периштем.
Бир көргөн жандын өзүнө,
Келбетиң жанды эриткен.
Бир көргөн жандын өзү элең,
Келбетиң жанды эриткен.
Кайырма:
Карегиң көзгө кадалат,
Жүрөктү козгоп жаралап.
Аттиң, ай, кандай турмушум,
Адашкан алсыз махабат.
Аттиң, ай, кандай турмушум,
Кечиккен сүйүү, махабат.
Айта албай ашык сырымды,
Арналган сага ырымды.
Жүрөгүм сезип турса да,
Жүзүңдөн чыккан нуруңду.
Жүрөгүм сезип турса да,
Жүзүңдөн чыккан нуруңду.
Кайырма:
Сездиң го сен да болгонун,
Сезимге бүлүк козгодуң.
Сыр бербей жаным башкага,
Кечиктим, бирок ойлондум.
Сыр бербей жаным башкага,
Кечиктим, бирок ойлондум.
Табигатың тартуу кылган,
Жериң сулуу жайнаган.
Куштар сайрап мукам үндүү,
Кандай сонун айланам.
Кайырма:
Кыргыз жерим, сүйгөн элим,
Кылымдарга жашай бергин.
Акыл дайра элим берген,
Асыл эмгек бийик деген.
Кылымдардан кылым коштоп,
Урпактарың улап келген.
Кайырма:
Кырчын кезде кыялдарым шок эле,
Кыр ашпаган жаш өмүрүм ток эле.
Сүйүү деген жаштык кездин дарты деп,
Улууларга мен ыйгаргым жок эле.
Өттү жылдар, эми башка айтарым,
Өмүр мени, мен өмүрдү байкадым.
Жаш тандабай жанган кезде махабат,
Жан дүйнөмдү жалын менен чайкады.
Оргуп турса мөлтүр булак белдеги,
Ошол экен махабаттын гүлдөрү.
Жүрөктөрдө бул керемет болбосо,
Сулуулукка ким толтурат дүйнөнү?
Жан дүйнөңдү ээлеп алса махабат,
Андай кезде жүрөк толкуп,
Махабат жаш тандабайт махабат,
Жаш тандабайт махабат.
Кайырма:
Салам, калкым салам!
Урмат кылдым сага.
Шаттык маанай каалап,
Элим таазим кылам.
Гүл арасы, эл арасы,
Кутман убак, кутман курак,
Жашоодогу бул дүйнөнүн,
Кумарланам ырын уксам.
Ала-Тоонун, жер эненин,
Койнундагы элим сенсиң,
Нечен инсан даңкы чыккан,
Айланайын кыргыз жерим.
Кайырма:
Күлгүн курак, күлгүн курак,
Күндө жаңы ырды курап.
Кайгы сезбей күлкү чачып
Жашообузду нары улап,
Суктандырып күндү-айды,
Жарык маанай жылмайды.
Кана эмесе келген мейман,
Кел бийлейли, кел ырдайлы.
А, балким болуп жүрбө мен издеген,
Түбөлүк кайталангыс сулуу обон.
А, балким болуп жүрбө мен күтпөгөн,
Тагдырымды жаралаган бүтпөс арман.
Кайырма:
Оо, менин биринчи сүйүүм,
Оо, менин биринчи махабатым
Тоолордун мөлтүр, тунук булагындай,
Неге мынча тазасың, сүйкүмдүүсүң.
Багындырып бүт дүйнөмдү ээлеп алып,
Таап алдың ачкычын жүрөгүмдүн.
Кайырма:
Көргөн күндөн түйшүк салып дүйнөмө,
Күндө бир маал сен киресиң түшүмө.
Күчүмө теңдеш келээр күчтү таппай,
Баш ийдим бир өмүрдүн өкүмүнө.
Кайырма:
Жанымдан өтсөң жылмайып,
Жалт карайм мен да кылчайып.
Ичтеги сырды айта албай
Жүрөсүң, айтчы кимде айып?
Өзүңдү жакшы көрөмүн,
Өзгөчө сүйөт жүрөгүм.
Өрт болуп өмүр өтсө да,
Сүттөн ак сага тилегим.
Ойлонуу менен таң атат,
Ойлорум сени саматат.
Жыл өткөн сайын жылт этип,
Жаштыгым өтүп баратат.
Айттырбай билип сырларды,
Ардактап жаштык ыргалын.
Алагды кылбай көп эле,
Аясаң боло, жыргалым.
Сулуунун көркү Фатима,
Суктанам ыйык затыңа.
Жалт карап койсоң айбыгам,
Айта албай сөздү батына.
Кайырма:
Жүрөгүмдү кыйнаба,
Жаным менин Фатима.
Көңүлүмдү сыздатпа,
Үмүтүм сага гана.
Көздөрүң сонун, Фатима,
Салбасаң назар дартыма.
Таппасаң дары дартыма,
Айыкпас оору таптым, ай.
Кайырма:
Каштары кара Фатима,
Мас болсом атыр жытыңа.
Уктасам уйкум канбаса,
Оролуп жатып жаныңа.
Кайырма
Карасам да кумар канбайт,
Тартынамын сенден дале.
Кылыктанып карашың да,
Жан дүйнөмө жарык чачкандай.
Көздөрүм катып көзүңдөн,
Уялам сенден негедир.
Ушундай катуу сезимден,
Кумарым канбай келет бир.
Кайырма:
Көзүмө көзүң кадалып,
Тартынамын сенден дале.
Далайга бүткөн сыяктуу,
Карашың мага дары эле.
Көздөрүм катып көзүңдөн,
Тартынам сенден негедир.
Көзүңдү сүйүп турсам да,
Кумарым канбайт негедир.
Кайырма:
|