Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев: “Парламент менен өкмөт мамлекеттик карызды саясатка айлантып алды”
Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик карызы учурда 4,7 миллиард доллар. Каржы министри Адылбек Касымалиевдин маалыматына караганда, бул көрсөткүч ички дүң продукциянын (ИДП) 55,8 пайызын түзөт. Өкмөт "мамлекеттик карыз алуунун чегин ИДПга карата 70 пайызга чейин" деп бекитүүнү сунуштап жатат. Аталган демилге колдоо тапса, алдыда дагы ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чоң көлөмдөгү насыяларды алууга жол ачылат.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Карыздын дагы өсүшү өлкөбүздүн эгемендигине коркунуч жаратпайбы?" деген соболуна экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев жооп берди.
Сарыбаев карыздын көлөмүнүн өсүшүнөн коркпой, ал карызды эмнеге жумшадык, кайсы булактын негизинде кутулабыз деген маселени талкуулаш керек деген ойдо.
Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Эмил Токтошев, Эльвира Сурабалдиева, Төрөбай Зулпукаров жана эксперт Азамат Аттокуровдун пикири бул шилтемеде.
кошулду
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















