|
Сөзү : К.Жетимишбаев
Обону : Б.Мамаев
Түйшүк тартсам ойго келбейт эмнелер,
Тирүүлүктө толгонобуз пенделер.
Өмүр бою басып өткөн жолуңар,
Көз ирмемде үзүлгөнүң тең келер,
Көз ирмемде үзүлгөнүң, көз жумганың тең келер.
Бул бүркүмдүн билбей канча калганын,
Көкөй кескен бүтпөйт асыл арманы.
Бир жаздансаң бир ууч муздак топурак,
Басып кетет тирүүлүктүн салмагын,
Басып кетет тирүүлүктүн, бул жашоонун салмагын.
Баркын билсең кадыр менен көңүлдүн,
Бөксөрбөгүн, ташкындагын, көбүргүн.
Ансыз деле күн чыкканы, батканы,
Аралыгы өмүр менен өлүмдүн.
Андыктан сен бөксөрбөгүн, ташкындагын, көбүргүн.
Сөзү : Б.Мамаев
Обону : Б.Мамаев
Сөзү : А.Мусаева
Обону : Б.Мамаев
Сүйүп келген сүйүнүчтүү ушул күн,
Келди го деп биз эстеген айлуу түн.
Кучактайын кучагыма бек кысып,
Сүрдөнөмүн сенден, сүрдөнөсүң менден,
Кучактасам денем ысып.
Кайырма:
Эмне болот эми, аядың,
Эх, Нуриза, сүйүү баянын.
Алтын тишиң мага жаркырайт,
Ырдайынчы ырларым арнап.
Эмне болот эми аядың,
Карындашым, сүйүү баянын.
Акактай тишиң мага жаркырайт,
Ырдайынчы ырларым арнап.
Жолугуу күн белгилеп башка түнгө,
Эсте калар күн болсун деп жаш өмүрдө.
Кел, сүрөтчү, тарт сүрөттү сүйгөнүмө,
Бактылуулар табышкан деп,
Достор айтсын сүрөтүңдө.
Кайырма:
Эмне болот эми, аядың,
Эх, Нуриза, сүйүү баянын.
Алтын тишиң мага жаркырайт,
Ырдайынчы ырларым арнап.
Эмне болот эми, аядың,
Карындашым, сүйүү баянын.
Акактай тишиң мага жаркырайт,
Ырдайынчы ырларым арнап.
Жашап келем чын сүйүүм калат.
Сөзү : Ж.Исабаева
Обону : Б.Мамаев
Мен сени сүйгөн элем,
Мен сен деп жүргөн элем.
Ишенбей ак сүйүүмө,
Ишендиң жалган сөзгө.
Сагынарым, мен сени сагынамын
Сагыныч ашып барат,
Көңүлдө калып барат.
Алтыным, бара албайм,
Ишенбейм, сүйүү жалган.
Жан бирге боло албайм,
Өзүңдү сүйүп калган.
Жаштыктын махабат,
Махабат доорун сүрдүм.
Жашоодо армансыз ойноп- күлгүн,
Жашоодо армансыз бирге жүргүн.
Кош болгун, кош дей албайм, жаным, сени,
Кош бол деп колум сунсам колуң берчи.
Аяздуу аппак карлуу айлуу түндө,
Бетиңден чачың сүртүп өпкөнүмдө.
Ыйладым, кош, балалык,
Кош болгун деп.
Ыйладым биз бактылуу болорбуз деп.
Элестеп ошол күндү бактылуу күн,
Эсептеп ошол түндү баш кошкон күн.
Ишенбей бирге жүргөн түндөр жалган,
Ишенбейм бактылуу күн артта калган.
Аттиң, ай, сүйөм деген сөздөр жалган,
Арман, арман...
Келсе колдон жашаар элем кайра баштан.
Сөзү : З.Ажыматов
Обону : Б.Мамаев
Сөзү : Б.Мамаев
Обону : Б.Мамаев
Сөзү : А.Чылымов
Обону : Ч.Мырзакулов
Сөзү : Ж.Исабаева
Обону : Б.Мамаев
Сөзү : А.Акбаровдуку
Обону : А.Иманалиеваныкы
Намыс болуп, кош канаты
Оболоп учуп талбаган,
Жеңиштерге бирге жетип,
Ынтымак жолдон тайбаган.
Жигиттериң шумкар сымал,
Бийиктик менен дос болуп,
Даңазалуу бабалардай
Көтөргүн элдин байрагын.
Кайырма:
Кыргызстан, алга, алга!
Өркүндөй бергин алгала!
Кыргызстан, алга, алга!
Бүт дүйнө уксун жардана!
Нурдан бүткөн айым-кыздар,
Жан дилин аруу баалаган.
Нарк каадалуу байбичелер,
Ырыс кут үйдү кармаган.
Үмүт болуп жоодурайт гүл,
Көз жоосун алат айланам.
Кыргызстан бакыт үйү
Түбөлүк гүлдөп жайнаган.
Кайырма:
Теңир колдоп кыргыз жерин,
Жамандык кайгы баспасын.
Кыргыз көчүн улуу жолго
Даанышман Чыңгыз баштасын.
Урпактарга мурас болсун
Ажайып Манас дастаны.
Касиеттүү кыргыз жерим
Чалкыган бийик асманым.
Кайырма:
Сөзү : К.Оторбаев
Обону : Б.Мамаев
Сөзү : Д.Орозакун уулу
Обону : Б.Мамаев
|