super.kg logo

1-сентябрь. Шаңга толгон мектеп, кубанычка баткан окуучулар (фоторепортаж)

 
Мектепти көздөй бараткан окуучулар
Мектеп босогосун алгачкы жолу аттаган окуучу
Мектепти көздөй бараткан окуучулар
Шаңга толгон мектептин алды
Окуучулар Билим күнүн сабактардын жүгүртмөсү менен таанышуудан башташты.
Биринчи коңгуроо, биринчи таанышуулар, биринчи парталаш...
Эстрада ырчысы Назми кызы Албинаны 1-класска алып келди.
Токтогул Сатылганов атындагы №69-мектеп-гимназиясынын директору Сайрагүл Атаева
Кубанычка баткан окуучулар мектепке кучак толо гүл көтөрүп баратышат.

Шаңга толгон мектеп, кубанычка баткан окуучулар... Бүгүн Бишкек 1-сентябрь - Билим күнүн тосту. Келечектин ээлери болгон өспүрүм балдар кучак толо гүл көтөрүп 3 ай бою күткөн билим уясына бет алышты. Мектепке бараткан ар бир окуучунун жүзүнөн жылмаюу, сүйүнүчтүн белгилерин байкоого болот. Көпчүлүк окуучулардын катарында алгач ирет мектеп босогосун аттаган мотурайган 1-класстын окуучуларынын эсинде бул күн өмүр бою унутулгус болуп сакталып калары белгилүү. Анткени бул күн балалыктын эң бактылуу мүнөттөрү экени талашсыз.

Балдардын кубанычы менен тең бөлүшүп, окуучулардын маңдай жарыла сүйүнгөн бактылуу көз ирмемдерин коомчулукка чагылдыруу максатында Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы №69-мектеп-гимназиясына сапар алдык.

Аталган мектепте быйыл 1-класска 380 окуучу кабыл алынары белгилүү болду. Ошондой эле 145 мугалим эмгектенсе, анын ичинде 35 мугалим - Билим берүүнүн отличниктери.

"Биз жаңы окуу жылына бардык күчүбүз менен даярдандык. Мектепти оңдоп-түзөө иштери толугу менен сапаттуу бүткөрүлдү. Алдыда балдардын билими үчүн жалпы мугалимдер күжүрмөндүүлүк менен иштейбиз, анткени бардык мугалимдер жаңы дем-күч менен билим беришет", - деп билдирди аталган мектептин директору Сайрагүл Атаева.

Токтогул Сатылганов атындагы мектепте эстрада ырчысы Назминин Албина аттуу кызы 1-класска барган. Ал алгачкы жолу мектепке келип, кубанып жатканын билдирди. "Эми мен жакшы окуймун. Жакшы кыздар менен дос болом. Мектеп аябай жакты", - деген оюн айтты ырчынын кызы Албина Жеңишова.






Алиппе китеби, биринчи мугалим, жаңы достору менен таанышкан окуучулар

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.09.2016. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кандай ширин кездер,ээх мектеп убагы...
Медиа-портал
01.09.2016. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бөбөктөр келечегиңер кең болсун!!!
02.09.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх мен дагы мындан онжети жыл мурун мектебимдин ак босогосун аттаган кунум эч эсимден кетпейт. Алтын апам мени атка учкаштырып алып, ал эми жаны торолгон ороо чулгоолу инимди колуна кармапалып алып барган эле. Азыр ошол менин кичинекей бобогом быйыл чон окуужайдын босогосун аттап олтурат. убакыттын бат эле отуп кеткенин кара.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: