super.kg logo
  Спорт  

Рио-2016: Айсулуудан медаль күткөн, сыналгы жоктугунан Олимпиада көрбөгөн жана 1 колого ыраазы болгон бишкектиктер (сурамжылоо)

 

"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына 6 спорт түрүнөн 19 спортчубуз аттанган. Бүгүнкү күндө 15 спортчу байге ала албай, мелдештин эшигин жапты. Оор атлет Иззат Артыков гана коло медаль тагынып, өлкөнүн атын медаль алган 80 мамлекеттин катарына жаза алды. Эми Магомед Мусаев, Айаал Лазерев (эркин күрөш) жана Илья Ияпкин (жеңил атлетика) сыяктуу спортчуларыбыз күчтөрүн сынап көрүшмөкчү.

Мелдештин аяктоосун күтүп отурбай, үстүртөн элдин пикирин билүү үчүн борборубуздун көчөсүнө бет алдык. Аларга эки гана суроо менен кайрылып жаттык: "Олимпиадага көз салып жатасызбы?", "Спортчулардын көрсөткөн жыйынтыктары канааттандырабы?" Жыйынтыгында төмөнкүдөй жоопторду уктук...

Куттубек Келсинбеков: - Бардык спортчулар жакшы даярданышыптыр. Медаль албаса да жакшы жыйынтык көрсөтүштү. 1 медаль жаман эмес. 8 жылдан бери медаль ала албай жатпадык беле...

Тажибай Шабиев: - Дүйнөлүк аренадан орунга илинбесе да жакшы ийгиликтерди жаратып, татыктуу катышып жатышат. Кыргыздын ариети үчүн жан дилин берип күрөшүүдө. Менин баамымда, каржы жагы жетишпей турат.

Жибек: - Биздин бир спортчубуз коло медаль утканын уккам. Кечээ Айсулуунун утулуп калганына аябай жаман болдум. Олимпиадага жеткенге эле көп күч, көп каражат керек. Ошол жакка баруунун өзү эле жетишкендик.

Айгерим: - Ким экенин билбейм, бирөөнү финалга чыкты деди го. Өзүм көп деле көрбөй элемин. Жумуштан чарчап барып уктап калам.

Темирлан: - Күрөштөн 5-орунду алдык. Бул жакшы эле көрсөткүч. Келечекте мындан да жакшы болот.

Калыйнур: - Олимпиаданы көргөн жокмун, такыр эле. Үйдө сыналгы жок...

Руслан: - Бул биздин өлкөбүз үчүн жакшы эле көрсөткүч деп ойлойм. Мындан ары дагы аракет кылып, өкмөт спортчуларга көңүл бурса... Аларга деле каражат жетпей жатат да. Жакшы колдоо болсо, ийгилик болмок.

Камчыбек Абелдиев: - Үмүттүн баары Айсулуу деген кызыбызда эле, алтын алабы деп. Утулуп калганда жаман болдум. Эми буйруганын көрөбүз, үмүт алдыда. Кичинекей өлкө үчүн катышкандын өзү эле чоң жетишкендик.

Үсөналы Чотонов: - Кыргыз Республикасы үчүн 1 коло өтө аз. Айсулуу ийгиликке жетип калса жакшы болот эле. Бизден кичинекей мамлекеттер деле чыгып жатышпайбы. Спортчуларга кичинесинен тарбия бериш керек. Совет маалында жакшы болчу, азыр жакшы эмес.

Таттуубек Мамытов: - Жакшы эле даярдыкта барышкан. Орусча айтканда, утулуп калганы "обидно". Кичинекей өлкөбүз үчүн коло алтындай эле бааланат. Каатчылык учурунда машыктыруучулардын ушундай иштерди жасап жатканын баатырдык десе болот.

Кенже Наматова: - Дагы жакшы даярданышса деп тилейм. Баарыбыз жумушту таштап, спортчуларды көрүп жатпайбызбы. Айсулууга рахмат, атаандаштарын утуп элди кубандырды. Спорт эми өйдө-ылдый да, бирде жеңиш, бирде жеңилүү болот.

Төлөгөн Койчубеков: - Балбандарыбыз алдынкы 5 мамлекеттин катарына кирип жатат. Бул жакшы. Көп мамлекеттер чыга албай калып жатышпайбы... Өнүккөн мамлекеттерден ийгилик жаратпаган спортчулар бар. Бизде 18 спортчунун ичинен ийгилик жаралып жатат, бул да жакшы.






Спортчулардын көрсөткөн жыйынтыктары канааттандырабы?

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
18.08.2016. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
коруп эле жатабыз козубузду албай жумуштан бара калып же интернеттен кайра кайра кабар алып. каап Айсулуудан умут чон болчу
18.08.2016. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айсулуудан умутум чон эле женилип калганы жаман болду бирок аябай жакшы ойун корсоту дагыда болсо бул кыздан умутум чон кийинки олимпиада алтын алат деп ойлойм
18.08.2016. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Албетте коробуз балет этип ТВ нын ичине кирип кеткидей болуп кыйкырып ,коруп аттык Менин ичим ачышканы Арсен озбектен женилип калганына аябай ичим ачышты барибир Арсен биз учун балбан
18.08.2016. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай аракет кылды чарчап калды да себеби аз эле дем алып кайра чыкканы үчүн . Бакырып тамагым айрылып кетейин деди.
18.08.2016. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
блееее мен Арсенге жана Айсулууга козумдон жаш агып чынында ыйладым. ото ото обидно экооно. Себеби алар утуп уьуп анан утулду ошого обидно. а башкалары такыр ачыла албай коюшту
18.08.2016. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Калыстар калыс болгондо. Жок дегегде3 коло бир алтын алмакпыз. Ушуга чейин. Таза чаап эле женип албаса, очко менее омуру женбейт. Озунор коргондой
18.08.2016. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айсулуу азамат абдан аракет кылды.рахмат сага Айсулуу.
19.08.2016. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуу азамат. Чындыгында аябай аракет кылды. Биз учун сен утун.
SUPER.KG видео
21.08.2016. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуудан башка эч кимге канаатанган жокмун.
Медиа-портал
22.08.2016. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуу татыктуу курошту.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: