Роза Аманова Түркияда искусство жаатындагы эл аралык сыйлыкка татыды
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Роза Аманова Түркияда "Küresel Sanat Ödülü" (Искусство жаатындагы глобалдык сыйлык) аттуу эл аралык сыйлыкка татыды. Ал искусствону өнүктүрүүгө жана улуттук маданий мурасты сактоого кошкон салымы үчүн сыйланды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу аземи Түркиянын Аланья шаарында өткөн Дүйнөлүк журналисттер кеңешинин VI Дүйнөлүк медиа жолугушуусунун алкагында уюштурулду.
Иш-чарага дүйнөнүн 32 өлкөсүнөн 350гө жакын журналист, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле маданият, спорт жана коомдук тармактардын белгилүү өкүлдөрү катышты.
Сыйлык тапшыруу аземине Косовонун мурдагы президенти Вьоса Османи, түрк футбол машыктыруучусу Фатих Терим жана башка ардактуу коноктор катышты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















