Президент: "Элди көчөгө чыгарып, бийликке кысым жасоо менен маселе чечем дегендер жаңылышат"
Президент Сооронбай Жээнбеков элди көчөгө чыгарып, бийликке кысым жасоо менен маселе чечем дегендер жаңылышат деген пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп жатып билдирди.
"Маселенин бардыгы мыйзам талаасында гана чечилет. Мамлекеттик органдар тигил же бул топтун кысымынын негизинде эмес, мыйзамдын чегинде иштейт. Бир күнүмдү текке кетирбей, элим ишенген, Кудай буюрган президенттик милдетимди мамлекетти оңдоого, баса белгилеп айтам, оңдоого жумшайм.
Эмдиги жылы парламенттик шайлоо болот. Шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн бирдей укуктар камсыз кылынат. Шайлоо эрежелери бир жыл мурда белгилүү болуп, андан кийин өзгөрбөйт. Зарыл болгон мыйзамдар алдын ала кабыл алынып, жалпыга маалым болот. Бардык партиялар оюн эрежелерин алдын ала билип, тең атаандаштык шартында шайлоого катышат. Партиялык системди өнүктүрүп, алардын арасында чыныгы саясий атаандаштык орнотмоюн, парламенттик демократияны өнүктүрө албайбыз деп белгилегим келет", - дейт президент.
Сооронбай Жээнбеков: "Элди көчөгө чыгарып маселе чечем дегендер жаңылышат"

