"Ала-Тоо" ресторанындагы тамак-ашка уулангандардын экөө жандандыруу бөлүмүндө
"Ала-Тоо" ресторанында өткөн үлпөт тойдогу тамак-ашка уулангандардын экөө жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери Артур Буюклянов маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, оор абалда келгендердин бирөөсү жашы улгайып калган эне.
"Уулануу симптомдору менен кайрылгандардын арасында 2 жаран оор абалда ооруканага түшкөн. Жашы улгайып калган аял менен 8 жаштагы кыз учурда жандандыруу бөлүмүндө. Алар негизинен баш оору, жүрөк айлануу жана алсыздык симптомдору менен кайрылышкан", - дейт адис.
Белгилей кетсек, Бишкектеги "Ала-Тоо" ресторанында 30-март күнү өткөрүлгөн үлпөт тойдогу тамак-ашка уулангандардын саны 173 жаранга жеткени буга чейин кабарланган. Массалык ууланууга жол берген ресторан убактылуу жабылып, аны башкарган жеке "Датес" ЖЧКсынын жетекчисине 20 миң сом жана аталган мекеменин башкы ашпозчусуна 5 миң сом айып пул салынган.
“Ала-Тоо” ресторанындагы тойдо жүздөгөн адам тамактан ууланган





1 |