Трамп Куба эки жол менен басып алынышы мүмкүн экенин айтты
АКШнын президенти Дональд Трамп Куба келишим түзүүдөн баш тарта берсе, аны душмандык басып алуу күтүп турганын айтты. Бирок ал басып алуу достук мүнөздө да болушу мүмкүн экенин кошумчалады.
Чет элдик басылмалар Трамп бул билдирүүнү Флоридадагы басма сөз жыйынында жасаганын жазышты.
"Бул достук басып алуу болушу мүмкүн. Же мүмкүн эмес. Же алар келишим түзүшөт, же биз муну оңой эле жасай алабыз",- деген америкалык лидер.
Президент Кубада энергия да, акча да жок экенин белгилеп, "алар азыр абдан оор гуманитардык кырдаалда" деген.
Айта кетсек, 7-мартта Трамп АКШ Ирандагы аскердик өнөктүгүн токтоткондон кийин Кубада чоң өзгөрүүлөр болорун айткан. Ага чейин, 6-мартта Трамп Куба АКШ менен келишим түзгүсү келерин билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:31
2026-06-04
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















