super.kg logo

"Сөз таппай калдым..." Актриса Альбина Имашова биринчи айымдан күтүүсүз белек алды (видео)

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү театр жана кино актрисасы Альбина Имашовага Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова күтүүсүз белек жөнөттү. Бул тууралуу актриса кечээ, 16-ноябрда социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, жумуш учурунда театрга жеткирүү кызматы аркылуу чоң себет гүл алып келишкен. Белектин кимден экенине кызыгып сураганда, жеткирүүчүлөр "биринчи айымдан" деп жооп беришкен.

Мындай сюрприз актрисаны өзгөчө кубандырган. Ал гүлдөрдүн сүрөтүн бөлүшүп, Айгүл Жапаровага ыраазычылыгын билдирди.

"Чынында, абдан таң калычтуу болду. Айтарга сөз таппай калдым. Себепсиз, бирок күтүүсүз белек. Мына, сюрприз! Абдан кубанычтамын",- деп жазган Альбина Имашова.

Ошондой эле актриса белекке байланыштуу кызыктуу дал келүүнү да айтып өткөн. Көрсө, ошол күнү ал үйүнөн Айгүл Жапарованыкына окшош жоолукту тагынып чыккан экен.

Альбина Имашова биринчи айымды белгилеп, "Бар болуңуз!" деген жылуу каалоосун жолдоду.






"Айтаарга сөз таппай калдым": актриса Альбина Имашова биринчи айымдан күтүүсүз белек алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: