|
Сени сүйөм жакшы көрөм баарынан,
Баарынан да күлгөнүңдү сагынам.
Сени мага, мени сага кошпогон,
Айла канча мен тагдырга таарынам.
Кайырма:
Сүйөм сени сүйгөндүгүм сүттөн ак,
Сени сүйгөн тагдырыма ырахмат
Эгер сенин ак сүйүүң чын болсо,
Жүрөр элем көкүрөккө кучактап.
Сени сүйүп бактым бар деп ойлогом,
Сени сүйүп түбөлүкко болжогом.
Ошол менин ишке ашпаган ак сүйүүм,
Журөгүмдү ойлор басты болбогон.
Кайырма:
Бактылуу бол мен колумду тартайын,
Арманымды мен башкага айтайын.
Сүйгөн сайын мен канчалык берилип,
Сен алыстап баратасың ансайын.
Кайырма:
Жаз убак келип, жымыңдайт күн да,
Бүчүрлөр байлап, жашыл төр бакта.
Сени сагынып жүрөмүн мен да,
Жолго тагылып, саймалап жазда.
Кайырма:
Сагынычта күндөр узарат,
Элесиң турат, күлө бир карап.
Кусалык тарайт,
Жүрөгүмдү улам сыздатты,
Жаным ырбатып, күндөр сагынтып.
Суктанып эстеп турчу бир арман,
Өткөндү эңсеп ойлонуп калам.
Көңүл тазарып, умтулуп барам,
Жазым ажайып, ал да бир арман.
Кайырма:
Биз жүргөн күндөр келет эсиме,
Сен берген гүлдөр ар кыл наз эле.
Өзүңдөй адам табылбас эч да,
Өткөн күн арман кайрылбас кайра.
Кайырма:
Сөзү : А.Айталиевдики
Обону : К.Жакшылыковдуку
Көлдүн жээги, бирге басып салкындап,
Жайдар мүнөз, жаз күнүндөй жаркылдап.
Жумшак шамал бетти аймалап сыласа,
Майда толкун жээкке урунуп шарпылдап.
Кошкун дедиң көпкө чейин кол булгап,
Кете бердим пароходдо калкылдап.
Эми алысмын куса болуп сагынып,
Бирок дагы бирге жүрөт тамашаң.
Түбөлүктүү, өмүрүмдүн шериги,
Сени сүйүп, жалгыз сени жаратат.
Ашыктыгым ого бетер артылат,
Сагынганда сүрөтүңө карасам.
Ар бир кыял, мүнөздөрүң көңүлдө,
Унутпастан ойлойм өзүң жөнүндө.
Сары алтын түбү келип сабырдын,
Сагынуумдун зардабына жеңилбе.
Аз күн калды жолугушчу убакыт,
Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде.
Кетериңде акырын, мени ороду чачтарың,
Калды менин жүзүмдө тамчы-тамчы жаштарым.
Аралап биз бир далай, тебелеппиз карабай,
Бүлдүркөндүн бүрлөрүн.
Эсте-эсте, Гүлкайыр,
Эстей жүргүн күн сайын,
Балалыктын күндөрүн.
Сени өзүм узаттым, тааныбаган башкага,
Кечир мени, Гүлкайыр, бул балалык куракты.
Аралап биз бир далай, тебелеппиз карабай,
Бүлдүркөндүн бүрлөрүн.
Эсте-эсте, Гүлкайыр,
Эстей жүргүн күн сайын.
Балалыктын күндөрүн.
Мезгил учат жылдар узап тыным албастан,
Жаштык өтөт жалын жүрөк согуп турбастан.
Өткөн өмүр билгин кайра кайтып келбесин,
Жалын чачкан жанаар отуң жана бербесин.
Ии-ий, о-оо, өткөн өмүр билгин кайра кайтып келбесин,
Ии-ий, о-оо, өткөн өмүр билгин кайра сага келбесин.
Аппак болуп тийип турган күн да жашынар,
Токтобостон себелеген жамгыр басылар.
Мааниси жок сөздөрүңдүн не бар кереги,
Айтчы, жаным, канча болду сааттын жебеси?
Ии-ий, о-оо, бизди күтпөй алга сүзөт өмүр кемеси,
Ии-ий, о-оо, кайрылбастан алга сүзөт өмүр кемеси.
Өмүр кемеси, өмүр кемеси...
Сөзү : Н.Жаркынбаевдики
Обону : М.Бегалиевдики
Кар сапырган кыштын ызгаар аязында, аязында,
Кыялымдын гүлдүү, кооз талаасында, талаасында.
Колтукташа басчу элем сени менен,
Көздөрүңдүн кыбыңдаган карасында.
Кызгалдак гүлдөрү, кызгалдак гүлдөрү жайначу анда...
Көктөм келди, ал мына көктөм, көктөм келди, көктөм келди,
Көңүл эңсейт бет сылаган жыттуу желди, жыттуу желди.
Жүрү, тоого, жарыгым, ай, жүрү, тоого,
Чарчабастан мен аралап кокту, белди.
Кызгалдак гүлдөрүн, кызгалдак гүлдөрүн арнаймын сага...
Бой ыргаша аркы-терки, жалбарына, жалбарына,
Болот кумар алар сенин, жамалыңа, жамалыңа.
Жыпар аңкыйт теребел бүт, торгой таңшыйт,
Көктөм кандай, көркөм, кооз, жыргалыма.
Кызгалдак гүлүм (ай),
Кызгалдак гүлүм (ай) жайначы сен да!
Кар кетпес кайрылыштан кайтышат кайра куштар,
Билем, ортобузда белгисиз байланыш бар.
Байланыш жашоо, кардай, нурлардай,
Күйүттөн бийик канча күтүүгө жазалангам?
Кездерден, убакыттан көздөрүң ыза жуткан,
Жан эмес, бүткөнсүйсүң кумардан, кусалыктан.
Ашташкан жолубуз да колубуз колубузга,
Жарашат, оо, Жараткан, оюбуз, боюбуз.
А неге жанат көздөр аты жөнсүз жашоо күйсө?
Бул күтүү кайдан келди, бул күтүү качан бүтөт?
Бул күтүү кайдан келди, бул күтүү качан?
Бул күтүү кайдан келди, бул күтүү качан бүтөт?
Курбу кыздар чогулсак көп кызыкка батабыз.
Жигиттердин мүнөзүн айтып бүтпөй жатабыз.
Бош жигитти көргөндө бой таштабай капабыз,
Шок жигитти көргөндө кирпик менен атабыз.
Алсыздардын жүрөгүн ачкычы жок ачабыз.
Табылганын жактырбай, тандап бүтпөй жатабыз.
Курбу кыздар чогулуп, кыялданып бүтпөйбүз.
Сөз ыргыткан жигитти "сүйсөң мейли, күт" дейбиз.
Перилердей сыланган, курдаш кыздар татына,
Гүл бурактай буралган жарашыктуу затына,
Кандай жигит кол берер курдаштарга батына,
Кездешүүгө келгиле, кеттик өмүр жазына.
Сагынышып калганда жолугууга жөнөйбүз,
Сөздөр бүтпөй, ыр бүтпөй, үндү шаңга бөлөйбүз.
Перилердей сыланган, курдаш кыздар татына,
Гүл бурактай буралган жарашыктуу затына,
Кандай жигит кол берер курдаштарга батына,
Кездешүүгө келгиле, кеттик өмүр жазына.
Кайта, кайта обон ырым сага коштолгон,
Ой-сезим толкуп от болгон.
Көңүлдү түздөп жүрүп, өмүрдөгү күнүм издеп жүрүп,
Жарыгыңа келип токтолгон.
Кубанычым куштай сабалап,
Кут жылдызды аралап.
Жаралган бир аз күндүк өмүрдө
Жаныңа жаным аманат.
Кайырма:
Дүйнө жашарат,
Бар үчүн махабат,
Карачы бактыма калдым батпай.
Ушул тагдырыма,
Ырахмат баарына,
Ырыскы буйруган жалгыздатпай.
Мага, мага алып бербе айды, ардагым,
Асылын сөздүн арнагын.
Узаба күн алыска, оюңдамын кайгы-кубанычта,
Жолуңдамын кайда барбагын.
Жүрөктөгү сырлар айтылат,
Күбө болуп ай турат,
Жакшылыкты тиленип ушунча,
Жашоого кумар артылат.
Кайырма:
Дүйнө жашарат,
Бар үчүн махабат,
Карачы бактыма калдым батпай.
Ушул тагдырыма,
Ырахмат баарына,
Ырыскы буйруган жалгыздатпай.
Деңиздей тереңдикти каалайм сага,
Ааламдай кенендикти каалайм сага.
Нөшөрдөй бакыт-таалай каалайм сага,
Ак таңдай ачык маанай каалайм сага.
Каалайм сага, каалайм сага,
Ак таңдай ачык маанай каалайм сага.
Каалайм сага, каалайм сага,
Ак таңдай ачык маанай каалайм сага.
Асмандын кирсиз көгүн каалайм сага,
Апакай айдын өңүн каалайм сага.
Жылдыздай бийиктикти каалайм сага,
Арчадай кырчын өмүр каалайм сага.
Каалайм сага, каалайм сага,
Арчадай кырчын өмүр каалайм сага.
Каалайм сага, каалайм сага,
Арчадай кырчын өмүр каалайм сага.
Сымаптай мөлтүлдөгөн алаканда,
Булактай канча жутсам канбайм сага.
Жарылып жүрөгүмдүн тереңинен,
Жалындап чыккан ырым арнайм сага.
Арнайм сага, арнайм сага,
Жүрөктөн чыккан ырым арнайм сага.
Арнайм сага, арнайм сага,
Жалындап чыккан ырым арнайм сага.
Бакыт тоюн баштайлы эки жаштын,
Келечеги кең дүйнө эшик ачсын.
Коломтодо от жайнап, казан кайнап.
Келген-кеткен бакыт тойдон кешик тапсын.
Кайырма:
А-ай, жеңелер, тоюңар тойго улансын,
И-ий, жеңелер, тоюңар тойго улансын.
Тойлор тойго улансын, дагы улансын
Толкуп жүрөк кубансын, бир кубансын
А-ай, жеңелер, тоюңар тойго улансын,
И-ий, жеңелер, тоюңар тойго улансын.
Бүгүн үлпөт, бүгүн той, бүгүн шаттык,
Бактыбызга мына ушул үйдү таптык.
Кел коноктор келгиле, төргө өткүлө,
Той эшигин силерге кенен ачтык.
Кайырма:
Сөзү : Жусуп Турусбековдуку
Обону : Атай Огонбаевдики
Жайдын бир толук кезинде,
Адырлуу тоонун бетинде.
Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн,
Жайдары селки эсимде.
Өзүмдү сага берем деп,
Өмүрдүн гүлүн терем деп.
Сүйлөшкөн күндөр эсимде,
Турмуштун сыры тереңдеп.
Агарып тоодон таң аткан,
Суюлуп жылдыз бараткан.
Антташкан күндөр эсимде,
Кыйышпай күлө карашкан.
Сөзү : Сакен Дүйшекеевдики
Обону : Сабатар Исаковдуку
Жамалың жаз күнүндөй нурун чачып,
Ачылган жаз гүлдөй жытың аңкып.
Сүйлөгөн, ырдап жаткан үнүңдөн, ай,
Жаткандай торгой сайрап, булбул таңшып.
Сени ойлоп өзүмчө эле убарамын,
Жакшы сөз угуп качан мен кубанамын?
Бул менин жүрөгүмдүн өтүнүчү,
Алтыным, кабыл алчы,
суранамын.
Ойдогу кусалыкты кетире албай,
Көргөндө сени тиктеймин көзүмдү албай.
Айсыңбы сен көктөгү, кантип жетем?
Алтыным, кыйнадың го сен өчүң бардай.
|