super.kg logo

"Сүрөткө тартпачы, байке, баарыбыз мусулманбыз" деп бир күндө таанылган Бекболот: "Мага интернет жылдызы болгон жакты, баары мен жөнүндө сөз кылып жатат" (маек)

 

Дюшес ичип отурган 1-класстын окуучуларынын видеосу тез арада интернет айдыңына тарады. Анда видеого тарткан жигит балдарды сөзгө тарткан. Окуучулардын бири "Ар бирибиз мусулманбыз, сүрөткө тартпачы, байке. Дюшести карызга алдык эле. Ошону төлөп коёсузбу?" деген сөзү үчүн интернет жылдызына айланды. SUPER.KG порталы куйкум сүйлөгөн Бекболот Бактыбеков жана анын атасы Чолпонбек менен баарлашты.

- Чолпонбек мырза, саламатсызбы? Өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз... Видео кайсы жакта тартылган?

- Саламатчылык. Биз Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Балбай баатыр айылынан болобуз. Атым Чолпонбек, жашым 54тө. Айылда унааларды оңдоп-түзөө, ширетүү иштерин кылам.

- Уулуңуздун видеосу интернет айдыңына тарап, коомчулукта талкуу жаратууда. Видеону сиздер качан көрдүңүздөр?

- Кечээ видео тартылганын, интернетке тараганын жанымда жүргөн балдар айтышты. Башында видеону көрүп кичине капа болдум. Анткени буга чейин деле баламдын азан чакырып жаткан видеосун таратып жиберишкен эле. Аны өчүртүп чыккам. Эми кайра минтип экинчи ирет видеосу чыгып кетти.

- Кичинекей баланын "Баарыбыз мусулманбыз" деп айтканы да кызык угулат экен...

- Мен ага сөз деле үйрөтпөйм. Болгону намаз окуганды үйрөтөм. Ал өзү көргөн-укканын айтса керек.

- Уулуңуз видеодогудай ачык мүнөзбү?

- Ооба, балам жашоодо деле ушундай ачык мүнөз, жайдары, сөзгө чечен. Үйдө деле шатыра-шатман жүрөт.

- Видеодон кийин айылда Бекболот тууралуу кеп-сөз болуп жатса керек?

- Ооба, бүгүн мектепте ата-энелер чогулушу болду. Ал жакка барсак баламдын видеосу тууралуу да сөз кылышты. Жаман деп деле айтышкан жок. Болгону, видеого тарткан адамды жөнгө салып койгула дешти.

- Видеону тарткан баланы тааныйсызбы? Аны менен сүйлөштүңүзбү?

- Ал биздин айылдагы дүкөндөргө товар ташыган башка айылдык бала экен. Ким экендигин тааныбайм. Бирок аны табышты. Жанымдагылар ага чалып чакыртабыз деп жатышат.

Чолпон мырзадан соң интернет жылдызга айланып, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Бекболотту сөзгө тарттык.

- Бекболот, кандайсың?

- Жакшы, рахмат. Сиз кимсиз?

- Мен Бишкектен чалып жатам. Сенин катышууңдагы видео интернетке тарап, көпчүлүк сени сөз кылып жатат. Өзүңдү тааныштыра кетпейсиңби?

- Жакшы болот. Мен 7 жаштамын, 1-класста окуйм. Мектепте жакшы окуйм, бирок жазган жагынан кичине начар болуп жатат. Келечекте молдоке болгум келет.

- Интернетке тараган видеону көрдүңбү? Ал кандайча тартылып калды?

- Мурунку күнү (ред. 26-февраль) cабактан келатып дүкөндөн дюшес алып, балдар менен ичип отурганбыз. Видеону тарткан байке дүкөнгө келген болчу. Артыбыздан келип тартып алды го. Тартпагыла деп деле айткам.

- Дайым эле дүкөндөн ошентип жаздырып аласыңарбы?

- Ооба, дайым эле алабыз. Кээде карызды атам төлөп коёт, кээде өзүбүз төлөп калабыз.

- "Девушкам" деген классташың Аэлита видеону көрүптүрбү?

- Ал деле көрсө керек. Аны сурай элекмин. Бирок ал менден качып жүрөт, кээде менден уялып калат да. Бүгүн мектепте барсам толтура киши интернетте жүрөсүң деп айтышты. Өзүмдүн телефонума да WhatsApp аркылуу видеону көбү жөнөтүп жатышат.

- Интернет жылдызы болгон жактыбы?

- Ооба, жакты. Баары эле мен жөнүндө сөз кылып жатышат.

- Рахмат, Бекболот, маегиңе. Келечегиң кең болсун!






"Байке телефонго тартпа, баарыбыз мусулманбыз" деген окуучу бала күлкү жаратты

Дюшес ичип, куйкум сүйлөгөн Бекболот: “Девушкам менден уялат“

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(16)
28.02.2020. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Точно молдоке боло турган бала экен
28.02.2020. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
"балдар менен ичип отурганбыз" . Хе хе. Эмкилер тын
28.02.2020. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Антип жаштарыбызды диний коз карашта тарбиялабайлык. Светтик билим менен жаштарыбыздын дуйно таанымын кенейтуу зарыл. Мусулмансынбы же христянсынбы, эн биринчи адам экенинди унутпа.
01.03.2020. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Mirlan27011987,динге ишенбеген адамдын билими жок деп эсептейм анкени эгер науканы кичине эле теренирек изилдесен азыркы жана ушуга чейин болгон научный открытиелердин баары эчак эле ыйык Куран китебинде жазылган.кенеш доказательство кааласан микробиология наукасынан ' строение и функции клеток организма' деген темада статьяларды окуп видеолорун корсон кичине болсо да эсине келесин.
28.02.2020. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайра-кайра көрүп тажабадым,молдоке боло турган бала экен.
29.02.2020. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Лично кызыктуу эчнерсе көрө албадым!?Азыркы жаштардын тарбиясы ушул беле
29.02.2020. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Видеого тарткан бала деле эч жаман ою жок,кичине балдардын ынтымакта бир дюшести божурашып болуп ичип жаткандарына ичи жылып тартып коюптур,эми аны жазалайбыз ж.б деген оюнардан кайткыла...
Бекболот бактылуу болсун,кыргызымдын тын жигиттеринен болсун! Оомийин..
01.03.2020. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Nur777, ата энесинин уруксаты жок тартып таратканга болбойт жашы жетелек балдарды
29.02.2020. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Видеого тарткан жигиттин эмне киноосу бар тан калдым, башка жумушунарЖокпу ал кызык болгон ошон учун тартып койду,негизи эле кичинекей балдар Оздорун чон алып журсо квзыктуу корунот да сырттан караганда
29.02.2020. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаштардын светтик билим менен чонойтолук.
29.02.2020. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Туура жазалайбыз дешип алыптыр. Уят ошондой кадамынар.
29.02.2020. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эки тарабы бар экен бул видеонун. 1. Балдар чогулуп алышып «ичип» олтурушканы оздору айткандай бир аз кызык корунуш... Келечекте кандай болушат, дюшес «озгочо» ичимдикке айланбайт бекен деп созсуз ойлонбой кое албайсын... 2. Баарыбыз эле «мусулманбыз» го тартпаныз дегендери корсотпой кайсы бир чекте жашыруун иш кылса болот деген тушунук уже наристе балдарда калыптанып бутуптур... Кантсе да балдардын келечеги кен болсун!!!
29.02.2020. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Позитиввв
29.02.2020. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Колдуктор негизи тын келишет!
01.03.2020. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгер жаш балдарыбыз диний коз караш менен ушундай ой жугурто беришсе, анда жакынкы аралыкта балдарыбыз таза эле арабташып, мугалимдерди эмес, молдолорду ээрчип калат экен да.
02.03.2020. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала да, азыркы шумдугу жакты. Бирок, "молдоке" болом дегени бир аз башкача угулат. Озу учун уйронсо болот, молдоке кесип эмес экенин ата-эне уйротуу керек. Жаш баланын озунун акылы жете элек мезгилде туура эмес уйроткону кийин озу уйронуп алат. Жаш балдардын мечитке баруусуна мен каршымын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: