Нарындагы университеттин өкүлү: "Жаңжалга катышкандар элдешти"




Нарын жаштары менен Борбордук Азия университетинде окуган чет элдик студенттер элдешип, жаңжалга чекит коюлду. Бул тууралуу 9-июнда аталган окуу жайдын Нарындагы кампусундагы уюштуруу иштери боюнча менеджери Кубан Сыдыбаев SUPER.KG порталына тастыктады.
Анын билдиришинче, элдешүүгө окуу жайдын жетекчилери, өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов жана аксакалдар катышты. Эки тарап мындан ары пикир келишпестиктерге барууга жол берилбесин убадалашты.
"Облус башчысы жана жаштар келип, университеттин жетекчилиги менен жолугушушту. Келгендер "Кыргыз эли меймандос, тынчтыкты сүйгөн эл, кечирим сурайбыз" дешти. Университет тарап да муну туура кабыл алып, кечирим сурап, жаңжалга жол бербөө үчүн биргеликте иштешели деп сунуш беришти", - деди Сыдыбаев.
Ошондой эле шаар тургундары менен чет өлкөлүк студенттердин ортосундагы пикир келишпестикке тил маселеси себеп болушу мүмкүн экендигин айтты.
"27-майда спорттук мелдеш өткөн. Спорттук оюн болгондуктан түртүшө кетишкен учурлар болот эмеспи. Мүмкүн түртүшө кетип же чет элдик студенттер өз тилинде сүйлөсө кыжырданышып, уруша кетишкендир. Негизи тил көйгөйү жаралбашы үчүн 2-курстан биз студенттерге билим алып жаткан жердин маданиятын, тилин окутабыз. Бул маселе боюнча сүйлөшүү учурунда да айтып бердим", - деди окуу жайдын өкүлү.
Сыдыбаев 8-июндагы окуяда университеттин ичинде мугалимдер менен студенттердин тизе бүгүп чөгөлөгөнү боюнча буларды айтты. "Бири жалгыз мугалим тизеледи деп жатса, экинчиси 10дой студент тизеледи деп жатат. Бирок жагдай андай эмес, шаардын жаштары да, студенттер да бири-бирине тизелеп, кечирим сурашкан".
Учурда Борбордук Азия университетинде 66 студент билип алып жатса, анын 22си Кыргыз Республикасынын жарандары.
Эскерте кетсек, 27-майда университеттин студенттери менен жергиликтүү жаштардын ортосунда спорттук мелдеш өтүп, андан кийин жаңжал чыккан. 8-июнда жергиликтүү жаштар чет өлкөлүк студенттердин айрымдарын өз мекенине кетүүсүн талап кылып акцияга чыгышкан. Талап койгон учурда университеттин мугалимдери да болушуп, алардын бири-бирине тизе бүгүп кечирим сурап жатканы боюнча видео интернетке тарап кеткен.
Нарындагы жаңжал: Жаштар чет элдик студенттерди тизелетип, кечирим суратты


















1 |