Тиматинин бекер таратылган бургерине барган депутаттар жана экс-депутаттар сынга кабылды




25-мартта орусиялык рэпер Бишкекте фаст-фуд саткан ресторанын ачып, элге бекер бургер таратты. Ал жерге Жогорку Кеңештин депутаттары Иса Өмүркулов, Марлен Маматалиев, Талайбек Масабиров, экс-депутат Ахматбек Келдибеков, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин мурдагы башчысы Равшан Сабиров барган.
Учурда интернет колдонуучулар социалдык түйүндөрдө саясатчылардын бул аракетин сынга алышууда. Айрымдары "бул азыркы эл өкүлдөрүнүн чыныгы жүзү", "чоңдорубуз кыйналып калышыптыр" деген сөздөрүн жазышса, айрымдары "депутаттардын бул кылганы уят, эл менен жолугушуу күнүңөрдү ушинтип өткөрүп жатасыңарбы?" деген сын сөздөрүн жазышкан.
Бек Маматкарим уулу деген интернет колдонуучу болсо: "Мен сыйлап урматтаган адамдар кадыр-баркын кетирип бул жерде эмне кылып жүрүшөт? Кыргыз өлкөсүнүн кадырын кетирип жатышат. Бир өлкөнүн ырчысы кичинекей бир тамактанчу жай ачса биздин үлкөн саясатчыларыбыз ал жерде кадырын кетирип эмне кылып жүрүшөт?", - деп сындаган.
Жогорку Кеӊештин депутаттары 25-марттан 29-мартка чейинки аралыкта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшөт. Бул үчүн Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынган.
Тиматинин бекер бургерине барган миӊдеген элдин арасында саясатчылар да болду



Дүйнөгө таанылган башка рэпер келсе эгер, 120 сынын баары баргыдай бул кетиште.