"Жыл тандоосу - 2019" эл аралык сынагында "Супер-Инфо" Кыргыз өлкөсүндөгү мыкты гезит" деп табылды
"Жыл тандоосу - 2019" сынагынын жыйынтыгы бүгүн, 11-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда чыгарылды. Кыргыз өлкөсүндөгү мыкты делинген товарлар жана кызматтар, компаниялар, басылмалар, теле-радиолор керектөөчүлөр жана эксперттер тарабынан тандалды.
2018-жылы да "Кыргыз мамлекетиндеги номур биринчи гезит" деп табылган "Супер-Инфо" гезитинин директору Шайиста Шатманова бул ийгилик эмгек жамааттын жана окурмандардын жеңиши экенин белгиледи.
"Биздин гезит эл аралык "Жыл тандоосу" сынагында кайрадан "Кыргыз өлкөсүндөгү мыкты гезит" деп табылды. Учурда өлкөдөгү маалымат мейкиндигинде өтө көп массалык маалымат каражаты бар. Ошолордун арасынан кайрадан мыкты, номур биринчи деп аталуу, албетте, сыймык.
Бул биздин эмгек жамааттын жана окурмандардын эмгеги, жеңиши. Жыл тандоосу эл аралык сынагынын уюштуруучуларына жана, албетте, окурмандарыбызга ыраазычылык", - деди Шатманова.
Гезиттин башкы редактору Автандил Добулбеков эл аралык сыйлыкты алуу чоң сыймык экенин айтат.
"Мындай сыйлык алганыбыз чоң сыймык. Анткени биздин 1 жыл бою кылган эмгегибиз бааланып "2019-жылдын мыкты гезити" наамына татыды. Эмгек жамаатка, окурмандарыбызга рахмат!" - деди Добулбеков.
Эл аралык "Жылдын тандоосу" долбоору Кыргыз өлкөсүндөгү белгилүү жана сапаттуу товарларды жана кызматтарды жайылтуу үчүн жыл сайын өткөрүлөт. Долбоордун башкы максаты - белгилүү бир товардын же кызматтын сапатын жана популярдуулугун бирдиктүү баалоо болуп саналат. Баалоо керектөөчүлөр жана дасыккан эксперттер тарабынан жүргүзүлүп, ар бир номинация боюнча лидерлер тандалат.
"Жылдын тандоосу" долбоору эл аралык макамга ээ жана ар жыл сайын Украина, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргыз өлкөсүндө өткөрүлөт.
кошулду
“Супер-Инфо” кайрадан №1 гезит аталды

Мен билгенден азыр баары эле "Сканворд "болуп кеткен го!!Айткандай анан "Каттама" болчу эле.