Грузиянын премьер-министри Кыргызстанга алгачкы ирет расмий иш сапары менен келди (видео)
Бүгүн, 11-июнда президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе Бишкекке расмий сапары менен келди.
Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, "Манас" эл аралык аэропортунан аны министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы жайгаштырылды.
Эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери Грузиянын өкмөт башчысы Кыргызстанга алгачкы ирет келгендиги маалыматта кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:49
2026-06-11
15:42
2026-06-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















