Бишкектеги дүң базарларда картошка менен пияздын баасы 8 сом. Эмгеги акталбай калган дыйкандар буга эмне дешет (репортаж)
Бишкектеги дүң базарларда картошканын баасы 8 сомдон 10 сомго чейин сатылууда. Ал эми таалада жана өлкөнүн ар кайсы аймактарында анын баасы болгону 5-6 сом гана болууда. Мындан улам базардагы дыйкандар эмгеги акталбай калгандарына нараазы.
Борбордогу "Сары-Өзөн" базарында былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл пияз, сарымсак жана картошка арзан сатылууда. Сатуучулар базарда сарымсактар чирип өтпөй жатканын айтса, картошка менен пияз быйыл эмгекти актабаганын, анын үстүнө сууктун эрте келиши үшүк жүрүү коркунучун туудуруп жатканын айткан дыйкандар өкмөт бир чара көрүп берсе деген ойдо.
Саида Абдраимова Нарын облусунун Кочкор районунан аталган базарга картошкасын сатуу үчүн келген. Анын айтымында, Кочкордо картошканын баасы 5 сомдон. Мындан улам аз да болсо акча болсун деген сатуучу түшүмүн КамАЗга жүктөп келип 8-9 сомдон сатып жатканын айтат.
"Быйыл түшүм арзан бааланып жатат. Алыскы райондон келип бул жакта сатып жатам, бирок өткөн деле жок. Анткени базарда картошка көп. Антейин десең, түшүм деле аз болду. Быйыл 1 гектардан 20 тоннадан түшүм алсак, былтыр 25-30 тоннадан кем эмес жыйналган. Чыгым акталган жок. Себеби биз сугатка, аны отогонго, кайра казганга киши жалдап иштетебиз", - дейт Абдраимова.
Ошол эле базарда тонналап пияздар өтпөй жатканын өз көзүбүз менен көрүп кайттык. Дүң баасы 8-9 сомдон. Сатуучулар бул баа өтө арзан экенин айтып баштарын чайкашат. Атайын пияз сатылган жерге барганыбызда кызыл каптарда жыйылган пияздар гана болбосо сатуучусу да, алуучу да жок.
Базарда көп жылдан бери сарымсак, пияз жана картошканы дүңүнөн алып, чеккене баада саткан Рахат айымдын айтымында быйылкы түшүмдөр башка өлкөгө экспорттолбой жатканын айтат.
"Баалардын түшүп кетишин мамлекет көзөмөлгө алса болмок. Анткени быйылкы жылы биздеги түшүм КМШ мамлекеттерине экспорттолгон жок да. Кайра бизге алып келинип жатпайбы? Анан кайдан кымбат болсун", - дейт ал.
кошулду
Бишкекте картошка, пияздын баасы 8 сом. Дыйкандар эмгеги акталбай калганын айтышат


Кара-сууда 20 сом картошка,Пияз.
Жаздын жамгыры, жайдын саратан аптабы, куздун суугуна карабай канча мээнет кылып, аягында жумшаган чыгымдарын кайтарып ала албаган дыйкандар канча?! Алардын жыл бою кошо эмгектенген балдарычы, кийими, курсактары?!!
Карапайым эл болсо кыйналып, арга кеткенде уй-булосун калтырып тентип иштеп журушкону менен иши жок... Эми дыйкандар да мигрант болсун, ансыз да жыл сайын мигрантиарыбыздын саны осуп келет, азайган учур боло элек. Бул да болсо Бийликтин оз элине болгон "камкордугунун" корсоткучу.....