super.kg logo

Өлкөдөгү ири базарлардын өкүлдөрү журналисттерди такталган гана маалыматтарды таратууга чакырды

 

Өткөн аптада "Азаттыкка" "Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи" деп аталган видеоматериал жарыяланган. Бүгүн, 3-июнда ал маалыматты "Калп, такталбаган" дешип "Дордой", "Кара-Суу", "Мадина" базарларынын өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүштү.

Алар белгилегендей, маалымат жыйындын максаты - журналисттерди такталган маалыматтарды гана таратууга чакыруу.

"Мындай фейк маалыматтарды окуган, көргөн коомчулук ишкерлер кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттерди жасайт экен деген ойдо калат. Көрсөтүүдө Айэркен Саймаити деген адам жана "Абдыраз" ишканасы тууралуу сөз болуптур. Биз бул ишкананы да, Саймаитини да билебиз. Бирок аларга эч кандай тиешебиз жок. Көрсөтүү чыккандан кийин Саймаитиге байланышып, бул так маалыматпы деп сурадык. Ал тиешелүү документтердин баарын алып келүүгө убада берди.

Азыр болсо ортодо жөнөкөй эле эл - соодагерлер жапа чеккени турат. Дагы бир жагдай банктар эч качан мыйзамсыз акча которбойт, бардык операцияларда маалыматтар камтылат. Антпесе лицензиясынан айрылмак да", - деди маалыматтын жүрүшүндө ишкерлер менен кошо келген юрист Муса Бейшенов.

Ишкер Самат Абдурахманов өлкөдө стабилдүүлүк жок болсо башка мамлекеттер менен товар айландырып иштөө кыйын экенин белгиледи.

"Мурда кытай ишкерлери бизге алдын ала товар беришчү. Азыр болсо акчасын төлөй албай калат го деп чочулап жатышат. Бул Кыргыз өлкөсүнүн экономикасына терс таасир тийгизет. Миллиондогон адамдардын пенсия, айлыгы ишкерлер төлөгөн салыктан топтолорун эске алуу керек", - дешти маалымат жыйын өткөргөндөр.

Жогоруда аты аталган базарлардын өкүлдөрү "Азаттыкка" чыккан көрсөтүүдөн кийин аларга карата текшерүүлөр күчөп, айрым банктар акча которуудан баш тартып жатышканын да кошумчалашты. Бирок кайсы органдар жана кайсы банк экенин ачык айтышкан жок.






Ишкерлер: "Өлкөдөн ири суммада акча чыгарылды деген калп маалымат бизнеске терс таасирин берүүдө"

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
03.06.2019. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми ушуга бироо ишендиби уят Раим миллион акчаны алганын далилдеп жатат. Эх кайран кыргыз качан чынчыл бийликке жетет экенбиз. АША чалган богунду тазала эми
03.06.2019. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
senchi, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. БАН!
03.06.2019. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жон эле чоптун башы кыймылдабайта , чыгарылып кеткенда ошончо акча, акаев бакиевдер деле миллиондогон акчаларды алып кетишкен убагында, азыр кантип болбосун
03.06.2019. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Раим буларга акча толоп жиберишкенго
03.06.2019. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушларга ким ишенет эми булар жонеле биронун заказын аткарып жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: