Памирден келген кыргыздардын учурдагы негизги көйгөйлөрү айтылды




Бүгүн, 22-майда Бишкекте памирлик кыргыздардын учурдагы көйгөйлөрү талкууланган тегерек стол өтүүдө.
Маалымат жыйынды Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова уюштурган. Ошондой эле бир катар министрликтин өкүлдөрү катышууда.
Депутат Аида Исмаилованын айтымында, бүгүнкү жыйындын максаты - памирлик кыргыздардын кандайдыр бир маселелерин угуп жана аны чечүүгө аракет кылуу.
Жыйынга жалпысынан төрт памирлик кыргыз катышууда. Аларга сөз берилгенде алгачкы болуп сүйлөгөн памирлик кыргыз Абдулваит Жээнбек уулу негизги көйгөйлөрдү айтып өттү.
"Биз бир айыл болуп жайгашып, балдарыбыз билим алып, окушса. Өзүбүз иштей ала турган жумуштарга кирип иштесек, өз үйүбүз болсо жакшы болмок", - деди Абдулваит Жээнбек уулу.
Кийинки болуп сөз берилген памирлик кыргыз негизги көйгөй бул памирде жашаган жердештеринин азайып бара жатканын баса белгиледи.
"Биз 11 үй-бүлө Нарын шаарына келгенбиз. Памирде дагы келебиз дегендер өтө көп. Мисалы, быйыл кыш оор болуп, малыбыз кырылып азыр ал жакта жашоо кыйындап жатат. Андыктан аларга жардам беришибиз керек. Өзүбүздүн салттарыбызды, билген өнөрлөрүбүздү да унутпай сактап калсак", - деди ал.
Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Алмаз Асанбаев памирлик кыргыздарга кайрылман статусу берилгенин айтат.
"Силер бул статус боюнча паспорт алганга укугуңар бар. Андыктан жумушка орношуп, иштеп мындан ары тиричилик кылып кетүүңөргө болот. Ал эми Афганистан эли силерди кетирбей кармап турууга кызыкдар. Анын себептери дагы көп. Мисалы, алардын жайытын кайтарып жатасыңар, силерге ылайыктап жолдор салынууда", - деди ал.
Ошондой эле өкүл памирлик кыргыздар Алай жергесине жайгашып турукташуусу жакшы жолдордун бири экенин да айтты.
Памирлик кыргыздар жер тилке сурашты. Аткаминерлер эмне дейт?








1 |