super.kg logo

"Оскар 2017": "Ла-Ла Ленд" тасмасын адашып "Мыкты фильм" номинациясы боюнча жеӊүүчү деп атап алышты

 
"Ла-Ла Ленд" тасмасынын башкы каармандары
"Айдын жарыгы" тасмасынын актёрдук курамы
Сахнада кубануу, түшүнбөстүк жаралды

Бүгүн, 27-февралда "Оскар 2017" сыйлык тапшыруу аземинде алгач "Ла-Ла Ленд" тасмасы "Мыкты фильм" номинациясы боюнча жеӊүүчү деп табылган. Бирок бул категория боюнча сыйлыкты "Айдын жарыгы" тасмасы алып кетти.

Жеӊүүчүнү актёр-актриса Уорен Битти жан Фэй Данауэй жарыялашкан. Битти элдин күлкүсүнөн буйдалып кеттиби, айтор, "Ла-Ла Ленд" тасмасын жеӊүүчү деп айта салган. Көп өтпөй актёр башка конвертти алып алганы белгилүү болгон. Андан соӊ алып баруучу Жимми Киммел катачылык үчүн аудиториядан кечирим сурады.

"Эмне болуп кеткенин билбейм, бирок бул нерседе өзүмдү күнөөлөйм. Ушундай уят болорумду билгем, эми сөз берем кайра келбейм", - деп аземди жыйынтыктаган алып баруучу.

"Ла-ла Ленд" тасмасынын жаратуучулары сахнага чыгып, ыраазычылыгын билдирүүгө даярданып жатканда жеӊүүчү башка экенин угуп, чыгармачыл топтун эч нерсени түшүнбөй шок болуп туруп калганы байкалат.






2498 "La La Land" тасмасын адашып "Мыкты фильм" наамы боюнча жеңүүчү атап алышты

2498 Экинчи пландагы мыкты актриса - Виола Дэвис. "Оскар-2017"

2498 Мыкты оригиналдуу сценарий - Деңиз боюндагы Манчестер. "Оскар-2017"

2498 Экинчи пландагы мыкты актёр - Али Махершала. "Оскар-2017"

2498 Аулии Кравалхо ырдап жатып баштан жеди. "Оскар-2017"

2498 Алпаруучу кино сүйүүчүлөрүнө мүмкүнчүлүк берди "Оскар-2017"

2498 Лин-Мануэль Миранданын "Оскар-2017" аземинде берген интервьюсу

2498 "Оскар-2017" сыйлык тапшыруу аземинен

2498 "Мыкты актриса" - Эмма Стоун. "Оскар-2017"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: