super.kg logo

Жанар Акаев: "Азыркы бийликтин реформа жасоого жөндөмү да, эрки да жетпейт"

 

Кыргыздын белгилүү жаш саясатчысы, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев SUPER.KG'нин түз эфиринде маек курат. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, конокко кызыктуу суроолоруңузду узатсаңыз болот.

Акаев менен түз эфир айдыңында өлкөдөгү саясий абал, социалдык маселелер, депутаттын ишмердүүлүгү жана башкалар тууралуу эркин маек курулмакчы. Алыстабаңыздар.

Суроо: Сизди позицияӊыз үчүн КСДП фракциясынан чыгарып салышкан. Фракциядан тыш иштөө кандай экен? Өгөйлөнүү болуп жаткан жокпу?

Жооп: Өгөйлөнүү болгонун деле байкаган жокмун. Фракциядан чыкканым менен парламенттин депутаттары, анын ичинде КСДП фракциясынын депутаттары менен жакшы мамиледе калдым. Депутаттар мени кодулап же жээриген учурду такыр байкаган жокмун.

Суроо: Депутат болбой калган соң эмне кыласыз? Депутаттыктын журналистикадан айырмасы кандай экен?

Жооп: "Парламенттен кеткенден кийин кайра журналист болуп иштей берсе болот. Мен үчүн депутат болуунун жоопкерчилиги абдан чоң. Журналист болгондо каалагандай жүрүп, кайсы бир көйгөйдү көрсөм аны чагылдыруунун жолун гана ойлочумун".

Суроо: Алдыда жай мезгили кулач жайып турган учур. Депутаттар каникулга тарашат. Сиз кандай өткөргөнү жатасыз?

Жооп: Мурда өзүм тапкан каражатка каалаган жагыма барып эс алууга мүмкүнчүлүгүм бар болчу. Азыр каражатым жетип турса дагы чет өлкөгө чыгып эс алууга, кенен-кесири жүрүүгө мүмкүнчүлүк болбой калат экен. Мисалы, Нарында же Баткенде кетмен чаап жаткан дыйкан же фермер кечинде интернетти ачып караса депутат Жанар Акаев Грецияда эс алып жүрөт дегенди көрсө кыжырданса керек.

Суроо: 2 аялдуулукка уруксат берүү боюнча мыйзам сунушталганы жатат. Сунуш парламентке барса колдойсузбу?

Жооп: Колдобойм. Бул ойго караманча каршымын, Кыргыз жеринде буга жол берилбеши керек. Эркектер үй-бүлөсүн, 1 аялды жакшыраак багышы керек. Бир үй-бүлөнү бардык жактан камсыздап, шартын түзүп койгон эркектерди көрө элекмин. Кыргыз жеринде 2 аялдуулуктан башка да олуттуу маселелер толтура. Депутаттар бул мыйзамга жол бербейт деп ойлойм.

Суроо: Бир көрүп сүйүп калууга ишенесизби?

Жооп: Романтиктер үчүн болсо керек. Бир көрүп сүйүп калуу эмес, жактырып калуу деген болсо керек. А сүйүү деген абдан олуттуу нерсе да. Келинчегимди бир көргөндө жактыргам. Сүйлөшүп жүрдүк, бири-бирибизди таанууга, билүүгө убакыт жетиштүү болду.

Суроо: "Балашка" менен "Аташканын" мамилеси кандай?

Жооп: "Балашка" деген атоого мен такыр таң калган жокмун. Ал кишинин жанында иштеп калган адам катары бул кайрылууну президент мага карата гана колдонгон дегенден алысмын. Саясаттагы бардык эле жаш балдарды "балашка" деп атап кайрылып койгон учурлар көп эле болот. Азыр эми мамилем жакшы эле, мурдагыдай деп деле айтпайм. Эми биз жаман-жакшы айтышкан деле жокпуз да.

Суроо: Президент "Акаевди эл шайладыбы же биздин артыбыз менен келдиби, аны кийинки шайлоо чечет" деп айткан эле. А кийинки шайлоого аттануу пландарда барбы?

Жооп: Президент мырза туура айтат. Себеби мен так билем, мына КСДП фракциясына жаштар келе жатат, жаңы муунду алып келе жатабыз деген жарнаманы кимдер пайдаланганын жакшы билесиңер. Мени бардык жерде бирдей кабыл алышат. Кайсы аймакка барбайын менин электоратым бар десем болот. КСДПдан болобу, башка партиядан болобу кайра аттануу планда бар.

Суроо: Өмүрбек Текебаев менен кандай мамиледесиз?

Жооп: Мамилем жаман эмес. Парламентте айрым маселелерди айтып чыксам Текебаевге жан тартып жатат деп чыгышты. Менде атайын партияга жан тартуу ниетим жок. Мен айтып эле жүрөм, Текебаевдин мамлекетке, демократияга, сөз эркиндигине кошкон салымы эбегейсиз. Ал киши азыр камакта жатат, ага карабай сырттан туруп жамандап, жыгылып жаткан кишини тепкилеп жатышат. Ал кишинин эмгегин баалап, сыйлап ала турган учур келет деп ойлойм. Текебаевдин жоктугу парламентте билинип жатат. Мисалы, өкмөт отчёт бергенде, өкмөт мүчөлөрү ал кишиден жалтактап турушчу.

Суроо: Парламентте добуштарды соодалоо фактыларына күбө боло алдыӊызбы?

Жооп: Жок, күбө болгон жокмун. Мурда ушундай бар деп айтышчу, ал парламенттин авторитетинен көз каранды. Мурда депутаттар бир нерсени чеччү, алар менен адамдар эсептешчү. Азыр парламенттин депутаттары ооп кетме, ыӊгайы келген жакка ооп кете берет. Каршы добуш берип, күрөшкөн депутаттар аз эле. Бийлик эмне десе аткарат. Мурункудай парламентке иши түшүп келип, суранчу заман азыр жок.

Суроо: Депутаттын айлыгы кантип куралат экен?

Жооп: Мен аны жашырбай так эле айтам. Мен жаңы мамлекеттик кызматкер болгон үчүн 30 миң сом. Айрым учурда жанагы депутаттардын бир айлыгы жабырлануучуларга бөлүнүп берилди дегенде 28-29 миңге чейин алган учурлар болот. Кээде айлыктан эч нерсе кармалбай берилсе 32 миңдей болот. Кээде региондорго иш сапар менен барганда же эл менен жолугушууларда жалпы депутаттардын 40 миң сомдук фонду бар. Ошондон билетке, күйүүчү май сыяктуу чыгымдарга жумшалат.

Суроо: Чет өлкөгө окууга келген грантты ачык-айкын айтсаңыз. Эл кантип тапшырса болот? Биздин балдар деле окугусу келет да...

Жооп: Бул туура суроо. Мен Венгрияга окууга чакыруу боюнча гранттар туура эмес бөлүндү деп айтып чыксам иштеген комиссия өздөрүнүн эле мүчөлөрүн Байкоочу кеңештин курамына киргизип коюшуптур. Кызыгып көрсөм, 25 квота берилсе студенттердин бирин дагы баарлашууга чакырбай туруп эле документтерине карап туруп жыйынтык чыгарып койдук дейт министрлик. Муну мындай орой айтканда коррупция десек болот. Мисалы, КСДПнын 1 депутаты кызын кошуп коюптур, бөлүм башчы өзүнүн кызын кошуптур, министрдин орун басары 1 кызын кошуп коюптур. Эми мен аларды билимсиз деп айтпайм, бирок 1 дагы тандап алуу өткөрүлбөйт. Биз эми муну бул боюнча калтырбайбыз. Нормалдуу мамлекетте булар мыйзамдын негизинде жооп бериши керек. Мунун баары ачык-айкын тандала тургандай учурга жетишебиз.

Суроо: Душка түшкөндө ырдайсызбы? Кайсы ырды көп ырдайсыз?

Жооп: Жок, мен душка түшкөндө ырдабайм көбүнчө ойлоном. Ырга шыгым жок. Караокеге барганда деле кол чаап угуп отура берем. Үнүм жок (Анткен менен депутат Жолдубай Кайыповдун "Атам менен энеме" ырынан обон салып берди).

Көрөрмандардан суроолор келип түшүүдө. Алай районунан кичинекей балакай депутатка бийлеп берүү тапшырмасын берди. Жанар Акаев кичинекей баланын суранычын аткарып, бийлеп берди.

Суроо: Депутат болуу үчүн эмне кылуу керек?

Жооп: Парламентке келиш үчүн биринчи кезекте элдин колдоосуна ээ болуш керек. Каражат бул экинчи маселе. Бирок, тилекке каршы, Кыргыз коомчулугунда акчасы бар адам гана депутат боло алат деген түшүнүк калыптанып калган. Шайлоонун баасын абдан кымбаттатып жиберишти. Себеби бай адамдар талапкерлигин коюп, бири-бирине атаандашып жатып кымбаттап кетти. Мисалы, айрым депутаттар бир мандаттуу округдан талапкерлик кылуу боюнча демилгелесекпи деп жатканбыз. Партияга кирсең мүмкүнчүлүктөр чектелип калат. Мен азыр партияга кирбей туруп деле депутат болууга мүмкүнчүлүгүм бар.

Суроо: Акыркы жолу качан келинчегиңизге гүл бердиңиз эле? Гүл тандоо боюнча кеңеш бере аласызбы?

Жооп: Келинчегим экөөбүз тең эле романтик эмеспиз. Акыркы учурда 8-мартта бергеним эсимде. Бир жакка бара жатканда деле гүл саткан дүкөндөргө кирип баланча ырчынын концертине барам же келинчегиме, апама ылайыктап тандап бериңиз деп жардам сурайм.

Суроо: Cоттук реформа жасалган жок, мурдагы бойдон калды деген пикирлер айтылып жүрөт. Соттук реформанын аягына чыкпай калганы эмне себептен деп ойлойсуз?

Жооп: Бийликтеги адамдар "соттук реформаны аягына чыгардык, абдан жакшы жашап жатабыз. Биздин жасаган ишти көрбөй жатышат" дешет. Парламенттен абдан чоӊ ажырымды байкадым. Бийликтегилер башкача, эл башкача ойлойт. Президент дагы "сотторду реформа кылдык, оӊдодук" деп чын жүрөгүнөн айтып жатпайбы. Сотко пара берген жарандар, соттор өздөрү деле муну укса күлсө керек. Кантип ушуну реформа деп атоого болот? Реформа дегенди Эстония, Грузия өӊдүү өлкөлөрдөн көрсөк болот. Реформа деп түп тамырынан өзгөртүүнү айтат. Биздикилер кичине бир нерсе жасаса эле реформа деп чыгышат. Бизде "жаман иттин аты Бөрү басар дегендей, эмне маселе болбосун реформа деп атап алышат. Реформа деген сөздүн тамтыгы чыгып бүттү, реформа деп сүйлөөдөн уялып калдык.

Реформаны ишке ашырууга азыркы бийликтин жөндөмү да, эрки да жетпейт. Булар таптакыр башка нерсе менен алек болуп жатышат. Бийликтегилердин көпчүлүгүнүн энергиясы адамдарды каралоого, жаманатты кылууга, бирөөлөрдү камоого жумшалууда. Кечинде сыналгыны карасаӊ, сөзсүз бир партияны жамандап жатканын көрөсүӊ. Элдер реформа, өзгөрүүлөр тууралуу жаӊылык көргүсү келет. Мындай жаӊылыктарды биз көрбөй калдык да. Керээлден-кечке саясат. Коррупция менен күрөш дейт, анысы да аягына чыккан жок.

Суроо: Кыргыз жериндеги сөз эркиндигинин азыркы абалын кандай баалайт элеӊиз?

Жооп: Бизде жалпыга маалымдоо каражаттары мындан да эркин болушу керек. Сөз эркиндигин муунтам деген адамдар азыр чет жерде баш калкалап жүрүшөт. Элдин эмгеги, эл өзү ыӊкылап кылып бизге сөз эркиндигин тартуулаган. Мамлекеттик телеканалдарды алалы, бир саясатчыга сот чечими чыга электе эле элге жамандап жатышат. Алардын өздөрүнө барып сиздин оюӊуз кандай деп сурашпайт. Мен эмне үчүн КСДП фракциясынан чыгарылдым, анткени сөз эркиндиги тарапта болдум.

Жанар Акаевге эркин микрофон берилди.

Чакырганыңыздарга рахмат. Көрүүчүлөргө айтып коюшум керек. Убадалардын үстүнөн иштөөдөн кайтпайбыз. Бардык суроо-талаптарга жооп берем. Эң башкысы жаштар аймакка, көчө-көчөгө, түндүк-түштүк, динчил-атеист болгон бөлүнүүчүлүктү калтырсак. Бардык көрүүчүлөргө аманчылык каалайм.


кошулду





Жанар Акаев: "Президенттин "сот системин реформаладык" дегенин укса соттор өздөрү күлөт"

Автор: Таттыбүбү Садырбекова, Автандил Добулбеков
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу, Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(27)
12.06.2017. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саламатсызбы жанра байке ишинизге ийгилик суроом томондогучо сизден кийинки шагиртериниз барбы же жаш кадырларды топтогонсузбу рахмат алдын ала
12.06.2017. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам
Президенттик шайлоого кимди колдойсуз
12.06.2017. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саламатсыздарбы? Айдоочулук куболук боюнча маселелер ЖКда каралабы? Россиядагы мекендештер сурап жатышат
12.06.2017. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Саламатсызбы. Менин суроом, Алдыдагы президенттик шайлоо таза отот деп ишенесизби, таза отот деп айта аласызбы, мисалы мен ишенбейм
12.06.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизге депутатар керек эмес эч кандай маселе чечишпейт мамлекетке пайдасынан зыйаны кобурок сиздин коз карашыныз кандай
12.06.2017. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оруссиядагы айдоочулук куболук боюнча кандай жардам бере алат экен, сурап билгилечи? Анткени Окмот кыргыз айдорчуларынын копчулугу орус айдоочулук куболугуно отушкон деп жанды кашайтып калп айтууда жардам беруунун ордуна. Россиядагы айдоочу мигрант мекендештерибиздин 90-95%ти кыргыз айдоочулук куболугу менен иштешет, алардын саны 50-70мин адамды тузот. Алардын тагдырын ойдогон бийликтен бироо жарым барбы жокпу?!!
12.06.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россия ЕАЭС келишимин бузуп, оз мыйзамдарын ЕАЭС мыйзамдарынан жогору коюп жатканы бизге тушунуксуз. Мен билгенден ЕАЭСке мучо олколор тен укуктуу жана ЕАЭСтин мыйзамдарына, келишимдерге баш ийиши керек эле. Эмнеге биздин Окмот, ЖК бул маселени чече албай жатат?!! Соз айдоочулук куболук боюнча журуп жатат.
CEO түзөттү 2017-06-12 15:38:15
12.06.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанар Ассаламу алейкум. СДПК корсоткон талапкер утпайт деп ойлойсунбу. Элде бийлик зордоп жатып озу корсоткон адамды президент кылат деген пикир жаралууда.
12.06.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдин копчулугу учурдагы ЖКти таратууну каалап турушат. Эгер ачык референдум болгондо элдин копчулугу ЖКти таратуу учун добуш беришмек. Жанар Акаевдин ою кандай бул темада?!
12.06.2017. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Салам Жанар, менин суроом: ушундай кичине мамлекетке 120 депутаттын кереги барбы, ушуну азайтып 60 депутат кылып койсо болбойбу, санан сапатка өтүп дегендей???
12.06.2017. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин суроом кагаз турундо калды окшойт
12.06.2017. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сандан
12.06.2017. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ток шоу болуп кетти го,ырдатып бийлетип
12.06.2017. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы Жанар мырза сизге суроом Садыр Жапаров жана Омурбек Текебаев куноолу деп ойлойсусбу алар ак болсо эмнеге акталбай жатат жана боинг кырсыгы тууралуу Атамбаевдин куноосу бар деп ойлойсбу
12.06.2017. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Токтогулдан суроо: 1.Сиз жума куну 2сааттык тыныгууга эмне себептен каршы чыктыныз? 2. Эмне алмашты ошол кундон ушул кунго дааватты жок кылууга каршы болдунуз? Тушунуксуз болуп жатат кыйынчылык болбосо жооп кутобуз
12.06.2017. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул жерде жазган суроонорго жооп бербесе керек.
12.06.2017. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Суроо бербей эле койуш керек экен супер инфо бербейт суролорду
12.06.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алоо жооп кутом
12.06.2017. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Саясатчыдан элдин койгойун сурап жатат эл ыр бийди ыряыдан сурайбыз
12.06.2017. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эмнеге журналисттер биздин суроолорду окубайт?! Анда эмне туз эфир деп элди алдайт, оздорунун суроолору менен бутуруп коюшса элден тушкон суроо окулбай?
12.06.2017. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өзү атайын даярдалган суроолор эле берилип башка эл берген суроолор берилбейт окшойт
13.06.2017. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Zire12, саламатсызбы? Кайталанган, мазмуну окшош суроолор берилбейт жана убакыт чектелүү болгондугуна байланыштуу, коногубуз бардык суроолорго жооп берип жетише алган жок.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-13 12:21:57
Медиа-портал
13.06.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Maxima, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Медиа-портал
13.06.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ailino, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
SUPER.KG видео
13.06.2017. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошо..Бийге кыстаган жери такыр жакпады да.Биякта туруп мен ынгайсыз абалда калдым!
SUPER.KG видео
13.06.2017. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
барынар туура айттынар,ач кенедей жабышып,тойдо аракка кыйнагандай эле болуптур.Жанар Мырза ойлонбонуз эл сизди туура тушунду деп ойлойм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: