Иракта эки мунай танкерине кол салуу болду
12-мартка караган түнү Ирактын Басра шаарынын аймагында эки мунай танкерине кол салуу жасалды. Кол салуудан кийин кемелерден өрт чыгып, 38 адам куткарылды, бирок экипаждын бир мүчөсү каза болгонун чет элдик басылмалар жазышууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча, танкерлерге миналанган кайыктар менен чабуул коюлган. Окуядан кийин Ирактын айрым мунай терминалдары ишин убактылуу токтотту.
АКШ менен Изарилдин Иранга жүргүзгөн аскердик операциясынын фонунда дүйнөлүк биржаларда мунайдын баасы өсүп, бир баррели 100 долларга жетти. Ирандын армиясы мунайдын баасын жасалма кармап туруу мүмкүн эмес экенин билдирип, ал 200 долларга чейин жетиши мүмкүн экенин эскертти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















