|
Жазылбай актай калган барагыма,
Эми мен атыңды атап ыр жазбаймын.
Толтуруп жүрөгүмдү кусалыкка,
Сагынам деген сөздү,
Күтөмүн деген сөздү оозанбаймын.
Кайырма:
Жол карап күткөн күндөр артта калды,
Кеч күздүн жалбыраксыз дарагындай.
Аз-аздан унутулат аёо сезим,
Өмүрдүн саргарган бир,
Мезгилдин саргарган бир барагындай.
Жазылбай актай калган барагыма,
Көзүмө жаш толтуруп карабаймын.
Жаштыктын жазы толгон көчөсүнөн,
Жарк этип көрүнсө деп,
Нур болуп төгүлсө деп самабаймын.
Кайырма:
Бүгүн тойдо кыз-бала, эртең эле ээрчитет
Эне болоор балага, каарылыкка баш ийген.
Кошуларсың дайрага карындашым бүгүн той,
Ишке ашкан биздин ой, кел бийлеп кой садага.
Кайырма:
Жаштар бийлейт, жатса гүлдөйт,
Карындаш ай, суранамын
Бийле жүр деп, жаш кезиңде
Ойноп күл деп...
Күлкү менен тан аткан, шаттык жандап бараткан,
Кел курбалдаш достр ай, жаштык өтөт турбайбы,
Каарыбаска жок арга, кайгырганда не пайда,
Өтө электе бул өмүр, кел бийлейби ырдайлы.
Кайырма:
Эмгек менен таң аткан, эл суктантып караткан,
Кайран өмүр жашчылык, өтүп барат шаштырып,
Уурунаарга жоо таппас, аттиң жаштык масчылык
Кана досум тос көтөр, бүгүн тойду шат кылып,
Биз ырдайлы каткырып...
Кайырма:
Сөзү : Т.Кожомбердиевдики
Обону : С.Жумалиевдики
Жүрөк эргип кагылып,
Санат жеткис жаңылык.
Кирип келет аздан соң,
Жаңы жылым жаңырып.
Жаңы бакыт агылып,
Үндү бийик созолу,
Күлкү менен шат менен
Жаңы жылды тосолу.
Жаштар дагы карылар,
Кубангыла баарыңар.
Жаңы жылдын өзүнчө
Айтып бүткүс шаңы бар,
Айтып бүткүс жагы бар
Биз да добуш кошолу
Күлкү менен шат менен
Жаңы жылды тосолу.
Алгыла ыр кесени,
Азыр ырдын кезеги.
Соолубасын өмүрлөр,
Соо жүрөлү дешели.
Соо жүрөлү дешели.
Үндү бийик созолу,
Күлкү менен шат менен,
Жаңы жылды тосолу.
Сөзү : Э.Балтагуловдуку
Обону : Э.Балтагуловдуку
Сөзү : Г. Момунованыкы
Обону : Жанышбек Кочкоровдуку
Сагынып сен келгенде, мен да келем,
Негедир уяң тартат менин денем.
Жалт карай албасам да жамалыңды,
Көзүмдүн кыйыгынан карай берем.
Карай берем, карай берем,
Көзүмдүн кыйыгынан карай берем.
Сени ойлоп отурганда ой да терең,
Телефон “шыңгыр” этет жүрөк эзген.
Алтыным, сен экен деп ала койсом,
Арман ай, ал адашкан адам экен.
Башка экен, бөлөк экен,
Аттиң ай, ал адашкан адам экен.
Негедир сени эстеп самай берем,
Издесем мен изиңди табаар белем
Сен баскан көчөлөрдү мен аралап
Элесиң жүргөнсүйт мени менен.
Карай берем, карай берем,
Көзүмдүн кыйыгынан карай берем...
Көнүлүм сага түшкөн жүрөгүмдөсүң,
Жүрөгүм сени эңсейт дайым күнөөсүң.
Жүрөктөгү сүйүүм жанат сага тутанып
Сүйүүм жалгыз, түбөлүккө жалгыз өзүңсүң
Кайырма:
Сүйөм жаным түбөлүккө сенин өзүңдү,
Сүйүп келем, сүйө берем кара көзүңдү.
Жүрөгүмдө жанган оту сен деп жанарын,
Билчи өзүң, түшүн жаным, укчу сөзүмдү.
Тамшанамын, танданамын аппак сүйүүгө,
Тамылжыган таза жүзүң окшойт күнүмө.
Таңкы соккон илберинки эрке шамалдай,
Окшоштурам сени жаным тоонун гүлүнө.
Кайырма:
Мен сизге күндөй ашыкмын,
Мен сизге гана ашыкмын.
Деңиздей бирде ташыпмын,
Кээ бирде бирдей жашыкмын.
Жаш төгөт ката из үчүн,
Ыр оңой дебе кыз үчүн.
Уяттан жанып турсам да,
Жасагам баарын сиз үчүн.
Бактылуу жанга арнаңыз,
Мактанып көпкө айтпаңыз.
Көрсөткөн сизге кылыгым,
Көмүскө ичке сактаңыз.
Кышда жылуу жайында салкын кабагың,
Кылыктарын кымбат мага жамалың
Азыр эми катарыңдан кетсем да,
Улам кайра мен сагынып каламын.
Кайырма:
Бар бакытым өзүң гана сезилип
Жүрөк туйлап сагынычтан эзилип
Элесиңе эркелеймин багынып,
Махабатым бүтпөчүдөй сезилип.
Толкун болуп толуп ташып махаат,
Каректерден тамчы-тамчы жаш агат.
Жан дүйнөмдү жалгыз сага арнайын,
Сагындырбай жанымда бол ардагым.
Кайырма:
Айлуу түн кимдерге экен,
А, балким ойносун деп биздге бекен
Телмирип терезеңден карабастан,
Суу бойлоп келеличи келсеңчи, эркем.
Булактын мөлтүр суусу кимдерге экен,
Булар да ичишет деп бизге бекен.
Сен барда башкаларды көрбөсөм да,
Булактын шары менен бирге кетем.
Өмүрдүн аккан балы кимдерге экен,
Өздөрү ичишет деп бизге бекен.
Өтсө күн, өмүр өтүп баратпайбы,
Өлбөскө бал ичели келсеңичи, эркем.
Сен кааласаң мүң тартайын чыдайын,
Мөлтүрөгөн бирдигиңди тунайын.
Тээ алыстан эңсеп келген жел болуп,
Байкатпастан жумшак чачың сылайын.
Бол десең гүлдөй жайнайын
Боз торгой болуп сайрайын
Өмүрдөгү өчпөс сүйүүмдү,
Жүрөгүм сага арнайын.
Сен бол десең гул болуудан качамбы,
Себеп келип көркөмдөйүн жаканды.
Алоолонуп аткан тандай нур болуп
Арылтайын жузүңдөгү капаңды.
Бол десең гүлдөй жана
Боз торгой болуп сайрайын
Өмүрдө өчпөс сүйүүмдү,
Өзүмдү сага арнайын.
Сен кааласаң анын баары мен болуп,
Сезим жанып чындап сүйөр тең болуп.
Жүрөгүңдөн түнөк ээлеп түбөлүк,
Жүрсөм болду өчпөс ысык дем болуп.
Бол десең гүлдөй жайнайын
Боз торгой болуп сайрайын
Өмүрдөгү өчпөс сүйүүмдү,
Жүрөгүм сага арнайын.
|