super.kg logo

II топтогу майып болсо да үч эм төрөгөн эне бир айлык турмушунун ачуу-таттуусу, дарыгерлер тууралуу айтып берди

 

Каныкей айым 27 жашта. Ал II топтогу майып болгонуна жана жаш үй-бүлөнүн жашоо шартынын татаалдыгына карабай 3 наристеге өмүр берди. Балдар 5-майда жарыкка келип, алардын бири 8-майда чарчап калган. Жаш эне бир ыйлап, бир күлүп SUPER.KG порталына маек берди. Ал маек учурунда ак халатчандарга эмне себептен ишенбей калганын, 3 баланы бойдо көтөрүп жүрүү кандай бактылуу кылганын, Бишкектен үйлүү болууну кыялданганын, 4 баланы багып жаткан жолдошу тууралуу кеп салды.

"КУДАЙ ООРУЛУУ ЭКЕНИМЕ КАРАБАЙ ҮЧ ЭМ БЕРДИ"

- Мен кичинемден эле талма оорусунан жабыркап, II топтогу майып болуп калгам. Буга карабай үч эм төрөлгөнгө чейин 1 уул, 1 кыз тарбиялап келгем. Кичүү балам 5 жашка чыкканда боюмда болду. 8 апта болгондо УЗИге барсам, үч эм экенин айтышты. Мен "Кудай оорулуу болгонума карабай 3 бала берет экен" деп аябай сүйүндүм. Төрөгөнгө чейин УЗИге 12 жолу түштүм. Ар бир барганда дарыгерден сурап жаттым, "Балдардын тубаса оорусу жокпу?" деп. Дарыгерлер "Жок, 3 балаңыз тең футболист болот. Ичиңизден тебишип жатышат" деп айтып жатышты. Менин санаам тынчып, "Эркек же кыз экенин айтпай эле койгула. Мага үчөө тең аман-эсен төрөлсө болду" деп жаттым.

"МАГА 3 ЭРКЕК ТӨРӨДҮҢҮЗ ДЕШТИ, МЕН БАШ КӨТӨРӨ АЛБАЙ ЖАТА БЕРДИМ"

- Кесарево жолу менен төрөдүм. Биринчи уулум төрөлгөндө көрсөтүп, уул экенин айтып сүйүнчүлөштү. Анан артынан удаа дагы эркек балдар төрөлүштү. Сүйүнүп жаттым, бирок дарынын таасиринен улам баш көтөрө албай, кыймылсыз жата бердим. Ошол күнү балдардан анализ алышыптыр, баары дени сак төрөлгөн. Курсакта жатканда кичине кыйналып калышканын айтып, аппаратка салышты.

"БАЛДАРЫМДЫ ЭМИЗЕЙИН ДЕСЕМ БЕРБЕЙ КОЮШТУ, БИР БАЛАМ ЧАРЧАП КАЛДЫ..."

- Балдарым атайын аппаратта жатышты. 7-майда барсак, эмизбе дешти, себеби дарыгерлер тойгузуп коюшкан экен. Эки бала 10 граммдан сүт ичти, бирөө 8 грамм ичкенин айтышты. Эртеси таңкы алтыда барсак бир баламдын бети көпкөк болуп чыгыптыр. "Кыйналып чыкты түндө" деди дарыгер. Ойлоп көрсөм, балам ошондо өмүр менен коштошуп жатыптыр... Эмнеге курсакта жатканда эмес же төрөлгөн күнү чарчабайт? Эмнеге башка күнү эмес, 8 грамм сүт ичкен күнү чарчашы керек? Бизде дарыгерлер балдарды карайт деген үмүт бар эле... Жакындарым кайрат айтып, тагдырга моюн сунууга чакырып жатышты. Мен катуу таасирленип, кайрадан ал-күчтөн тайдым.

"БАТИРДЕН БАТИРГЕ КӨЧҮП ЖҮДӨДҮК"

- Балдарыма ырымдап ысым ыйгардык. Чарчап калган балага "сабырдуу бололу" деп Абдысабыр деген ат бердик. Экинчисинин атын "чынар теректей өсүп жетилсин" деген тилек менен Чынарбек койдук. Үчүнчүсү Узакбек деген ысымга ээ болду (өмүрү узун болсун деген тилек менен). Жолдошум иштеп, баарыбызды багып жатат. Убактылуу кайнежемдер менен жашап жатабыз. Кызыбыз менен уулубузду айылга чоң ата - чоң энесиникине жөнөттүк. Алар дагы сагынып жатышыптыр. Батирден батирге көчүп жүрүп тажадык. Бала үчүн майда-чүйдөгө кеткен каражатты табат экенбиз, бирок үйдүн жоктугу бир топ кыйнап жатат. Президентибиз бизден кабар алып, жардам берет деген үмүтүбүз бар.

Кошумчалай кетсек, Каныкей Анапияеванын үч эм төрөгөнүн SUPER.KG порталына анын кайын сиңдиси Астра Токталиева кабарлаган. "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө маалымат жиберген Астра редакциялык кеңештин чечими менен май айындагы жеңүүчү болуп табылып, заманбап смартфонго ээ болду.






Үч эм төрөгөн II топтогу майып келин президенттен үй сурады

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(46)
04.06.2016. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен 9 жолу узиге тушуп коркуп жаткам кандай торойм коп жолу узиге тушуп койдум деп,бул кыз 12 жолу тартылгам дегенин угуп кичине ойлонбой калдым.
SUPER.KG видео
04.06.2016. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Уч эм торосо эле квартира сурап чыга келишет ,балдарын президент учун тороп бергенсип. Президенттен уй сурагыча балдарынардын омурун ден соолугун тиленгилечи Аллахдан.
.
04.06.2016. 06:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
УЗИнин зыяны бар да
04.06.2016. 07:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Каныкей сен дагыда Аллахка шүгүр кылышын керек 3 эм уул бериптир,ден соолугу тап таза бооуп туруп бир канча жылдан бери балага зар болуп жүргөндор канча,анысы аз келгенсип кутууп күтүп жүрүп араң балалуу болгондо,аныда ыраа көрбөй чарчап калган бобоктор канча,сенго майып болсонда 3 эм тороптурсун,а биз таза болуп туруп 2 жылда араң кыздуу болдук эле,алда 9 күндө чарчап калды.Айтаарым биз Мусулманбыз жана баарыбыз бир күн олоорубузду билебиз.
04.06.2016. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Калган эки наристене ден-соолук берсин. Аман- эсен чоноюшсун, буюрса уйлуу да болоорсун.
Медиа-портал
04.06.2016. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Plan jok bala torop algany kandai ? oiloboibu torosom kantip bagam dep , anan ui suraganyn tushuno albai turam ?
Медиа-портал
04.06.2016. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
talant, Кичуу баласы 5 жашка чыгыптыр, дагы канча кутсун, экинчиден боюнда болмойунча кайдан билмек эле жалкы торойбу, уч эм торойбу? Булар уйлуу болгуча кырк жаштан отуп кетсе кантип торойт?! Озу оорулуу болгон сон жаш убагында тороп алганы он эмеспи, жаш откон сайын оору кучойт... Европа менен Америка пландай берсин,коруп жатабыз пландап "кыйратып" жатышканын...
Медиа-портал
05.06.2016. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
barpy1,balkim men al uy buloonun oordunda turup oilobogon bolsom kerek, birok kyrgyzstandyn shartynda ushundai sharttagy jaraandar baardygy okumotko je Prizdentke ele kairylyp ui surai berse ,kyrgyzstandyn shartyna tuura kelbeit ,nege desengz Kg azir baardyk jaktan kyiyn abalda , baardygyn ele poilogon maksatyna jetgizish mumkun bolbogon chyndyk .
Медиа-портал
04.06.2016. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
talant, азыркы шартта 10-15 мин сом айлык менен уй-булонду багасынбы же там саласынбы? Элдин 5-10% бизнесмен болсо, калганы катардагы дыйкан же жумушчу да мугалим, куруучу же башка. Россияда да кризис... Байуунун жолун билсен айт бир миллион мигрант Россия, Казахстанда айлап-жылдап тентибей уйлуу болуп уйго жетип алышсын!!!
barpy1 түзөттү 2016-06-04 13:15:25
04.06.2016. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сураса сурайт да.Силер уйду оз капчыгынардан алып берип жаткансып ичинер куйот.Президентке андай бир эки болмолуу уйлор кеп эмес.Просто кайрылууларга Ажобуз конул болбойт и все.Азамат келин.Мында
04.06.2016. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай уч эмес эки эм да торогондор аз.
04.06.2016. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Админ саламатсызбы,эсиниздерде болсо мындан бир топ жыл мурун орус улутундагы келин, кыргызстандын жараны 7 жыл балалуу болбой 4 эм тороп, уй машина берилген эле, ошол эгиздерден кабар алыныздарчы, кайсы бир гезит откон жылы 4 эмдуу болгон келинден интервью алып, кыргызстанда биринчи жолу 4 эм катталып жатат дейт, ага чейин ошол орус 4 эм торогон ошол гезитке уят билбесе
Nazikbaigazy түзөттү 2016-06-04 12:28:06
04.06.2016. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
МашаАлла ыймандуу жигиттер болушсун!
04.06.2016. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уч эмди боюнда которуп журуу канча машакат экенин, торолгон сон торолткуча андан да коп кыйналаарын копчулук билди бекен. Анын устуно оорукчан боло туруп уч эм торогон келинге рахмат... Роддомдогу доктурлардын кесибине, адам тагдырына кайдыгер мамиле жасап, баарын акча менен олчоп, канчалаган наристе жана келиндер доктурлардын шалаакылыгы, кайдыгерлигинен каза таап эч бири (!) кылмыш жообуна тартылбай келет. Баарынын "крышасы", тааныштары бар куткаруучу, карапайым эл менен эсептешкен э
04.06.2016. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай берип 3эм торогондон кийин, ал балдарды татыктуу тарбиялаганга шарт керек. Уй сурашат, окмот берсин. №эмди бардык эле аялзаты торй бергени жок. Кез-кезде торолот, окмот уй жагынан камсыздап койсо эч нерсе болбойт. Жон эле кавртиралап жашап корчу, кандай оор....
SUPER.KG видео
04.06.2016. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
уйу барлардын устунон уй берип жатышат го. Мамлекет ушул айымга окшогон майып жана коп балалууларга уй бербегени туура эмес да. Бул эже балдарын багабы же иштейби? Эмне учун окмот элди ойлосун элге шарт тузуп беруу учун.
04.06.2016. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми сабырдын тубу сары алтын дейт жогору жактагыларга жетсе кайрымдуулук кылып берип калышаар. Рамазан айы келейтатго соопчулук учун...
04.06.2016. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бир аяшым дудук куйосу ОЗУ да былтыр эгиз торогон андан улуу бир уулу бар уйу деле жок батирде жашайт шарты жок эчкимден эчнерсе сурабай элэ 3000сом пенсиясы менен жашоо кечирип жатышат айылда жумушу да жок
04.06.2016. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
элдин баары эле азыр жыргап жаткан жери жок,ар 1 нерсеге:мага үй бергиле?машина бергиле!деген деле туура эмес ко...бала төрөсөң да,төрөбөсөң да өзүңө дегендей!аны ОДОЛЖЕНИЯ кылган туура деп ойлобойм!бирок,колунда барлар жардам берсе...СООП иш кылышкан болмок!
Kani1994 түзөттү 2016-06-04 19:29:25
04.06.2016. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kani1994, Окмот жардам берууго милдеттуу!!! Ар бир жаран татыктуу жашоого ылайык... Казына элдин акчасы, ошол акчаларга депутат-министрлер кабат кабат уй салса, кымбат баалуу служебный машина, кресло, ноутбук, планшет алып бассейн курдурушса же 1км жерге жол салуу учун 1500000$ акча болсо казынадан (себестоимость 0,5 миллионго да жетпейт, калганы чонтокторуно да), анан ушундай шарты жокторго уй жокпу?!
barpy1 түзөттү 2016-06-04 21:21:16
SUPER.KG видео
04.06.2016. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
barpy1, мен Россиянын гражданкасы болом сен айткан Мат капитал пособияны мен давно алып бутком Атамбаевдин казынасында канча акча бар аны каяка коротот мени кызыктырбай.
Модератор admin_media түзөттү 2016-06-06 11:19:56
SUPER.KG видео
04.06.2016. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушуга окшогон майыптарга окмот уй берип койбойбу, жалдыратып коздорун жаштарын агызбай. Список кылып тусуп жардам берчу майыптарга бериш керек да. Ар бир чиновниктин 2-3тон уйлору бар.
SUPER.KG видео
04.06.2016. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эгерде куйоосу да майып болуп,иштей албаса анан озу датакыр эле иштей албаса айтсанар болот уй бергиле деп андай учурда талашсыз берсе болот анан кудайга шугур куйоосу соо туруп анан озу оорукчан экен бирок ал оору мн иштесе деле болот да. Мен кечеэле бироодон уктум куйоосунун журогу ооруйт экен айылдан пенсия жаздырышкан экен анысы бир жылда чогулуп коп сумма чыгып келиптир алышыптыр бирок кийинкисинен отказ кылыптыр бизден да жаман жашагандар бар ошолор алсын деп,уяты чыдабаптыр,жакшы эле иште
SUPER.KG видео
04.06.2016. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосу жакшы эле иштеп балдарын бакканга жетет экен. Мына ушундай болуш керек. Чондор эгер бироонун ырыскысын жеп атса алар бир куну болбосо бир куну бир жеринен чыгат. Чыгып да атат
SUPER.KG видео
04.06.2016. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
radyakiz 100% кошулам.
04.06.2016. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгиз балдарга ден соолук берсин.Медсестрадан уккам бул окуяны, торой электе эле уй алабыз деп журушуптур. аябай жаман болгом кантип тороло электе ушинтип айтат деп. биринчи аман эсен коз жарып алайын балдарым аман эсен болсун деп тилеш керекко. эки эгизи кыргыздын мыкты жигиттери болушсун. ким билет албай калган квартиранын ордуна эгиз балдары чонойгондо ата энесине особняк салып беришет. ал эмес 50го чыгып калган семьялар уйу жок журушот. жаш семья экен ден соолук болсо баары болот алдыда.
04.06.2016. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ичи тар адамдар да коп экен,сураса озунун атынан сурап жатат,анан силерден эмес президенттен.Берсе бере берсин, жакшыго кайра бир уйбуло суйунуп калат.
SUPER.KG видео
04.06.2016. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1

barpy1,,просто ойлосон бул эженин куйоосу ден соолугун чын эле экен иштеп акча тапса болот ,Бир эже бар ал дагы майып баса албайт,жаш баласы менен куйоосу эч кимиси жок мына ошол эжеге квартира беришсе болмок ,буга чейин дагы бир эже уч эм торогон анында куйоосу жок жалгыз ал эже балдары менен мечитте ,балдар уйундо жашап журот ,ошол эжеге берилсе болот .
SUPER.KG видео
05.06.2016. 07:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куйосу бар экен ,маып эмес, куйосу жок майып аялдар канча жаш балдары менен. Алладан суран ,жакшы жумуш ,ден соолук болсун.
Медиа-портал
06.06.2016. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
D.Uezalieva,
Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатат?
Медиа-портал
06.06.2016. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aianaaiana, barpy1,
Эскертүү! Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар! Билдирүүлөр түзөтүлдү!
06.06.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Siren90, бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынат!
06.06.2016. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озубуздун чонтогубуздон чыгып жаткансыйсынар да ушундай адамдарга жардам бербегенде кимге жардам беребиз чондордун уйунун салынышын эле карасан канча миллион кеткен бул адамдарга 2же3 эле комнатный уй болсо болот да чондор учун бул акча деле эмес
Медиа-портал
07.06.2016. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу майып болсо иштебесе куйоосунун тапканы коп болсо 15 000. Ал турмуш-тириликтен артпайт. Анан каяктан уй курмак эле байкуштар. Коруп атабыз канчалаган мам.чиновниктер чиренип особняктарда журушот. ошолор эмне озунун акчасына алды дейсинерби. Мамлекеттик казынаны тоноп тааныш-билиш кылып акча кыйытып алып жатышат да. Байкуш элди азапка салып. Президент учун бир уй эч нерсе эмес. Берсин!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: