|
Уюп жаткан кумарымды сизге деп,
Таркатууга барбы алың мени менен?
Чүнчүтүп дүйнөмдү кусага ороп,
Сүйүп калуу мынчалык түйшүк беле?
Ыйык сүйүүм, анан жаштык көктөмүн,
Бүт баарын сизге гана арнай алсам.
Мен ошондо өз бактымды таба алам,
Көңүлүмдүн буккан черин ала алсам.
Кайырма:
Жалгыз жатсам сиз деп жатам, сырдашам,
Жазсам жалаң сиз жөнүндө ыр жазам.
Мен кыйылбай, куурап өтөм дүйнөдөн,
Сүйгөнүм, ай, өзүң гана кыйбасаң.
Карааныңыз карегимде жанса экен,
Өзүм гана аздектеген жыргалдай.
Менин сүйүүм сизде гана калса экен,
Мен жараткан жакшынакай ырлардай.
Өмүрдө жалгыз гана сизди күтөм,
Өзүмө энчилеген адамым деп.
Зериктирген сезимге кантип түтөм?
Канча жашайм сагынуудан запкы жеп?
Бирок билгин, менин сүйгөн адамым,
Сүйүүм үчүн кулдук уруп барбаймын.
Зарыктырбай даба болсоң сезимге,
Бүт баарысын сизге гана арнаймын.
Кайырма:
Уюп жаткан кумарымды сизге деп,
Таркатууга барбы алың мен менен?
Чүнчүтүп дүйнөмдү кусага ороп,
Сүйүп калуу мынчалык түйшүк беле?
Бирок билгин, менин сүйгөн адамым,
Сүйүүм үчүн кулдук уруп барбаймын.
Зарыктырбай даба болсоң сезимге,
Бүт баарысын сизге гана арнаймын.
Обону : Чубак Сатаевдики
Ойноп, жыргап күлө албай,
Өмүр баркын биле албай.
Өтүп жатат өмүрүм,
Тагдыр, сага тил албай.
Оору болуп, кор болуп,
Кайран өмүр шор болуп.
Кайран дос,
Өмүрдүн баркын биле албай.
Аа, кургур тагдыр, тил албай.
Жер энеден жаралып,
Кайра жерге барабыз.
Ажал келсе бир күнү,
Акыр өлүп каларбыз.
Жараткан, оо, Жараткан,
Адамзатын тараткан.
Кайран дос,
Өмүрдүн баркын биле албай.
Аа, кургур тагдыр, тил албай.
Колдон келсе сыйлашып,
Жүргөн жакшы ырдашып.
Кереги эмне өмүргө,
Бир келген соң чырдашып.
Жараткан, оо, Жараткан,
Адамзатын тараткан.
Кайран дос,
Жардамга, достор, келе көр,
Кудайым, шыпаа бере көр.
Айтчы, биз эмне табабыз?
Акыры кетип каларбыз.
Көп ойлоп дайым өзүңдү,
Жалынга таштайм өзүмдү.
Жароокер курбум болсоң деп,
Айжамал, Айжамал, укчу сөзүмдү.
Кыйнаба менин, жаркыным,
Жыттайын тосчу алкымың.
Ушул күн сага арналат,
Айжамал, Айжамал, келчи, алтыным.
Көп ойлоп дайым өзүңдү,
Жалынга таштайм өзүмдү.
Жароокер курбум болсоң деп,
Айжамал, Айжамал, укчу сөзүмдү.
Сөзү : С.Бейшекеевдики
Обону : С.Бейшекеевдики
Кызылдан көйнөк секелек сенсиң,
Кыраңда өскөн байчечек сезим.
Сүйүүмдү айтсам билмексен болгон,
Сүйкүмдүү кызым эселек кезиң.
Түрлөнтүп айткан баяным сенсиң,
Түшүмдө берген аяным сенсиң.
Кылымдап айткан жомогум сенсиң,
Кыйналып жазган обонум сенсиң.
Апталап айткан баяным сенсиң,
Ал түндө берген аяным сенсиң,
Айлап бир айткан жомогум сенсиң,
Араңдан жазган обонум сенсиң.
Саамайдан сылаар салкын бир желсиң,
Сүйүүмө жөлөк болчу сен белсиң,
Жылдызың чачып жылмайып койчу,
Сүйүүмө жалгыз сен эле теңсиң.
Түрлөнтүп айткан баяным сенсиң,
Түшүмдө берген аяным сенсиң.
Кылымдап айткан жомогум сенсиң,
Кыйналып жазган обонум сенсиң.
Апталап айткан жомогум сенсиң,
Ал түндө берген обонум сенсиң,
Сүрдөнүп айткан жомогум сенсиң,
Сүйүүдөн тапкан обонум сенсиң.
Нөшөрлөп жааган жамгырым сенсиң,
Көөшөрүп жазган жаңы ырым сенсиң.
Сүйүүнүн сырлуу сандыгы сенсиң,
Сүрдөнүп айтсам, бардыгы сенсиң,
Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң.
Сүйүүнүн алтын сандыгы сенсиң.
Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң,
Сүйүүмө жалгыз сен эле тенсиң.
Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң,
Сүйүүнүн алтын сандыгы сенсиң,
Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң,
Сүйүүмө жалгыз сен эле тенсиң.
Сагындым сизди, сагынган менче болбостур,
Сагыныч мыжып, жүрөктү эркин койбостур.
Сагындым сизди, күз түнөп калган жүзүңө,
Мүнөзү токтоо, күмүш чач менин жан досум.
Сагындым сизди, энесин күткөн баладай,
Сагындым сизди, жашыңыз канча карабай.
Күткөндөр күтөр, аз эле күтөр көп болсо,
Менчелик сизди күтпөстүр эч ким тажабай.
Ишиңиз татаал, Жараткан аны колдосун,
Сүйгөндү билсе, сүйүүдөн эрийт коргошун.
Сүйүүгө сиздин убакыт жогун билсем да,
Сагындым сизди, сагынып жүрөм, жан досум.
Балбылдап күйгөн чырагым элең,
"Асылым" дешкен ынагым элең.
Дүйнөдө таппас жыргалды берген,
Жылаажын үндүү ыргагым элең.
Кайырма:
Жаштык, жаштык, жалынга баттык.
Кайрылчы, тагдыр, кылбачы кастык.
Бир карап койбой жанымдан өттүң,
Ыйгардың чындап сүйүүнүн өртүн.
Түгөйүм болуп түбөлүк жүрбөй,
Жазыксыз туруп, жабыркап өчтүң.
Тагдыр, тагдыр, табарым бардыр,
Махабат отун өчүрбөй жандыр.
Ай, кайдасың, жаштык?
Ай, кайрылчы, жаштык.
Балбылдап күйгөн чырагым элең,
"Асылым" дешкен ынагым элең.
Дүйнөдө таппас жыргалды берген,
Жылаажын үндүү ыргагым элең.
Жүзүмдөн айдың жел аймалап,
Жүрөктө кусалык айланат.
Аттиң, ай, кайрылып келсеңчи,
Ай менен сырдашкан махабат.
Жаралуу жүрөктү мас кылып,
Жанымда жүрсөң да каткырып.
Кечээги кыялдар бүгүн жок,
Кеткенсип бурганак сапырып.
Чолпондой жаркыган үмүтүм,
Чогунда алоолойт күйүттүн.
Жүрөктөр биригип сыр чечкен,
Кайдасың, жылдыздуу айлуу түн?
Сөзү : А.Чылымовдуку
Обону : Б.Мамаевдики
Күндө келем ал жерди караш үчүн,
Күтө берип күтүүдөн тажаш үчүн.
Атайлап кыйнаймын кара жанды,
Аруу сезим аз-аздан тараш үчүн.
Жазбаш үчүн сага арнап ырларымды,
Катам көңүл түбүнө сырларымды.
Сезимимден тезирээк чыгарсам дейм,
Сен мага арнаган жыргалыңды.
Келбесиңди билсем да саатты чектеп,
Келеби деп күнүгө эскини эстеп.
Жүрөгүмдөн сезимдер өчүш үчүн,
Жүргөн кезим өзүмдү өзүм жектеп.
Ак марал сулуу, сага ашыкмын,
Ашыктык сырын курап ыр жаздым.
Сүйүүнүн күчү өзүңдө беле?
Өткөрсөм деймин доорун жаштыктын.
Кайырма:
Апаппак сенин мүчөңдөн, селки,
Аркардай сенин көзүңдөн, селки.
Агаңды, чиркин, тушап, байлаган,
Ай нуру тамган жүзүңдөн, селки.
Апаппак сенин жүзүңдөн, сулуу,
Балбылдап жанган көзүңдөн, сулуу.
Жүрөктү кармап жипсиз байлаган,
Ак-Талаалык бол, ак марал сулуу.
Ашыгып сага бүтүн тамшанган,
Ыр менен ырдап, ырдап жар салгам.
Сен басчу жерлер жакшы көрүнүп,
Жүрөгүм согуп чыгат капкандан.
Кайырма:
Ачылгыс жүрөк качан ачылат?
Ашыктык сырлар качан чачылат?
Ай нуру жанган, ак марал сулуу,
Жүрөктүн чери качан жазылат?
Кайырма:
Балалык балдай таттуу,
Кайрылбай алыс калат.
Алгачкы жазган тамга,
Эсимде аппак барак.
Он жыл өткөн, аянычтуу,
Мектептин коңгуроосу.
Кайырма:
Эсимде ар дайым,
Эжеке-агайым,
Элесиң маңдайда кетпей турган.
Ак бантик тагынган,
Акыркы кагылган,
Сагындым мектептин коңгуроосун.
Кай жакта болсок дагы,
Аман бол жалпы, курбум.
Жолугуп ар жыл сайын,
Сагыныч оюн кургун.
Он жыл өткөн, аянычтуу,
Мектептин коңгуроосу.
Кайырма
|