Улуттук курамдын капитаны Азамат Байматов: "Калган оюндарда максималдуу упай алып, Азия чемпиондугуна чыккыбыз келет"



Улуттук курама команданын капитаны Азамат Байматов бүгүн, 14-октябрда SUPER.KG порталына маек куруп, Бангладешке каршы оюн тууралуу пикирин билдирип, команданын алдыдагы максаттары тууралуу айтып берди:
Автор: Максат Кудайбердиев
"Бангладешке каршы оюн бир топ кыйын болду. Команданы италиялык адис машыктыра баштаганы алар коргонууда ойноого өтүштү. Коргонууга ыктаган командалар менен ойноо бир топ кыйын. Австралия же Иордания менен ойногондо буга караганда жеңил, себеби эки команда тең чабуул уюштуруу аракетин көрүп, оюн кызыктуу өтөт".
Ал эми команданын максаттары тууралуу айтып жатып А.Байматов кураманын башкы максаты 2019-жылы өтүүчү Азия чемпиондугуна жолдомо алуу экенин белгиледи. "Улуттук курамабыз тарыхында бир дагы жолу Азия чемпиондугунда ойноп көргөн эмес. Биздин максат - тайпада калган оюндарда максималдуу упай алып, Азия чемпиондугуна чыгуу. Фархат Мусабеков, Бактияр Дүйшөбеков сыяктуу жаш футболчуларыбыз өсүп келе жатат. Бул кыргыз футболунун келечегинен кабар берет",- деди футболчу.
Азамат Байматов: "Курамды Азия чемпиондугуна чыгаргыбыз келет"
Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Максат Орозумбетов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

байматов зашита жакшы ойноду !
Сунушуңузга чоң рахмат, аракет кылабыз!
Ийгиликтер