super.kg logo

Израил менен Ливан ок атышууну токтотууга макул болушту

 

Израил менен Ливан ок атышууну токтотууга макул болушту. Эки өлкөнүн делегацияларынын төртүнчү жолку сүйлөшүүлөрү 2-3-июнь күндөрү өткөн.

"АКШ ортомчулугу менен өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Израил менен Ливан ок атышууну токтотуу режимин ишке ашыруу боюнча макулдашты. Тынчтык келишиминин күчүнө кириши “Хезболла” кыймылынын ок атууну толук токтотуусуна жана анын өкүлдөрүнүн Литани дарыясынын түштүк тарабындагы аймактан чыгарылышына байланыштуу",- деп айтылат АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматында.

Тараптар ошондой эле Ливандын куралдуу күчтөрү гана көзөмөлдөй турган өзүнчө аймактарды түзүүнү тез арада баштоону макулдашты.

Мындан тышкары, 22-июндан тартып ар тараптуу келишимге жетишүү максатында АКШнын ортомчулугу алдында саясий жана аскердик диалог кайра жандандырылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: