super.kg logo

Өмүрбек Текебаевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктаганы кимдер келишти? (тасма, фоторепортаж)

 
Солдон оңго: Депутат Бахадыр Сулейманов, саясатчылар Камчыбек Ташиев, Эмилбек Каптагаев, Абдыганы Эркебаев, Жолборс Жоробеков, Исмаил Исаков
"Ата-Мекен" фракциясынын лидери - Алмамбет Шыкмаматов (калпакчан)
Саясатчы Феликс Кулов каалоо тилегин айтууда
Осмонакун Ибраимов баш болгон аксакалдар бата беришүүдө
Депутаттар Каныбек Иманалиев жана Умбеталы Кадыралиев
Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров жана экс-депутат Исмаил Исаков
Өмүрбек Текебаев Камчыбек Ташиев менен
Мурдагы депутат Болот Шер да ооруганына карабай саясатчыны куттуктап келди
Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары
Өмүрбек Текебаев укук коргоочу Динара Ошурахунова, БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева, экс-депутат Асия Сасыкбаева

Бүгүн, 22-декабрь күнү Бишкек шаарынындагы ресторандардын биринде саясий ишмер Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдык мааракесине карата иш-чара болуп өттү.

Ага саясатчынын партиялаштары, жакындары жана санаалаштары катышып, Текебаевдин кыргыз саясатындагы орду, эмгектери тууралуу сөздөр сүйлөндү. Мааракенин жүрүшүндө Өмүрбек Текебаевдин өмүр жолу чагылдырылган тасма көрсөтүлдү.

Ресторандагы иш-чарадан кийин катышуучулар Улуттук кардиология борборунда дарыланып жаткан саясатчыны куттуктоо үчүн барышты. Өмүрбек Текебаев аларды жылуу кабыл алып, куттуктап келгендерге ыраазычылыгын билдирди.

Мурдагы депутаттын 60 жашын куттуктап келген 30дай саясатчы Өмүрбек Текебаевге ден соолук каалап, эртерээк эркиндикке чыгышына тилектеш экенин билдирип, бата тилеп кайтышты.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев "Орусиялык ишкерден 1 миллион доллар пара алды" деп айыпталып, 2017-жылы камакка алынган. Жогорку Кеңештин 6 жолку депутаты бүгүн 60 жашка толду.






Текебаев Жээнбековдун “ырайым сураса, берейин” деген сөзүнө жооп кайтарды

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: