super.kg logo

Алматыда Чыңгыз Айтматовго арналган маданий борбор ачылып, бюсту орнотулду

 

Казакстандын Алматы шаарындагы "Туран" университетинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын алып жүргөн маданий борбор жана анын бюсту ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Маданият министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Жеңишбек Асанкуловдун демилгеси менен, "Туран" университетинин ректору Рахман Алшан уулунун колдоосу аркылуу ишке ашырылды. Аны уюштурууга Алматыдагы мекендештер да салым кошушту.

Ачылыш аземинде Кыргыз улуттук "Манас" театрынын директору Нурбек Талантбеков бюсттун автору, скульптор Надырбек Жээренчиевге, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин куттуктоосун жеткирип, министрликтин сыйлыгын тапшырды.

Чыңгыз Айтматов атындагы жаңы маданий борбордун ачылышы кыргыз элинин руханий жана адабий мурастарын чет өлкөлөрдө жайылтууда, кыргыз-казак маданий байланыштарын чыңдоодо жана улуу жазуучунун чыгармачылыгын жаш муундарга таанытууга багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: