super.kg logo

7-апрель курмандыктарын эскерүү иш-чарасы чакан концерт менен соңуна чыкты

 

12:51 Бүгүнкү 7-апрель курмандыктарына арналган эскерүү иш чарасы чакан концерт менен соңуна чыкты. Концертке Филармониянын ансамбль оркестринин коштоосунда эстрада жана фольклор ырчылары катышып, бийчилер да коштошту.

12:33 Жыйынтыктоо сөзү үчүн бүгүнкү иш-чараны уюштуруучулардын бири, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев сөз алды. "Мындан 7 жыл мурун элибиз Бакиевдер кланын кетирген күн" деп убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү азыр түрмөдө отурат. Бакиевдин учурунда кыргыздын бычакка сап боло турган жигиттери курман болду. Бийликтен устукан жетпегендер азыр чагымчылдык кылып жатышат. Биз президентибиздин жүргүзүп жаткан саясатын колдойлу. Жашасын, Апрель Эл революциясы", - деген сөзүн айтты.

12:28 Сөз Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековго берилди: "7 күндөн кийин Апрель окуясына жети жыл болот экен. Ыңкылап жети жашка толот экен. Ыңкылап эмес, төңкөрүш деп дөөдүрөгөндөр бар экен. Апрель баатырлары баркталмайынча, талаптар аткарылбайт. "Чокудай бол, Кыргыздын жигиттери!" деп чокуга ысым бердик. Буларга тарыхтан орун берүү керек.

Апрель окуясы эмнеден чыкты эле? Баш мыйзамда баш аламандык болгон. Бир үй-бүлөнүн башкаруусунун ордуна башка үй-бүлө келген. Бийликте клан болгон. Биз баатырларга таазим кылабыз дейбиз. Ал үчүн биз аларга тарыхтан орун берип макамын жогорулатышыбыз керек".

Депутат сөзүнүн аягын тамашага салып: "Депутат болгону аз сүйлөп калгам. Чыныбай Акунович регламентти сактагыла деп жатып көнүп калыптырбыз. Апрель баатырлары, ар дайым талабыңарды талашып келем. Бар болгула!" - деп сөзүн жыйынтыктады Момбеков.

12:12 Сөз Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси Фарид Ниязовго берилди. Ал Апрель окуясында каза болгон жарандардын туугандарына президенттин атынан көңүл айтып, 7-апрель өлкөнүн багытын өзгөрткөнүн белгиледи. "Ошол күндөрү мамлекет үчүн аянтка чыккандарга ыраазычылык айтам. 7-апрель кыргыздын намысы ойгонгон күн. Элдин эрки көп нерсеге жеткирет. Элге каршы бийлик деңгээлин көрсөттү. Мамлекет башчы бул күндү ыйык деп эсептейт. Алмазбек Атамбаев өзүнүн, элдин жашоосун Апрель баатырлары куткарганын айтып келет. 7-апрелдеги баатырлардын аракети менен, Кыргыз жеринде азыр эркиндик бар. Эл аралык уюмдар Кыргыз жерин жакыр мамлекеттердин тизмесинен чыгарды".

11:54 Кийинки сөз Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбековго берилди. Сооронбай Жээнбеков: "7-апрель тууралуу сүйлөгөндө толкунданам, көзүмө жаш айланат. Курман болгондордун кээ бирлерин тааныйт элем. Андан кийин Ош окуясы болду" деген пикирин билдирди. Премьер-министр Кыргыз Республикасынын тарыхындагы революцияларга токтолуп, мурунку максаттар ишке ашпаганын кошумчалап: "2010-жылы бурулуш болду. Мамлекеттин эртеңи үчүн жигиттер жанын аяган жок. Канкор бийлик өз элине ок чыгаргандан кайткан жок. Бакиевчилер кутулдук деп ойлобосун. Тарых алдында эртеби-кечпи, жооп беришет. Адамдын канын төгүү кечирилгис күнөө. Бир жумадан кийин Апрель окуясына 7 жыл болот. 2010-жылдан кийин дагы кыйынчылыкка туш болдук. Жети жыл аралыгында 2785 саясий митинг болуптур.

Өлкөдө жаңы типтеги мамлекет курулууда. Бул оңойго турган жок. Коомубуз тазаланып жатат. Коррупцияга күрөш уланууда. Транзиттик жолдор курулуп жатат. Узак жылдар бою бузулган турмушту оңдоо оңой эмес экен. Апрель революциясынын максатын бурмалагандар чыгууда. Бул учурда ак-караны ажыратуу абзел. Эл шайлаган бийликти кетиребиз дегенде, сиздер турдуңуздар. Апрель баатырлары, сиздерге ыраазычылык айтам", - деди.

11:43 Апрель революциясынын курмандыктары 1 минута эскерилди. Андан соң сөз сүйлөө үчүн эл алдына Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков чыкты. Ал Апрель курмандыктары тууралуу эскерүү айтып, ошол күндөгү окуяны эске салууда. "7-апрелге чейин Кыргыз мамлекетинин келечеги кандай болот деп жашаганбыз. Ошол кезде кыйын кырдаалдан куткарыш үчүн баатырдык көрсөтүп, Ак үйдөн кууп чыккан сиздерсиздер. Биздин патриот жигиттер мамлекеттин келечеги үчүн жан бергенине 7 жыл болуптур. Башкысы сиздердин эрдигиңиздер бекерге кеткен жок. Андан кийинки жашоо жаңы жолго бурулду. Президент айткандай, жаңы көчтүн башталышы болду. Өткөн жылы А.Меркель президент менен жолугуп жакшы сөздөрүн айтты". Ошондой эле спикер Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапарында чет мамлекеттеги коомдук-саясий ишмерлер "Кыргыз мамлекетинен үлгү алышы керек" деген пикирлерди айтышканын белгиледи. Мындан тышкары Тескей Ала-Тоодогу чокуга "Апрель баатырлары" наамы берилгенин айтты.

11:37 Жети дубандын атын атап, ар бир дубанга мүнөздөмө берилип, "Бөлүнбө Кыргыз!", "Бирик кыргыз!" деген өңүттөгү ураандар айтылды. Анда Нарын, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош, Чүй облустары бир дарактын бутагы экени айтылып, биримдикке чакырыктар жасалды. Көрсөтүү бүткөн соң, Кыргыз Республикасынын Гимни жаңырды.

11:22 Иш-чаранын жүрүшүндө театралдаштырылган оюн көрсөтүлдү. Анда "Бузуку падыша кетсин!", "Ырайымсыз падыша кетсин!" "Мен бул жакка бакыт издеп келгем!" деген ураанды камтыган монолог айтылды. 2010-жылдагы 7-апрелде аянттагы карапайым элге ок атуу көрүнүшү чагылдырылды. Анда курман болгондорго арналган эстеликтин элеси сахнага чагылдырылып, гүлчамбар коюу каадасы жасалууда.

11:13 Учурда Апрель окуясына байланыштуу даректүү тасма көрсөтүлүүдө.

Бүгүн, 31-мартта Бишкектеги Улуттук филармонияда 2010-жылдын 7-апрелиндеги "Элдик Апрель" революциясынын 7 жылдыгына байланыштуу иш-чара өтүүдө.
Ага Президенттик аппараттын кеңешчиси Фарид Ниязов, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана башка коомдук-саясий ишмерлер катышып жатат.


кошулду





Апрель окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү

Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(23)
31.03.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Кан менен келген мультимилионерлердин бийлиги.Ар кандай мероприятияларды откозуп элдин алдап жатасынар.Качан экономиканы онуктуросунор.Качан жумуш орундарын ачасынар.Качан завод фабрикаларды ачасынар.Карыз алыштан ж-а тойлорду откозуштон(кочмондор оюну,юбилейлер) башка эчтеке колунардан келбейт.Ошол карызды дагын озунордун сол чонтокторуно салып жатасынар.Болбосо силер алган милиардтаган долларга бир нече завод фабрикаларды ачып салсанар б-т эле.
KGstan1981 түзөттү 2017-03-31 12:03:18
31.03.2017. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
KGstan1981,Ал менин кыялымдагы жомок деген ыр бар беле...
31.03.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Er-jurok.,апрель баатырлары элди жана Атамбаевди куткарбай эле, Атамбаев менен анын кланын куткарды. Ал эми эл илгери кандай жакыр болсо ошол жакыр бойдон калды. Жакырчылыктын денгээли мигранттарыбыздын саны менен олчонот, мигранттар болсо жылдан жылга кобойуудо айласыздан талаалаган. Атамбаев айткан машина байлыктын корсоткучу эмес, элдин колунда 15-20 жылдык б/у машиналар. Эгер мигранттар тышка чыкпай койсо ошол машиналар баары токтойт бензинге эмес тамакка акча табылбай...
revolyutsiya1 түзөттү 2017-03-31 13:08:58
31.03.2017. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
7 жылда Атамбаев эмнени кыйратты, ким жооп берет, тышкы карыздарыбыз осту, Кумтор мамлекетке кайтарылмак турсун башка кендер бут сатылды жен ичинен соодаланып. Кумторду элге кайтарабыз дегендер куугунтук коруп камалып жатат. Пенсия, мугалимдердин айлыгы Окмот сайрагандай 4 эсе эмес, болгону 1,5 эсе осту, ал эми 7 жылда инфляция 2-3 эсе осту. Олкодо коррупция, контрабанда гулдоодо. Акуй менен Кокуй ири (кит) коррупционер-контрабандисттерге толо. Кайсы арынарга майрайдайсынар?!!
revolyutsiya1 түзөттү 2017-03-31 13:09:19
31.03.2017. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
revolyutsiya1,мен да ошону айтайын дегем.Тонкоруш максатына жетпегенден кийин эмне кереги бар эле эскеруу кечеси деп концерт коюунун?Мамлекетибиздин карызы осуп,олкобуз эн кедей,эн бактысыз олколордун катарына киргени бул эмне деген жакшылык?Ошол революциядан баштап элдин жашоосу алга эмес,артка кеткенин ойлоп тигилер уялып суйлобой эле коюшса болмок.
31.03.2017. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Апрель баатырлары эмне учун баатыр деген наам алышат.Оштогу июнь коогаланында Кыргызстандын бутундугун озбек сепаратистеринен сактап курман болгон жигиттерибиз мына булар чыныгы баатырлар а силер апрель баатырлары орусстар айтмакчы самазванецсинер.
31.03.2017. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
KGstan1981, эң туура айттын кошулам сөзүндө 100% чындык бар
31.03.2017. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KGstan1981, эмне дешти да билбей турам, мейли эми кудай таразаласын, ал эми бул баатырлардын билип билбей кылган куноолорун Аллахым кечирсин, Ал албетте мээримдуу
31.03.2017. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Бакив атканбы сен аткансыңбы элди аны тарых көрсөтөт кыйын болбойтургула андан көрө эртең эл алдында эмне деп жооп берем кайда качам деп ойлонгула
31.03.2017. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
dina1983-19,Корабль под названием СДПК и Мультимиллионер меделенно но уверенно тонет на дно.
31.03.2017. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"Болунбо" кыргыз деп коюп ким бироолор элди озу болуп жатышат: бакиевчи, тундук-туштук ж.б.деп. Деги кыргыздын башына журогу эли-жерим деп соккон нукура кыргыз келчу кун болобу, туура кепте айып жок го бирок ажолордун бири чала орус (орусташкан) болуучу, экинчиси жарым калмак аялы орус, башкасы жарым озбек аялы орус... Эл-журт учун куйгон нукура кыргыз барбы арабызда?!! (PS: заман бизди улутчул болууга ундоодо, бойроктон шыйрак чыгарып созду тескери тушунуп кереги жок)...
revolyutsiya1 түзөттү 2017-03-31 13:16:25
31.03.2017. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чокудай бол кыргыз жигитери дегенинер жакшыкен,бул озуноргода тийиштубу же тиешеси жокпу,жигитер чокудай болуп,депутатар б,ктой болуп жатпайсынарбы
31.03.2017. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жалан элдин кыжырына тийчуу жепжутарлар барыптырго. Суйлогон созу тим эле жыргатат го!!! Тарых уже баа берди 7-апрелге алкаш тонкоруш деп!! Дагы кандай баа беруусу керек???
31.03.2017. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
kg.nurik, ичтен чыккан ийри жылан экенсин, дагы казактарга таарынып коебуз, Кыргызстан сендейлердин айынан онукпойт, буга козум бугун жетти!
31.03.2017. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бакиевди сагындынарбы
31.03.2017. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уят эле,оздору олтуруп оздору майрамдашып жатышат
31.03.2017. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баатырлар, силер эл учун чыккансынар! бугун болбосо эртен умутунор акталат деп ишенем, ушул куну уулдарын, инилерин байкелерин, жолдошторун жоготкон айымдарга Аллахым кайрат берсин!
31.03.2017. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
мен апрель окуясындагыларды баатыр деп эсептебейм себеби менда ошол жерде болгом коргону барып еле элдер мастарна кошулуп жон эле алып койду бийликти алган бийлиги жырытканкан жок кайру хуже болтат кыргызстанды оркундобой калды окшойт
31.03.2017. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул куну мен болгон окуяны телевизордон баламды кучактап алып ыйлап кордум эле, кыргыздын баатырлыгвн ошондо сездим эле, кан суудай акты эле, ошондо да жигиттер бири бирин таштабай, ок атылып жатса да бири бирин которуп кетип жатышкан! кантип ушунун баары бекер болсун, алкаш дегендерге мен ишенбейм, алар каалаган кун келет албетте!
31.03.2017. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кайын ыйлап, тал ыйлап, караган жандын баары ыйлап деген созду ошондо тушундум эле...
31.03.2017. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Калп эле элди алдап артист боло бербей, олкобуздо канчалаган кырсыктар болуп адамдар жардамга муктаж отурушат. Ушуга кеткен акчаны ошолорго берсе болбойбу. Кыскасы каргыш тийсин силерге жеп-жутарлар. Керек болсо ошол коогаланды да оздору баштап карапайым адамдар бекэр эле алданып олуп кетишти и бул эч кандай эрдик эмес
01.04.2017. 06:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Отунбаева текебаев жооп берсин аткыла деп пирказ берген деп айтылып эле жатат отунбаева жооп берсин
01.04.2017. 06:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оздору канчалаган эр азаматтарды жок кылды баарына жооп берет аллахтын алдында элди алдайт элге куйгон болуп булар чындаса кара жандарын гана ойлогон дор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: