super.kg logo

Ырчы Нурчолпон "Алас" аттуу жаңы ырын чыгарып, талкууга жем таштады (видео)

 

Ырчы Нурчолпон "Алас" аттуу жаңы ырын чыгарды. Бул тууралуу ал кечээ, 15-ноябрда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, чыгарма жеке эскерүүлөрүнө жана үй-бүлөлүк салтына байланыштуу жаралды.

"Апам үйдө дайыма арча түтөтүп, аластап турат. Бул көрүнүш менин жан дүйнөмдө терең из калтырган. Чоңойгон сайын мен да бул салтты мурастап алдым. Бул чыгарма аркылуу кыргыз элинин байыркы аластоо жөрөлгөсүн заманбап электрондук музыка менен айкалыштыргым келди", - деп жазды ал.

Коомчулук анын бул чыгармасына түрдүү пикирлерди жазышууда.

Белгилей кетсек, ырчы буга чейин "Land of Manas" аттуу ырын чыгарып, ал да коомчулукта талкуу жараткан. Ал тургай "Манас" театрыда бул ыр тууралуу билдирүү тараткан.






Ырчы Нурчолпон "Алас" аттуу жаңы ырын чыгарды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: