Пермь: Комадан чыккан Тимур Бекмансуров жазуу түрүндө сүйлөшө баштады
Пермь мамлекеттик университетинде ок чыгарып, 6 адамдын өмүрүн кыйган жан кечти Тимур Бекмансуров жазуу түрүндө адамдар менен байланыша баштады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Бекмансуров тамагына жасалган операциядан улам азырынча сүйлөй албайт. Бирок жазуу түрүндө байланыша баштады. Дарыгерлер жакынкы арада аны жандандыруу бөлүмүнөн кадимки палатага которууну пландап жатышат. Андан ары Москвадагы "Матросская тишина" тергөө абагына жеткирилери кабарланды.
Буга чейин, 24-сентябрда Бекмансуров комадан чыгып көзүн ачканы маалымдалган.
Эске салсак, Пермдеги университеттеги каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү орун алган. Анда Тимур Бекмансуров аттуу юридикалык факультеттин 1-курсунда окуган студент 12 калибрдүү куралы менен окуу жайга кирип келип, бир канча жолу ок аткан. Анын огунан улам 6 адам каза таап, ондогон жаран жаракат алган. Полиция кызматкерлери Тимур Бекмансуровду жарадар кылып колго түшүрүшкөн.
Дубайда кыргыз кыз ымыркайын өлтүрүүгө айыпталууда


1 |