Ырчы Самат Дөөлөтбаков "Маданияттын мыкты кызматкери" наамын алды
Бүгүн, 17-ноябрда ырчы жана жеке ишкер Самат Дөөлөтбаков "Маданиятын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасына жарыялады.
Маалыматка караганда, ал өзүнүн чыгармачылык жолун мындан 20 жыл мурун баштап, Улуттук телеканалда дагы өзүнүн долбоорлору жана "Асман" музыкалык долбоорунда үч жыл калыстар тобунун мүчөсү болуу менен туризм жана маданиятка салым кошкон.
"Бүгүнкү күндө социалдык тармактар аркылуу блог жүргүзүп, чыгармачылык менен бирге ар кандай коомдук, маданий, билим берүү, мотивация жана бизнес темаларын көтөрүп келем. Эң башкысы, блогдогу мен берген маалымат бирөөгө пайдалуу болсун деген ниетте.
Артка кылчайып карасам, ушул жылдар аралыгында ырларым аркылуу да, телекөрсөтүү аркылуу да, туризм жана блогинг аркылуу да маданиятка бир аз болсо да салымымды кошууга аракет кылыптырмын.
Эң башкысы, бул эмгектеримдин мамлекет тарабынан бааланып, ушундай сыйлыкка татыганым мен үчүн чоң сыймык жана жоопкерчилик. Ушул сыйлык үчүн Маданият министрлигине жана эмгегимди баалагандардын баарына терең ыраазычылык билдирем! Алдыда дагы өлкөбүздүн маданиятына, өнүгүүсүнө кызмат кыла турган жакшы иштер көп болсун",- деп билдирүү калтырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















