super.kg logo

"Ажар" тарыхый көркөм тасмасы өндүрүшкө жиберилди

 

Бүгүн, 17-ноябрда кыргыз киносунун 85 жылдык мааракесине карата Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясында "Ажар" аттуу толук метраждуу тарыхый көркөм тасма өндүрүшкө жиберилди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, долбоор 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана кыргыз элинин тарыхындагы трагедиялуу окуялардын бири болгон Үркүндүн 110 жылдыгына карата тартылат. Фильмдин режиссёру — Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубат ал эми сценарийдин авторлору — Актан Арым Кубат, Марат Алыкулов жана Арслан Капай уулу. Тасманын сценарийи жазуучу Касымалы Баялиновдун ушул эле аталыштагы "Ажар" повестинин негизинде иштелип чыкты.

"Ажар" көркөм фильми улуттук тарыхый эс тутумду жаңыртууга, Үркүн трагедиясынын адам тагдырына тийгизген таасирин терең ачып берүүгө жана өткөндүн сабактарын кийинки муундарга жеткирүүгө багытталганы айтылды. Долбоор аркылуу кыргыз элинин тарыхындагы трагедиялуу барактарды улуттук жана дүйнөлүк көрүүчүлөргө кинематографиянын тили аркылуу таанытуу максаты коюлганы маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: