|
Турмуштун түшүп жолуна,
Түйшүгүн артып мойнуңа.
Тартыпсың даалай азапты
Түндөрдүн түркүн койнунда
Кайырма:
Апакем асыл ардагым
Жаштыгың бизге арнадың
Убай көр эми уул-кыздан
Амандык тилейм ар дайым
Балам деп дайым көшөрүп,
Тогуз ай бойдо көтөрүп
Мээнетиң сездим апаке
Азыр мен бала көтөрүп
Кайырма:
Сөзү : Сакен Дүйшекеевдики
Обону : Сабатар Исаковдуку
Жамалың жаз күнүндөй нурун чачып,
Ачылган кызыл гүлдөй жытың аңкып.
Сүйлөгөн, ырдап жаткан үнүңдөн, ай,
Жаткандай торгой сайрап, булбул таңшып.
Сени ойлоп өзүмчө эле убарамын,
Жакшы сөз угуп качан мен кубанамын?
Бул менин жүрөгүмдүн өтүнүчү,
Алтыным, кабыл алчы,
суранамын.
Ойдогу кусалыкты кетире албай,
Көргөндө сени тиктеймин көзүмдү албай.
Айсыңбы сен көктөгү, кантип жетем?
Алтыным, кыйнадың го сен өчүң бардай.
Кылыгың кыргыздын күүлөрүндөй,
Көркөмүң боёктун түрлөрүңдөй,
Жүзүңдөн чачырап ар бир нуруң,
Жайкалган жайлоонун гүлдөрүндөй.
Кайырма:
Шириним, шириним, таттуум менин,
Бал-шекер бардыгы айткан кебиң.
Жароокер жайдарым, жакшым менин,
Жадырап ала жүр жайдын демин,
Жаным менин.
Жылмайып мээримдүү караганың,
Маралдын көздөрүн ирмешиндей.
Жашоомду гүлдөтүп, кооздодуң да,
Шырдактын оймосу-чиймесиндей.
Кайырма:
Ашыктык сүйүүнүн желегиндей,
Жан дүйнөм махабат белегиндей.
Өзүңө арнаган сезимдерим,
Сыр каткан деңиздин тереңиндей.
Кайырма:
Биз кайдабыз, калдык топтолбой?
Тизгиндеген бизди бош койбой.
Самасак да улам жаңыны,
Сагыныч бар эски достордой.
Артта калды дүйнө жоктолбой,
Алып учат мезгил жоктобой.
Бааласак да жаңы бакытты,
Баркка жетпес эски достордой.
Арманы көп күнгө коштолбой,
Ар-кай жерде күйгөн от болбой.
Жалындайлы бүгүн чогулуп,
Табылбастыр эски достордой.
Бала кезден жанды кошкондой,
Бар бололу таңды тоскондой.
Жардылык жок, жаңы кылымга,
Байлыгым бар эски достордой.
Бир көрүп, капилеттен көңүл сүйүп,
Алыстан караныңды көрүп жүрүп.
Өзүм да түшүнө албай калгансыдым,
Же сени калдым бекен чындап сүйүп.
Кайырма:
Сезимге сен кайрылып келген жоксуң,
Сүйүүңдү чын дилиңден берген жоксуң.
Сага арнап жүрөгүмдү жүрсөм дагы,
Сезбедиң, аттиң арман, сезген жоксуң.
Мен сени бир көргөндө сүйгөн элем,
Махабат жалынына күйгөн элем.
Качандыр бир бактыма жолугам деп,
Кыялда сени ойлоп жүргөн элем.
Кайырма:
Өзүңдү сүйгөн күнөмбү,
Өрттөндүм, аргам түгөндү.
Ашыктык гүлү ачылсын а,
Жүрөккө сепчи үрөндү.
Махабат гүлү ачылсын а,
Жүрөккө сепчи үрөндү.
Адамда ар сыр кыял бар,
Айта албайт аны уяңдар.
Өчпөгөн менин чолпонум ай,
Өзүңө мендей бир кыз зар.
Өчпөгөн менин чолпонум ай,
Өзүңө мендей бир кыз зар.
Дартымды аччу далалат,
Арга тап сүйүүм аманат.
Суу бүркүп сүйүү отуна да,
Жүрөктү кетпе жаралап.
Суу бүркүп сүйүү отуна да,
Жүрөктү кетпе жаралап.
Бакытты эмне десем, баланын өзү тура.
Жанымды элжиреткен, жагымдуу сөзү тура.
Боорума бек кучактап, баламды сүйүп турам
Жан дүйнөм толуп-ташып, бакытка тунуп турам.
Өзүңө жаным балам көңүлүм буруп турам,
Жанымда сен бар үчүн, жазылып күлүп турам.
Боорума бек кучактап, баламды сүйүп турам
Жан дүйнөм толуп-ташып, бакытка тунуп турам.
Сен менин алтынымсың
Барсбегим, таалайымсың,
Айланып кетейиним
Сен менин бакытымсың
Боорума бек кучактап, баламды сүйүп турам
Жан дүйнөм толуп-ташып, бакытка тунуп турам.
Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт,
Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт.
Тиктешиң тамашалап турган өңдүү,
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп.
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп.
Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк,
Сезимге бир башкача ой түшүрөт.
Өкүнөм сен кайрылбай кеткениңе,
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.
Өппөдүм мен өппөйүн, өкүнүч көп,
Мени алдап түшүмө окшоп кеттиң жөнөп.
Байкатпай мурдагыдай жүргөндүрсүң,
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
Эгерде бирөө болсо менден бөлөк,
Же тытып сүрөтүңдү же өрттөмөк.
Мен тытпайм, күнөө сенде сүрөттө эмес,
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
Сөзү : Ж.Мамытовдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Издейм сени арасынан элдердин,
Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин.
Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Бактарынан бардык кооз жерлердин.
Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сен деп, кайгырууга,
Кайгырууга келгенмин.
Акпы-көкпү, кызыл бекен жоолугуң?
Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум.
Кышта калган жалбырактын өңүндөй,
Ажарынан, ажарынан бир өзүң деп,
Азууда ден, азууда ден соолугум.
Пушту бекен, жашыл бекен көйнөгүң?
Мынча мени алоолонтуп ойнодуң?
Балким, ушул зор бактынын өзүдүр,
Өмүр бою, өмүр бою издеттирип,
Бир көрүнбөй, бир көрүнбөй койгонуң.
Сөзү : У.Ажибаевдики
Обону : М.Айылчиевдики
Көлдө сүзгөн жалгыз ак куу сыяктуу,
Көңүлүмдө сенин гана элесиң.
Кыйнабачы жүрөгүмдү куйкалап,
Ансыз деле сүйөрүмдү билесиң.
Кайырма:
Айжаным оо, Айжаным,
Айдай сүйкүм ажарың.
Ак сүйүүмдү бир өзүңө арнадым.
Ырдап жатсам ырларымдын сабында,
Сенин күлкүң, сенин сүйкүм жамалың.
Сүйүп калып элесиңе мас болуп,
Кыялдардын арасында каламын.
Кайырма:
Айжаным оо, Айжаным,
Махабатым арманым,
Жан дүйнөмдү жалгыз сага арнадым.
Көрүп калсам караныңды алыстан,
Көзүм тойбой турпатыңа багынам.
Сүйүүң мелт-калт тилегиңден сүйгөндө,
Сүйүү оту аып өтөт канымдан.
Кайырма:
Айжаным оо, Айжаным,
Жыпар жыттуу жалжалым
Жалындаган жаштыгымды арнадым
Жолум болуп жолукпагам өмүрдө,
Сенден сулуу, сендей сүйкүм периге
Айжаным өзүндү, түбөлүк сүйөмүн.
Бир гана сүйөм өзүңдү.
|