super.kg logo

Спецназ Үсөнбек Ниязбековдун сөөгүн акыркы сапарга узатуу зыйнатына бир катар аткаминерлер келди

 

Бүгүн, 9-августта Бишкек шаарындагы 7-кичи райондо маркум спецназ Үсөнбек Ниязбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Ага маркумдун кесиптештери, дос, тууган, санаалаштары жана бир катар аткаминерлер келди.

Анын арасында УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, президенттин аппарат башчысы Досалы Эсеналиев, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков келип, Ниязбековдун жакындарына көңүл айтышты. Акыркы сапарга узатуу зыйнатында спецназдын апасы сөз сүйлөп, баласынын өлүмүнө себепкер болгондор жазасын алыш керек деген оюн айтты.

"Биз Атамбаевди алты жыл президент деп келдик. Эми уулум анын үйүнөн көз жумду" деди ал.

Маалым болгондой, Ниязбековдун артында 4 уулу, 2 кызы жана жубайы калды. Ал 7-августта Атамбаевди кармоо операциясында алган жаракатынан улам көз жумган. Маркумдун өмүр баяны бул шилтемеде.






Атамбаевди кармоо операциясында каза болгон спецназ Үсөнбек Ниязбеков жерге берилди

Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.08.2019. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаткан жери жайлуу болсун!!!
09.08.2019. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Миң наалат... Кырчындай өмүрүн алганга..
09.08.2019. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
6 бала жетим калды багаары жок,убалы кимге эми?
09.08.2019. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери жайлуу болсун.Билип билбей кылган куноолору болсо Алла кечирсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: